ТоктомКүчүндө

Жоош айылдык кеңешинин 2012-жылдын 13-мартындагы №18/2 «Жоош айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкер көрсөтүү жөнүндө» токтому

Редакция13.03.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жоош айылдык кеңешинин кезексиз ХVIII-сессиясы (төртүнчү шайланган)

 

2012-жылдын 13-марты №18/2

Жоош айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкер көрсөтүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 48-49-беренелеринин, "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартибин жөнүндөгү" Жобонун жана депутаттардын Жоош айылдык Кенешинин регламентине ылайык депутаттар тарабынан сунушталган талапкерлерди талкуулап Депутаттардын Жоош айылдык Кенешинин кезексиз XVIII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 48-49-беренелеринин, "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартибин жөнүндөгү" Жобонун жана депутаттардын Жоош айылдык Кенешинин регламентине ылайык Жоош айыл өкмөтүнүн башчылыгына Карабаев Карыбек, Көзуев Абийбилла, Гайыпов Абдыкарлардын талапкерлиги көрсөтүлсүн.

2. Бул токтом Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

 

К.Белекбаев атындагы

Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы

 

М.Кадыров