Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 50
Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешине, Ош шаарынын атуулдарынан жана мекеме-уюмдардан келген жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2012-жылдын 7-сентябрындагы №9, 2012-жылдын 29-октябрындагы №10, 2012-жылдын 2-ноябрындагы №12, 2012-жылдын 29-ноябрындагы №13, 2012-жылдын 7-декабрындагы №14, 2012-жылдын 13-декабрындагы №15-токтомдорун эске алып, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2012-жылдын 7-сентябрындагы отурумунун №9-токтомунун негизинде 200,0 миң сом, 2012-жылдын 29-октябрындагы отурумунун №10-токтомунун негизинде 56400 сом жана 2012-жылдын 29-ноябрындагы №13-токтомунун негизинде 709400 сом акча каражаттарын бөлүп берүүгө №1-тиркемеге ылайык макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2. Орусия Федерациясынын «Тролза-Маркет» жоопкерчилиги чектелген коомунан алынган троллейбустардын баасынын орус рубльдан кыргыз сомуна которуу курсунун 551 620 сом өлчөмүндөгү акча каражатынын айрымасын Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 2012-жылдагы титулдук баракчасында кошумча каржылоо үчүн каралган акча каражатынын эсебинен бөлүп берүүгө жана Ош шаарындагы жаңы курулган №52-мектептин мугалимдеринин 2012-жылдын 1-сентябрынан 26-ноябрына чейинки 702300 сом эмгек акысын, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын 2012-жылдагы сметасында каралган акча каражаттарынын эсебинен төлөп берүүсүнө макулдук берилсин.
3. Ош шаарындагы борбордук базар менен Ош шаардык мэриясы биргеликте 2012-жылдын июнь айында түзгөн келишимдин негизинде аталган борбордук базарга берилген ссуда түрүндөгү 350,0 миң сом акча каражатынын калган 300,0 миң сом акча каражатын 2013-жылдын аягына чейин квартал сайын бөлүп төлөө шарты менен узартууга жана Ош муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасына 2012-2013-жылдардагы жылуулук мезгилине көмүр жана мазут отунун даярдоо үчүн берилген 15,0 млн. сом акча каражатын 2013-жылдын март айына чейин узартууга макулдук берилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана «Ош шамы гезитине жарыялансын (Б.Матисаков)
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Эргешов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|
| Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын V сессиясынын №50 токтомуна №1 тиркеме |
Бюджет, экономика жана каржы маселери боюнча турукту депутаттык комиссиясынын 2012-жылдын 7-сентябрындагы отурумунун №9-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражатынын тизмеси:
200,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын «Келечек» балдардын чыгармачылык борборунда жаңында түзүлгөн балдар студиясына техникалык жабдыктарды сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин 2012-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
Жыйынтыгы 200,0 миң сом акча каражаты.
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2012-жылдын 29-октябрындагы отурумунун №10-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражатынын тизмеси:
-56400 сом акча каражатын Баткен жана башка локалдык куралдуу кагылышууларынын катышуучуларынын Ош шаарындагы ардагерлер кеңешине офистик эмерек алуу үчүн жергиликтүү бюджетиттин бюджетик эсебинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
Жыйынтыгы 56400 сом акча каражаты.
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча турукту депутаттык комиссиясынын 2012-жылдын 29-ноябрындагы отурумунун №13-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражатынын тизмеси:
459400 сом акча каражатын Ош шаарынын 2012-жылдын бюджетинин калдыгынын эсебинен «Алай» футболдук клубуна анын ичинен -195,0 миң сом октябрь айындагы стипендия үчүн 177,0 миң сом 1-15 ноябрга чейин стипендия үчүн,87400 сом акча каражатын «Алай» футболдук клубуна календардык планы менен Бишкек жана Кант шаарларында өтүүчү мелдешке катышуу үчүн;
250,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну Баткен согушунун катышуучусу Б. Атабаевдин дарылануусу үчүн макулдук берилсин
Жыйынтыгы 709400 сом акча каражаты.
Баардыгы 965 800 сом акча каражаты
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
З. Сасыкбаев |