Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 40
«Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча келип түшкөн материалдарды, сунуштарды кароо боюнча комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча келип түшкөн материалдарды, сунуштарды кароо боюнча комиссиясынын курамын бекитип жана Ош шаардык Кеңешинин эки депутатын макулдугу менен комиссиянын курамына киргизип берүү жөнүндөгү 2012-жылдын 29-августундагы 62/08-5 сандуу катын карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун №8-токтомун ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча келип түшкөн материалдарды, сунуштарды кароо боюнча комиссиясынын курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин (№1-тиркеме тиркелет).
2. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 8-октябрындагы №128-«Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча келип түшкөн материалдарды, сунуштарды кароо боюнча комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А. Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б. Матисаков).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы | Т.Сабиров
|
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 18-декабрындагы кезектеги V сессиясынын №40-токтомуна №1-тиркеме |
«Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча комиссиясынын курамы
Байгазаков А.Т. –Ош шаарынын биринчи вице-мэри, комиссиянын төрагасы;
Казиев А.К. –Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Абдыраимов И.Э. - Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси, комиссиянын катчысы;
Комиссиянын мүчөлөрү:
Пазилов К.А. – Ош шаардык Кеңешинин депутаты;
Алиев А.М. – Ош шаардык Кеңешинин депутаты;
Анарбаев С.С. - Ош шаардык Кеңешинин депутаты;
Алибаев Ж. – Кыргыз Республикасынын Эл артисти;
Бекенов И.А. - Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
Муратов Т.К. - Ош шаарынын мэриясынын шааркуруу, муниципалдык менчикти башкаруу жана туризмди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Ташыбаев К.Т. - Ош шаарынын мэриясынын социалдык-маданий өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси;
Алдакулов Т.А. – Ош шаардык «Ош шамы» гезитинин редактору;
Сатыбалдиев Р.С. – Ош шаардык маданият башкармасынын башчысы;
Сулуев А.Ш. – Ош шаардык социалдык жактан коргоо башкармалыгынын башчысы;
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
З. Сасыкбаев
|