Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-октябры №6
Отуз-Адыр айылдык аймагындагы муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентярындагы №571 токтому менен бекитилген муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары тууралуу Типтүү Жобону аткаруу максатында Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагындагы муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссия түзүлсүн жана анын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнү Типтүү Жобонун негизинде жүргүзүү жагы Отуз- Адыр айыл ѳкмѳтүнүн Башчысы Базибай уулу Асанбекке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(С. Атамбиев)
Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин төрагасы |
О. Айдаров |
| Айылдык кенештин кезектеги Х-сессиясынын (4-чакырылыштагы) №6 токтомуна тиркеме |
Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиянын курамы
1. Зикиряев Т-аксакалдар сотунун торагасы
2. Сатаров Ш-раймамкаттоо башкармалыгынын адиси
3. Рыскулов Р-райархитектура башкармалыгынын адиси
4. Бакиров С-айылдык кенештин депутаты
5. Атамбиев С- айылдык кенештин депутаты
6. Ташиев М- айылдык кенештин депутаты
7. Бектемиров М- айылдык кенештин депутаты
8. Базарбаев Т-айыл окмотунун жер адиси-башкы адис
9. Аббосова Ж-окмоттук эмес уюмдан
10. Мустапакулов А-айыл башчы
11. Сулекеев А- А-айыл башчы
12. Абжапаров Т- А-айыл башчы
13. Нышанбаев С- А-айыл башчы
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы |
А. Зикиров |