Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 39
Ош шаарынын мэриясынын алдындагы географиялык жана мамлекеттик маанидеги объекттерди атоо жана аталыштарын өзгөртүү атуулдардан, жамааттардан келип түшкөн кайрылууларды, арыздарды кароо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын «Ош шаарындагы географиялык жана мамлекеттик маанидеги объекттерди атоо жана аталыштарын өзгөртүү боюнча, атуулдардын жана эмгек жамааттардын кайрылууларын, арыздарын кароо боюнча» комиссиянын курамын бекитип жана Ош шаардык Кеңешинин эки депутатын макулдугу менен комиссиянын курамына киргизип берүү жөнүндөгү 2012-жылдын 29-августундагы 62/08-5 сандуу катын карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун №7-токтомун ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. «Ош шаарындагы географиялык жана мамлекеттик маанидеги объекттерди атоо жана аталыштарын өзгөртүү боюнча, атуулдардын жана эмгек жамааттардын кайрылууларын, арыздарын кароо боюнча» комиссиясынын курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин (№1-тиркеме тиркелет).
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т.Сабиров
|
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 18-декабрындагы кезектеги V сессиясынын №39-токтомуна №1-тиркеме |
«Ош шаарындагы географиялык обөекттерди атоо жана аталыштарын өзгөртүү боюнча атуулдардын жана эмгек жамааттардын кайрылууларын, арыздарын кароо боюнча», комиссиянын курамы
Мирзаматов Р.М. –Ош шаарынын вице-мэри, комиссиянын төрагасы;
Казиев А.К. –Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Ашырбеков И.Р. - Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын бөлүм башчысы, комиссиянын катчысы;
Комиссиянын мүчөлөрү:
Сасыкбаев З.М. – депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси;
Пазилов К.А. - Ош шаардык Кеңешинин депутаты;
Нурбаев А.М. - Ош шаардык Кеңешинин депутаты;
Калмаматов Б.А. - Ош шаардык Кеңешинин депутаты;
Өмүрзакова Т. - Ош шаардык Кеңешинин депутаты;
Бекенов И.А. - Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
Сатыбалдиев Р.С. – Ош шаардык маданият башкармасынын башчысы;
Баетов Н.Б. - Ош шаардык мамлекеттик архитектура курулуш башкармалыгынын башчсы;
Акжолов А.П. – Ош шаардык билим берүү башкармасынын башчысынын орун басары;
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
З. Сасыкбаев
|