Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-июлу № 2
Отуз-Адыр айыл округундагы «Машрап-Сай» дарыясындагы карьерлердин пайдаланылышы жөнүндө
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жер адиси Т. Базарбаевдин «Машрап-Сай» дарыясындагы карьерлердин пайдаланылышы жөнүндөгү отчетун угуп чыгып жана жогорудагы карьерлерди натыйжалуу пайдалануу максатында Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл округундагы «Машрап-Сай» дарыясындагы карьерлер боюнча келишимдерди, ижара акыларын тактоо комиссиясы түзүлсүн. (Тиркеме тиркелет)
2. Ижарачылар менен жогорудагы маселелер боюнча иш алып баруу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жер адиси Т. Базарбаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына (Б. Жээнбекова) милдеттендирилсин.
Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин төрагасы |
О. Айдаров |
Отуз-Адыр айыл округундагы «Машрап-Сай» арыясындагы карьерлер боюнча келишимдерди, ижара акыларын тактоо комиссиясынын курамы (№ 2 токтомго тиркеме
1. Базибай уулу Асанбек-айыл өкмөттүн башчысы, комиссиянын төрагасы
2. Айдаров Омар-айылдык кеңештин төрагасы, комиссиянын мүчөсү.
3. Жээнбекова Базар-айылдык кеңештин төрагасынын орун басары, комиссиянын мүчөсү
4. Атамбиев Сыдык-айыл чарба иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы, комиссиянын мүчөсү
5. Эрмеков Эркин-депутат, комиссиянын мүчөсү
6. Базарбаев Төлөнбай-айыл өкмөттүн жер адиси, комиссиянын мүчөсү
7. Төрөмурзаев Тариэл-айыл өкмөттүн турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси, комиссиянын мүчөсү.
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы | А. Зикиров |