ТоктомКүчүндө

Жоош айылдык кеңешинин 2012-жылдын 24-марты №19/1 «Жоош айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция24.03.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу району Жоош айылдык кеңешинин кезектеги ХХ-сессиясы (төртүнчү шайланган)

 

2012-жылдын 24-марты №19/1

Жоош айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобонун V бөлүгүнүн 34-пунктуна ылайык Жоош айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча эсептоо комиссиясынын 2012- жыл 24-мартындагы протоколу бекитилсин.

2. 2012-жылдын 24-мартындагы эсептоо комиссиясынын протоколунун негизинде Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Козуев Абийбилла Самидинович шайланды.

 

Жоош айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

А. Утуров