Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-марты №18/2
Жоош айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкер көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 48-49-беренелеринин, "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартибин жөнүндөгү" Жобонун жана депутаттардын Жоош айылдык Кенешинин регламентине ылайык депутаттар тарабынан сунушталган талапкерлерди талкуулап Депутаттардын Жоош айылдык Кенешинин кезексиз XVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 48-49-беренелеринин, "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартибин жөнүндөгү" Жобонун жана депутаттардын Жоош айылдык Кенешинин регламентине ылайык Жоош айыл өкмөтүнүн башчылыгына Карабаев Карыбек, Көзуев Абийбилла, Гайыпов Абдыкарлардын талапкерлиги көрсөтүлсүн.
2. Бул токтом Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Кадыров |