Загрузка документа…
СУЛУКТУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 31-декабры №2
Депутаттардын Сулукту шаардык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Сулукту шаардык кеңешинин регламентинин долбоорун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамдын 31-беренесинин 11-пунктунун негизинде депутаттардын шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Сулукту шаардык кеңешинин регламенти өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин (регламент тиркелет).
2. Депутаттардын Сулукту шаардык кеңешинин иштоо тартибин шаардык кеңештин регламентинин негизинде жүргүзүү жагы шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жана шаардык кеңештин жооптуу кызматкерлерине жүктөлсүн.
Депутаттардын Сулукту шаардык кеңешинин төрагасы |
К. Исмаилов |
| Депутаттардын Сулукту шаардык кеңешинин 31-декабрь 2012-жыл №2-токтомуна тиркеме |
ДЕПУТАТТАРДЫН СУЛУКТУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ
1. Жалпы жобо
2. Шаардык кеңештин компетенциясы
3. Шаардык кеңештиндепутаттарынын укуктары жана милдеттери
4. Шаардык кеңештин төрагасы
5. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары
7. Шаардык кеңештин ишин пландаштыруу
8. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары
9. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
10. Шаардык кеңештин депутаттык топтору (фракциялар)
11. Шаардык кеңештин сессияларын даярдоо
12. Шаардык кеңештин сессияларын өткөрүү тартиби
13. Шаардык кеңештин сессияларынын отурумдапрынын протоколдоштуруу
14. Шаардык кеңештин кабыл алган токтом, буйруктарынын аткарылышын уюштуруу жана көзөмөлдөө
15. Шайлоочулардын сын –сунуштары жана талаптары менен иштоо
16. Шаардык кеңешке келип түшкөн каттарды кароонун тартиби жана жарандарды кабыл алууну уюштуруу
17. Шаардын мэрин шайлоо
18. Корутунду
1.1. Депутаттардын Сулукту шаардык кеңешинин депутаттарынын сандык курамы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 23-беренесинин 3-пунктунун негизинде 31 кишиден белгиленет.
1.2. Депутаттардын Сулукту шаардык кеңеши шаардык кеңештин иштөө жана жонго салуу регламентин иштеп чыгуу менен аны бекитет.
1.3. Депутаттардын Сулукту шаардык кеңеши бардык маселелерди коллективдуу, эркин, ачык, таза иштиктүү талкуулоо менен анын натыйжасын депутаттарга, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнө сессияларда жана элдик жыйындарда билдирип туруу менен жүргүзөт.
1.4. Шаардык кеңештин депутаттары өз милдеттерин жана укуктарын коомдук башталышта өндүрүштүк же кызматтык иштерин жүргүзүү менен алып барат.
1.5. Шаардык кеңештин депутаттары өзүнүн иш аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», Депутаттардын шаардык Кеңешинин регламенти ж.б. Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарынын жана укуктук ченемдик актыларынын негизинде жүргүзөт.
1.6. Депутаттардын Сулукту шаардык кеңешинин регламенти кеңештин сессиясында бекитилип кабыл алынат. Регламентке өзгөртүүлөр жана тактоолор шаардык кеңеш тарабынан кеңештин төрагасынын, депутаттарынын туруктуу комиссияларынын жана депутаттардын демилгеси менен тийиштүү мыйзамдардын ченеминде киргизилет.
2.1. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын Конститциясынын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамдын 31-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде кароого жана алар боюнча чечимдерди, токтомдорду кабыл алууга укуктуу.
2.2. Шаардык кеңештин сессияларында төмөндөгүдөй маселелер каралып чечим чыгарылат.
- жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө.
- жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун журушу жөнүндө маалыматты угуу.
- аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо
- жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана женилдиктерди киргизүү,ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо.
- мыйзамдарда бекитилген шаар жерлерине салыктын базалык ставкаларынын чегинде шаар жерлерине салыктын жиктелген ставкаларын белгилөө.
- жергиликтүү жамаатын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муницпалдык менчиктин пайдаланышына контролдукту ишке ашыруу.
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетту угуу.
- мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
- жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү.
- тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында административдик - аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
- Кеңештин төрагасын жана орун басарын шайлоо аларды кызматтан бошотуу.
Кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу :
- шаардык кеңештин регламентин бекитүү :
- өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу :
- өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык санын жана түзүмүн бекитүү
-муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттуу тиричилик таштандыларын жыйгандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү.
- алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарды сатуунунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейин чектоолордү аныктоо.
- үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды кутуунун тартибин аныктоо.
- шаардын мэрин шайлоо
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте шаардын мэрине ишенбестик билдирүү:
- жергиликтүү жамааттын Уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечуу
3.1. Шаардык Кеңештин депутаттарынын укуктары, милдеттери, шайлоочулар, коомдук уюмдар жана мекеме, уюм ишканалар менен өз ара мамилелери, депутаттык суроо талаптары Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндөгү мыйзамынын, шаардык Кеңештин депутаттарынын регламентинин ж.б тийиштуу мыйзамдар менен аныкталат.
3.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 24-беренесинин 7-пунктунун негизинде жыл ичинде шаардык Кеңештин сессияларына жуйолуу себепсиз экиден ашык катышпаганда шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен депутаттык мандаты токтотулушу мумкүн. Депутаттар кеңештин сессияларына катышууга милдеттуу.
4.1. Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 37- беренесинин 1-пунктунун негизинде шаардык Кеңештин төрагасы шаардык Кеңештин сессиясында көпчүлүк фракциялардын депутаттарынын ичинен же көпчүлүк фракциялардын коалициясы аркылуу депутаттардын жалпы санынын копчулугунун жашыруун добушу менен шаардык Кеңештин ыйгарым укуктарынын моонотуно шайланат.
4.2. Шаардык Кеңештин төрагасы кызмат ордуна талапкер тийиштуу добуштарды албай калган учурда талапкерди корсотуунун жол жоболору Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамынын жана укуктук – ченемдик актылары менен аныкталат.
4.3. Шаардык Кеңешинин төрагасы акы толонуучу башка кызмат ордун ээлоого укугу жок.
4.4. Шаардык Кеңештин төрагасы
-шаардык Кеңештин жалпы ишин башкарат:
-шаардык Кеңештин кызматкерлерин жумушка алат жана иштен бошотот:
-шаардык Кеңештин финансалык маселелерин башкарат:
- шаардык Кеңештин сессияларын чакырат ;
- сессияларда торагалык кылат ;
- шаардык Кеңештин чечимдерине кол коет
- шаардык Кенеш тарабынан жуктолгон башка милдеттерди аткарат.
4.5. Шаардык Кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий отунуч жасайт.
4.6. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда шаардык Кеңештин төрагасы ээлеген кызматынан шаардык Кеңештин депутаттарынын учтон биринин демилгеси боюнча депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен моонотунон мурда бошотулушу мумкүн.
5.1. Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары сессияда шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттардын ичиден ачык добуш беруу менен шайланат.
5.2. Кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жокто же өзүнүн милдеттерин аткара албаган учурда анын ордуна иштейт.
5.3. Тораганын орун басары ээлеген кызматынан шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен, шаардык Кеңештин депутаттарынын учтон биринин демилгеси боюнча бошотулушу мумкүн.
5.4. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат
6.1 Шаардык Кеңештин жооптуу катчысы.
-шаардык Кеңештин жооптуу катчысы конкурстук негизде тандалып, эмгек келишими менен, төрагасынын буйругу боюнча ишке кабыл алынат.
-шаардык Кеңештин сессияларын, туруктуу комиссиялардын отурумдарын жергиликтүү жамааттардын жыйындарын даярдоону жана өткөрүүну уюштурат.
-шаардык Кеңештин сессияларында, Курултайларда жана элдик жыйындарда кабыл алынган чечимдердин, токтомдордун, шаардын Уставынын, шаардык Кеңештин регламентинин, Жоболордун жана башка укуктук ченемдик актылардын мыйзамдуулугун камсыз кылуу менен алардын аткарылышын камсыз кылат.
-шаардын тургундарынын инсандык, уй булолук жана мулк абалын ырастоочу чарба китебин жүргүзүүну уюштуруу жана алардын негизинде тийиштуу документерди мыйзам ченеминде жарандарга берууну көзомолдойт.
-шаардык Кеңештин аппаратынын жооптуу кызматкерлеринин иштерин уюштурат, аппараттык отурумдарды, окуу семинарларды иш пландардын негизинде өткөрүүну уюштуруу, шаардык Кенешке интернет (токтом сайт) аркылуу түшкөн Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамдарын, укуктук ченемдик актыларын апараттын жооптуу кызматкерлерине жана шаардык Кеңештин депутаттарына айына бир жолу билдирип турат.
-жарандардан түшкөн арыздарды, даттанууларды, кайрылууларды, сунуштарды Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамдарынын ченеминде карап жарандарга өз моонотундо жазуу түрүндө билдирет.
-шаардык Кеңештин кадрларынын документерин алып барат.
-мыйзамда белгиленген моонотто шаардык Кеңештин тийиштуу документерин мамлекеттик архивге өткөрүүну уюштурат.
-Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамдарында, укуктук ченемдик актыларында жана шаардык Кеңештин регламентинде көрсөтүлгөн жана башка иштерди аткарат.
6.2 Шаардык Кеңештин башкы адиси.
-шаардык Кеңештин башкы адиси конкурстук негизде тандалып, эмгек келишими менен, төрагасынын буйругу боюнча ишке кабыл алынат
-шаардык Кеңештин депутаттары менен иш жүргүзөт.
-шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын отурумдарында, шаардык Кеңештин сессияларында, жергиликтүү жамааттардын окулдорунун Курултайларында жана элдик жыйындарда каралуучу маселелерди даярдоого катышат.
-шаардык Кеңештин сессияларда, Курултайларда жана элдик жыйындарда кабыл алынуучу чечимдердин, токтомдордун, шаардын Уставынын, шаардык Кеңештин регламентинин, Жоболордун жана башка укуктук ченемдик актылардын долбоорлорун даярдоого катышат.
-шаардык Кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен болгон жолугушуусун уюштурат.
-шаардык Кеңештин сессияларында, Курултайларда, элдик жыйындарда, депутаттардын шайлоочулар менен болгон жыйындарында айтылган сын-сунуштардын аткарылышы боюнча иш чараларды тузуп анын аткарылышы боюнча жарым жылда бир жолу шаардык Кенешке билдируу берет.
-шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын иш кагаздарын алып барат.
-шаардык Кеңештин депутаттары, коомдук өзун-өзу башкаруу аймактарынын башчылары, ардагерлер, аялдар Кенештери, аксакалдар сотторунун иштерин уюштуруу боюнча жаш кадрларга практикалык методикалык жардамдарды уюштурат.
-Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамдарында, укуктук ченемдик актыларында жана шаардык Кеңештин регламентинде көрсөтүлгөн жана башка иштерди аткарат.
6.3 Шаардык Кеңештин жетектоочу адиси.
-шаардык Кеңештин жетектоочу адиси конкурстук негизде тандалып, эмгек келишими менен, тораганын буйругу боюнча ишке кабыл алынат
-шаардын аймагындагы коомдук өз алдынча башкаруу аймактары менен иш жүргүзөт
.-шаардын тургундарынын инсандык уй булолук жана мулк абалын ырастоочу чарба китебтерин жүргүзөт. Чарба китептеринин негизинде жарандарга берилуучу тийиштуу документерди даярдайт.
-шаардын жетекчилери менен коомдук өз алдынча башкаруу аймактарында жолугушууларды уюштурат, жолугушуулар жөнүндө тийиштуу документерди даярдайт, айтылган сын сунуштардын негизинде атайын иш чара иштеп чыгып анын аткарылышын көзомолдойт.
-турмуш шарты начар жардамга муктаж жарандарга коомдук өз алдынча башкаруу аймактарынын башчылары, шаардык социалдык өнүктүрүү болумунун кызматкерлери менен биргеликте арзан баада комур жана башка жардамдарды беруу боюнча сунуштарды даярдайт.
-шаарды корктондуруу, жашылдандыруу боюнча коомдук өз алдынча башкаруу аймактарынын башчылары, менен ниш жүргүзөт. Ишсиз жарандарды коомдук иштерге тартууну уюштурат.
-шаардын аймагында улгулуу кочо, улгулуу уй-було, улгулуу аймак жана башка конкурс сынактарды өткөрүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзөт:
-Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамдарында, укуктук ченемдик актыларында жана шаардык Кеңештин регламентинде көрсөтүлгөн жана башка иштерди аткарат.
7.1 Депутаттардын шаардык Кеңешинин иш пландары депутаттардын туруктуу комиссияларынын сунуштарынын негизинде Кеңештин жооптуу кызматкерлери тарабынан жылдын аякташына 10 күн калгандан кечиктирилбестен бир жылдык мөөнөткө түзүлөт жана бир айдын ичинде шаардык Кеңештин сессиясында талкууланып бекитилет.
7.2 Шаардык Кеңештин бир жылдык ишинин планы төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:
- шаардык Кеңештин сессиясынын отурумдарында каралуучу маселелер.
- мыйзам ченеминде депутаттар тарабынан сунушталган башка маселелер
-шаардык кеңештин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумдарында каралуучу маселелер ;
- уюштуруу-массалык иштер боюнча маселелер
-депутаттык суроо талаптардын аткарылышы боюнча маселелер
7.3 Иш планда көрсөтүлгөн маселелер боюнча токтомдордун долбоорлорун өз убагында сапаттуу даярдалышына тийиштүү туруктүү комиссиялар жана шаардык Кеңештин жооптуу кызматкерлери жооп берет.
7.4 Депутаттардын шаардык Кеңешинин келечектеги жана учурдагы пландарынын аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык Кеңештин жооптуу катчысы тарабынан жүзөгө ашырылат.
8.1 Депутаттардын шаардык Кеңеши шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын санын жана аларга караштуу маселелерди аныктайт.
8.2 Туруктуу комиссиялардын курамы фракциялардын лидерлеринин сунуштамалары боюнча алардын тен салмакттуу өкүлчүлүгүн эске алуу менен түзүлөт. Туруктуу комиссиялар өзүнүн ишинин негизи багыттары боюнча убактылуу комиссияларды түзө алышат
8.3 Туруктуу комиссиялардын курамын, төрагаларын жана алардын орун басарларын ачык добуш берүү менен сессияга катышып отурган депутаттардын копчулугунун добуш берүүсү менен шайланат.
8.4 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдын 21-беренесинин 5-пунктунун негизинде шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына азчылыктын фракциясынын депутаты шайланат.
8.5 Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары Кеңештин ыйгарым укуктарына таандык болгон маселелерди даярдоону жана кароону ошондой эле шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдорду, укуктук-ченемдик актыларды турмушка ашырылышын контролдоону жүзөгө ашырат
8.6 . Шаардык Кеңештердин туруктуу комиссияларынын курамына Кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
8.7 Туруктуу комиссиялардын жана Кеңештин төрагасынын сунушу боюнча туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн
8.8 Шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, аларды уюштуруунун тартиби жана туруктуу комиссиялардын иши ушул реглагламентин жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдык актылары менен аныкталат.
8.9 Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди жана башка жарандарды тартууга укуктуу.
8.10 Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелр боюнча тиешелүү токтомдорду кабыл алат
8.11 Депутаттардын шаардык Кеңешинде «Мыйзамдуулук, депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу», «Финансы жана бюджет», «Онор жай, экономика, инвестиция, коммуникация жана комуналдык иштер» боюнча «Билим берүү, маданият, жаштар, спорт мамлекеттик тил жана каада-салт», «Саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология» жана «Муниципиалдык менчик, курулуш жана архитектура» боюнча ж.б туруктуу комиссиялар түзүлүшу мумкүн.
8.12 Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары аймакта жайгашкан мамлекеттик уюмдар, мекемелер жана ишканалар менен байланышы Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамдары менен аныкталат.
9.1 Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары :
-Кеңештин кароосуна киргизилүүчү экономикалык, социалдык жана тиешелүү улуттук маданий өнүгүүгө байланышкан маселелерди даярдоого катышат :
-шаардын аймагынын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча Кеңешке сунуштарды киргизет.
-өзүнүн аймагын экономикалык жактан өнүктүрүүнун жана бюджеттин пландарынын долбоорлорун, пландардын аткарылышы жана бюджеттин толтурулушу жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин даярдайт, зарылчылык туулса аларды Кеңешке киргизет:
- шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдордун, чечимдердин жана шаар Уставынын талаптарынын аткарылышына конторолду ишке ашырат.
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана шаардык Кеңештин регламенти аркылуу сунушталган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
-шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана шаардын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу
10.1. Шаардык Кеңешке саясий партиялардан шайланган депутаттар депутаттык фракциялар болуп эсептелинет.
Депутаттык фракция-шаардык Кеңешке шайланган депутаттардын депутаттык фракцияга кирүүнү каалаган депутаттарынын бирикмеси (мындан ары - фракциялар)
10.2. Шаардык Кеңеште көпчүлүк деп, депутаттардын мандаттарынын жарымынан көбүнө ээ болгон шаардык Кеңештеги фракциялары жана расмий түрдө коалицияга бириккен фракциялардын коалициясы саналат.
10.3. Фракциялардын курамына же көпчүлүктүн фракцияларынын коалицияларына кирбеген фракция же фракциялардын каолициясы шаардык Кеңеште азчылык деп саналат.
10.4. Депутаттык фракциялар бирдей укукка ээ.
10.5 Саясий партиялардан шайланган депутаттар фракция түзүү жөнүндө, фракциянын аталышын, анын курамын жана фракциянын жетекчисинин фамилиясын, аты жөнүн көрсөтүү менен шаардык кенешке жазуу түрүндө билдирет.
10.6. Депутаттык фракция түзүү жөнүндөгү билдирүүгө фракциянын бардык мүчөлөрүнүн кол тамгалары коюлат.
10.7. Фракцияны каттоо депутаттык фракция түзүү жөнүндөгү кат түрүндөгү билдирүү келип түшкөн күндөн баштап 2 жумуш күн аралыгында шаардык Кеңеш тарабынан жүргүзүлөт.
10.8 Шаардык Кеңештин депутаты бир гана фракцияда боло алат.
10.9 Фракциялардын иш тартиби жана депутаттын фракциядан чыгуу шарттары фракция тарабынан аныкталат.
10.10 Фракциялар коалицияга биригише алат. Коалицияга биригүү фракциялардын макулдашуусу менен жүргүзүлөт.
10.11 Коалиция түзүү жөнүндөгү билдирүүгө коалициянын бардык мүчүлөрүнүн кол тамгалары коюлат
10.12. Фракциялар шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтө алат.
10.13. Фракциялардын укуктары, милдеттери жана иштөө тартиби депутаттык фракциялар жөнүндөгү Жобонун негизинде аныкталат.
11.1 Шаардык кеңештин сессиясын чакыруу убактысы, өткөрүү орду, каралуучу маселелер жөнүндө шаардык Кеңештин токтому отурумга 10 күн калганга чейин даярдалып депутаттарга билдирилет.
11.2 Кезектеги жыйындын күн тартиби сессияга бир ай калганга чейин Кеңештин жооптуу катчысы, адистери жана тиешелүү туруктуу комиссиялар менен биргеликте каралуучу маселелер боюнча эскертмелерди түзөт жана материалдарды даярдайт.
11.3 Шаардык Кеңештин сессиясында каралуучу маселелер, маалыматтар шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларында алдын ала каралып шаардык Кеңештин сессиясында кароо үчүн беш күн мурун шаардык Кеңешке сунуш киргизет.
11.4 Шаардык Кеңештин жыйындарынын өткөрүү тартиби, регламенти, каралуучу маселелердин токтомдорунун долбоорлору, ошондой эле депутаттарды сессияларга чакыруу барактары шаардык Кеңештин апаратынын жооптуу кызматкерлери тарабынан уюштурулат жана сессияга үч күн калганга чейин депутаттык фракциялардын жетекчилерине жеткирилет.
11.5 Сессияда каралуучу документтерди өз убагында жеткире иштеп чыгуу аларды даярдоо туруктуу комиссиялар менен шаардык Кеңештин жооптуу катчысына, Кеңештин аппаратынын адистерине жүктөлөт. Шаардык Кеңеште кабыл алынуучу өтө маанилүү маселелер боюнча токтомдордун долбоорлорун жергиликтүү жамаатардын арасында алдын ала талкулоого мүмкүн.
11.6 Шаардык Кеңештин отурумдарында айтылган сын-сунуштардын негизинде атайын иш-чаралар Кеңештин жооптуу кызматкерлери тарабынан даярдалат жана анын аткарылышын камсыз кылуу боюнча туруктуу комиссиялар, Кеңештин жооптуу кызматкерлери такай иш жүргүзөт, иш чаралардын аткарылышы боюнча тийиштүү жетекчилердин отчетторун шаардык Кеңештин отурумдарында кароону уюштурат.
11.7. Шаардык Кеңештин кезексиз отурумдары Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин талабы боюнча чакырылат. Кезексиз жыйынды чакыруу жөнүндө депутаттарга 3 күндөн кем эмес убакта кабарландырылат.
12.1. Шаардык Кеңештин сессиялары ачык, чейрегинде кеминде бир жолу шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт.
12.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 28-беренесинин негизинде шаардык Кеңештин отуруму эгерде мыйзамда башкача каралбаса депутаттардын кеминде жарымы катышса укук ченемдүү болот жана депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен токтом кабыл алат.
12.3 Сессияларды өткөрүү мезгилинде шаардык Кеңеш ачык добуш берүү менен катчыны шайлайт.
12.4. Шаардык Кеңештин сессияларында каралуучу маселелер, докладдар билдирүүлөр жана дем алыштар жыйынды алып баруу тартибинде белгиленип депутаттардын макулдугу менен бекитилет.
12.5. Сулукту шаардык Кеңештин сессиялары ачык түрдө өткөрүлөт жана зарыл учурда депутаттардын макулдугу менен жабык түрүндө өткөрүлөт.
12.6. Шаардык Кеңештин сессияларында кабыл алынуучу токтомдордун долбоору Кеңештин депутаттарынын добушуна коюлат. Токтом ачык добуш менен кабыл алынат.
12.7. Сессияларга катышууну эсепке алууну Кеңештин жооптуу катчысы уюштурат. Жыйналышка келуу мумкүнчулугу болбогон учурда Кеңештин депутаты бул жөнүндө Кеңештин төрагасына билдирууго тийиш.
12.8. Депутат сессиянын бир жыйналышында бир эле маселе боюнча эки жолудан ашык эмес, ал эми жыйналышка катышкан депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен андан ашык суйлөй алат. Эгерде суйлөп жаткан адам берилген убакыттан ашып кетсе же талкууланбаган маселе боюнча сөз суйлөсө сессиянын төрагасы экинчи жолу эскерткенден кийин анны сөз суйлөөдөн ажыратат.
12.9. Депутат болуп саналбаган адам тартипти одоно бузган учурда төраганын буйругу менен Кеңештин сессиясынын жыйналыш залынан чыгарылышы мумкүн.
12.10. Кезектеги сессиянын күн тартибине киргизүү сунуш кылынган маселелер боюнча материалдар (чечимдердин долбоорлору, суроо талаптар, кайрылуулар) сессияга чейин 5 күндөн кечиктирбестен Кеңештин төрагасына (маселенин аталышы, маселени талкуулоо зарылчылыгы, убактысы менен) жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш. Андай болбогон учурда маселе кийинки жыйналышка которулат.
12.11. Кеңештин кароосуна сунуш кылынган чечимдердин добоорлору төмөнкүдой болууга тийиш:
12.12. Аткаруучуларды, аткаруу моонотун, финансылоо булагын, ошондой эле чечимдер күчүно кире турган убакытты корсотууго;
12. 13. Бул маселе боюнча мурдагы чечимдерди эске алууга жана кабыл алынган чечимдерди алып салуу же өзгортуу боюнча сунуштарды камтууга;
12. 13. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келе тургандыгы жөнүндө юридикалык корутундусу болууга;
13.1 Депутаттардын Сулукту шаардык Кеңешинин отурумдарында пландаштырылган маселелер коллективдүү талкууланат жана аларды аткаруу боюнча чечимдер токтомдор түрүндө кабыл алынат.
13.2. Шаардык Кеңештин баардык отурумдарынын журушу жана мазмууну жөнүндө протоколдор түзүлөт.
13.3. Шаардык Кеңештин отурумдарынын (сессиясынын) протоколунда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
- Кеңештин аталышы, отурумдун катар номери, өткөрүлгөн күнү, айы жана орду.
- протоколдун номери:
- шаардык Кенешке шайланган депутаттардын саны, катышкан жана катышпаган депутаттардын жана сессияга катышуучулардын тизмеси.
- сессияны ачкан депутаттын аты-жону, жана ээлеген кызматы
- сессиянын күн тартиби, ар бир маселе боюнча докладчы менен кошумча докладчынын аты-жону жана ээлеген кызматы
- жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөн депутаттардын, анын ичинде чакырылгандардын аты-жону жана ээлеген кызматы, сүйлөгөн сөзүнүн, сунуштарынын мазмууну.
- жактап, каршы болуп же калыс болуп добуш бергендердин так саны. (Аты жөнүн көргөзүү менен)
Сессиянын протоколуна төмөнкүлөр тиркелет
- кабыл алынган токтомдор;
- сессияга катышкан депутаттардын тизмеси;
- докладдардын, кошумча докладдардын, билдирүүлөрдүн жана тактамалардын тексттери
- жарыш сөздөрдүн токтолушуна байланыштуу сөз ала албай калган депутаттардын берген кат жүзүндө сунуштары жана пикирлери, ошондон эле жыйынга катышкан депутаттардын жана катышуучулардан түшкөн суроолор.
13.4. Шаардык Кеңештин сессиясынын отурумунун протоколу түзүлүп Кеңештин төрагасы жана сессиянын катчысы тарабынан кол коюлуу менен эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен регламенте көрсөтүлгөн тиркемелер менен бирге сакталат.
Шаардык Кеңештин төрагасы, шаардык Кеңештин жооптуу катчысы сессиянын протоколундагы жазуулардын тууралыгы, мыйзамдуулугу жана өз убагында толтурулушу үчүн жооп берет.
13.5. Шаардык кеңештин сессияларынын протколуна кол коюлгандан кийин анын көчүрмөсүнүн бир нускасы тиркемелери менен бирге талап кылган тийиштүү жогорку органдарга жонотулушу мумкүн.
13.5. Сессиянын протоколунун биринчи нускасы шаардык Кеңештин иш кагаздарынын ичинде сакталат жана торт жылдан кийин такай сактоо үчүн мамлекеттик архивке өткөрүлөт.
13.7 Сессиянын протоколдору тиркемелери менен депутаттардын талабы боюнча таанышууга мүмкүн.
14.1 Кабыл алынган шаардык Кеңештин токтомдору аткаруу үчүн Кеңештин туруктуу комиссияларына жана Кеңешке отчет берүүчү органдарга, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга кызмат адамдарына жети күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт. Токтомдо көрсөтүлгөн пунктар токтомдо көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилбестен аткарылышы керек.
14.2 Шаардык Кеңештин аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын дарегине берилген сунуштар жана талаптар тез аранын ичинде каралып жана алардын натыйжалары тийиштүү жетекчилер тарабынан шаардык Кеңешке жана шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына он беш күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.
14.3 Шаардык Кеңештин токтомдорун кабыл алуу жана алардын аткарылышын уюштуруу, көзөмөлдөө депутаттардын шаардык Кеңешинин жооптуу кызматкерлеринин жана туруктуу комиссиялардын эн негизги милдети болуп саналат.
14.4 Шаардык Кеңешке жогорку органдардан түшкөн документер бир айлык мөөнөттүн ичинде аткарылууга тийиш. Ал документтер боюнча кошумча текшерүүлөр, талдоолор жана башка материалдар талап кылынбаган учурда он күндүн ичинде аткарылууга тийиш.
14.5 Жогорку органдардан түшкөн документтердин аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин жооптуу кызматкерлери тарабынан ишке ашырылат.
14.6 Жооптуу катчы ай сайын, кийинки айдын 20-числосуна чейин шаардык Кеңештин төрагасынын наамына Кеңештин төрагасы кабыл алган токтомдор жана жогортон түшкөн документтердин аткарылышынын журушу жөнүндө маалымат даярдайт.
14.7 Көзөмөлгө коюлган документтер иш жүзүндө аткарылгандан кийин шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан контролдон алынып салынат.
15.1. Шайлоочулардын сын-сунуштарын жана талаптарын эсепке алуу, аларды алдын ала кароо жана жалпылоо, ал маселелер боюнча шаардык Кеңештин токтомдорун, иш-чараларын даярдоо, токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин аппаратынын кызматкерлерине жана туруктуу комиссияларга жүктөлөт.
15.2. Шайлоочулардын сын-сунуштарынын жана талаптарынын аткарылышы жөнүндөгү маалыматтар шаардык Кеңеш сессияларда жыл сайын угулат.
16.1. Жарандарды жеке маселелер боюнча кабыл алуу депутаттардын шаардык Кеңешинин аппаратында күн сайын ишемби, жекшембиден тышкары күндөрү жүргүзүлөт. Жарандарды кабыл алуу саат 10-00 до 17-00 чейин кеңештин төрагасы жана жооптуу катчысы тарабынан белгиленген графиктин негизинде жүргүзүлөт.
16.2. Жарандардын каттарын, арыздарын жана даттанууларын кароону, жоопторду даярдоону шаардык Кеңештин төрагасы, аппараттын жооптуу кызматкерлери жана туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү мыйзамынын ченеминде жүргүзөт.
16.3. Шаардык Кеңештин депутаттары коомдук өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана Кеңештин кызматкерлери менен атайын түзүлгөн график боюнча семинарларды, кеңешмелерди, жыйындарды жана жолугушууларды өткөрүп турат.
Шаардын мэрине коюулуучу талаптар, мэрди кызмат ордуна шайлоонун жана бошотуунун тартиби Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын, Борбордук шайлоо комиссиясынын Жобосунун жана ушул регламентин негизинде аныкталат.
17.1 Жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбачыл субъекттердин жетекчилик кызматтарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат.
Шаарда кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар, соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан Кыргыз Республикасынын жараны мэр боло албайт.
17.2 Шаарлардын мэри шаардык Кеңеш тарабынан анын чакырылган мөөнөтүнө шайланат.
17.3 Мэрдин кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүүгө шаардык Кеңештин фракцияларынын жана Премьер-министрдин укугу бар.
17.4 Шаардын мэрин шайлоо жаңы шайланган шаардык Кеңештин биринчи жыйналышынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат.
17.5 Шаардын мэри ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун түзүлгөн күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен шаардын мэрин шайлоону дайындайт.
Шаардын мэри шаардык Кеңештин чакыруу мөөнөтү аяктаганга чейин 90 календардык күн калганда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган шаардык Кеңештин биринчи жыйналышы өткөнгө чейин шаардын мэрин шайлоо дайындалбайт.
Шаардын мэрин шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт.
17.6 Шаардын мэрин шайлоо жергиликтүү Кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, шаардын мэрин шайлоо өткөрүлдү деп эсептелет.
Тиешелүү Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
Эгерде:
- катталган бир талапкер, депутаттардын добуштарынын эарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын санынын теңин алса, добуштардын санынын көбүрөөгүн алган бир талапкерлик боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" пөзициясына берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде добуш берүү күнүнө карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясы шаардын мэри шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.
Жаңы талапкерликтерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.
Эгерде кворумдун жоктугунан шайлоо болбой калган учурда. Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда катталган талапкерлер боюнча өткөрүлөт.
Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялайт жана тиешелүү протокол түзөт.
Шаардын шайланган мэрине аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү күбөлүгү берилет
17.7 Шаардын мэрин шайлоонун тартиби Борбордук шайлоо комиссиясынында бекитилген Жобонун негизинде аныкталат.
17.8. Шаардын мэрин шайлоонун мыйзамда жонго салынбаган тартиби жергиликтүү Кеңештин регламенти менен аныкталат.
17.9 Шаардык Кеңештин депутаттары тарабынан шаардын мэри белгиленген мөөнөттө шайланбаган учурда. Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент шаардык кеңешти таратууну жүзөгө ашырат жана шаардык кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.
Шаардык кеңештин жаңы курамы тарабынан мэр шайланганга чейин Премьер-министр мэрдин милдетин аткаруүчүну дайындайт.
17.10. Шаардын мэри төмөндөгүдөй учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) жеке арызынын негизинде;
2) прокуратура органдары тарабынан белгиленген, же мамлекеттик ыйгарым укуктары берилген мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен, а прокуратура органдары тарабынан белгиленген мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик-укуктук актыларын кайра бузуу фактылары ачылганда, шаардык кеңештин депутаттарын кабардар кылуу менен;
3) соттун күчүнө кирген айыптоочу өкүмүнүн негизинде;
4) сот тарабынан жоопкерчиликке жарамсыз деп таанылган учурда;
5) аны өлдү, дайынсыз жок болгон, ошондой эле өлгөн деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
8) жылыш болбогон эмгекке жарамсыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызмат милдеттерин аткарууга мүмкүндүгү жок болгон учурда;
9) шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добуштары менен ишенбестик билдирилген учурда;
10) тараптардын эркине көз каранды болбогон жагдайлар боюнча (тиешелүү мыйзам кабыл алынган, мыйзамдарда каралган дагы башка жагдайларда).
17.11 Шаардын мэрине шаардык Кеңеш тарабынан ишенбестик көрсөтүлгөн учурда Премьер-министр аны кызмат ордунан мөөнөтүн мурда бошотуу же шаардык Кеңештин чечимине макул болбоо жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
17.12 Шаардык кеңештин депутаттары тарабынан шаардын мэрине кайра ишенбестик билдирилген учурда Премьер-министр аны кызмат ордунан үч айдын ичинде бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укугу бар.
17.13 Мэр кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Премьер-министр жаңы мэрди көрсөткөнгө чейин өзүнүн акты менен мэрдин милдетин аткаруүчүну дайындай алат.
18.1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлиги жөнүндөгү Жобого ылайык шаардык Кеңештин имаратынын үстүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги орнотулат.
18.2. Шаардык Кеңештин төрагасына, жооптуу катчысына жана адистерине берилүүчү айлык акылары Кыргыз Республикасынын өкмөттүнүн тиешелүү нормативдик актыларынын негизинде аныкталат.
18.3. Кеңешти тейлөө үчүн автотранспортко кетүүчү лимиттер, техникалык кызматтарга кетүүчү каражаттар шаардык бюджеттин жана башка жергиликтүү кирешелердин өлчөмүндө аныкталат.
Депутаттардын Сулукту шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы |
М. Джураева |