Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-июлу №10
«Аска» АК карызынын эсебинен өндүрүлгөн 12913 м2 жер тилкесин түз сатуу боюнча комиссияны түзүү жөнүндө
КРдин Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Типтүү Жобонун 3-беренесинин 7-пунктуна жана 5-беренесинин 60-пунктуна ылайык, Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн пайдасына Ош областынын райондор аралык сотунун Иш № ЭД-005-42/99-МО Аныктамасынын негизинде «Аска» АК бар мүлкүнөн 2660193 сомду өндүрүү үчүн Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КРдин Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Типтүү Жобонун негизинде №1 тиркеме боюнча комиссиянын курамы бекитилсин.
2. Комиссия Отуз-Адыр айылдык кеңешинин «IV шайланган» кезексиз VII сессиясынын 19-март 2012-жылдагы №1 токтомун аткарууга алып, «Аска» АКсынан карыз өндүрүү максатында аталган Типтүү Жобонун негизинде түз сатуу боюнча иш-чараларды иштер чыксын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (С. Атамбиев) жүктөлсүн.
Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин төрагасы |
О. Айдаров |
| № 1 тиркеме |
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Типтүү Жобонун негизинде түзүлгөн комиссиянын КУРАМЫ
1. Торомурзаев Т-Айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаал боюнча башкы адиси
2. Саттаров Ш-Кара-Суу районунун Мамкаттоо башкармалыгынын адиси.
3. Рыскулов Р-Кара-Суу районунун архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын адиси
4. Нышанов С-Айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси
5. Маликов Т-Айыл өкмөтүнүн укуктук маселелер боюнча юристи
6. Атамбиев С-Айылдык кеңештин депутаты
7. Ташматов Э–Айылдык кеңештин депутаты
8. Аббосова Ж-Өкмөттүк эмес уюмдун жетекчиси
9. Кадырова Ж-Отуз-Адыр айылдык округунун аялдар кеңешинин төрайымы
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин сессиясынын катчысы |
А. Зикиров |