Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМУ
2012-жылдын 27-декабры № 1/4
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасын шайлоону өткөрүү боюнча эсептөө комиссиясынын 2012-жылдын 27-декабрындагы №1, 2 протоколдору жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын №1, 2 протоколдорун угуп жана талкулоонун негизинде Жошолу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айылдык кеңешинин төрагасына шайлоону өткөрүү боюнча эсептөө комиссиясынын 27.12.2012-жылдагы №1, 2 протоколдору бекитилсин (протокол тиркелет).
Жошолу айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Алдашев |
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо жашыруун добуш берүүнү өткөрүү боюнча
2012-жылдын 27-декабры
Комиссиянын заседаниесине эсептөө комиссиясынын төмөнкү мүчөлөрү катышышты:
1. Ж. Дооранов
2. Б. Кебекбаев
3. М. Шамшиев
Күн тартибинде:
1. Эсептөө комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлоо
Кун тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, эсептөө комиссиясынын заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиянын төрагасы болуп Ж. Дооранов шайлансын.
2. Эсептөө комиссиянын катчысы болуп Б. Кебекбаев шайлансын.
3. Ушул эсептөө комиссиянын №1 протоколун бекитип берүү жагы Жошолу айылдык кеңешинин сессиясынан суралсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды
Эсептөө комиссиясынын төрагасы | Ж. Дооранов |
Эсептөө комиссиясынын катчысы | Б. Кебекбаев |
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо жашыруун добуш берүүнү өткөрүү боюнча
2012-жылдын 27-декабры
Комиссиянын заседаниесине эсептөө комиссиясынын төмөнкү мүчөлөрү катышты:
1. Ж. Дооранов
2. Б. Кебекбаев
3. М. Шамшиев
Күн тартибинде:
1. Жошолу айылдык кеңешинин төрагасына талапкерлерине добуш берүүнү өткөрүү боюнча добуш берүү бюллетенинин формасын бекитүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, эсептөө комиссиясынын заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айылдык кеңешинин төрагасына талапкерлерине добуш берүүнү өткөрүү боюнча жашыруун добуш берүү бюллетенинин формасы бекитилсин.
2. Бул эсептөө комиссиянын №2 протоколун бекитип берүү жагы Жошолу айылдык кеңешинин сессиясынан суралсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы | Ж. Дооранов |
Эсептөө комиссиясынын катчысы | Б. Кебекбаев |