Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-февралы № 76
Ош шаарынын, 2012-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын аткарылышы жөнүндөгү Ош шаарынын мэринин отчету жана Ош шаарынын 2013-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын бекитүү жөнүндө
Ош шаардык мэриясынын 2013-жылдын 23-январындагы №23/08-6-Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн 2012-жылында аткарылышы жөнүндөгү Ош шаарынын мэринин отчетун жана Ош шаардык мэриясынын 2013-жылдын 31-январындагы №31/08-6-Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн божомолу боюнча 2013-жылга каралган көрсөткүчтөрүн бекитип берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2013-жылдын 28-январындагы №5 жана 2012-жылдын 5-февралындагы -№ 6 токтомдорун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. 0ш шаарынын 2012-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын аткарылышы жөнүндөгү Ош шаарынын мэринин отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2013-жылга Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн божомолу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов):
- 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча өндүрүштүн өсүү темпин басаңдаткан өндүрүш мекемелерине 2013-жылда өндүрүштүн осүү темпин камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү;
- чет элдик жана ички инвестицияларды тартуу боюнча так иш-чараларды иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу;
- жергиликтүү ишканаларды колдоо боюнча иш чараларды иштеп чыгуу жана кичи жана орто бизнести өнүктүрүү;
- муниципалдык менчикти эффективдүү пайдалануу боюнча иш-чара кабыл алуу;
1. 2013-жылда жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында салык жана салык эмес жыйымдарды жылдын жыйынтыгы боюнча ашыкча аткаруусун камсыз кылуу жана салык базасын кенейтүү;
- каржылык тартипти жана көзөмөлдү күчөтүү;
- Ош шаарынын генералдык планы боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү;
- 2012-жылда Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча башталган жумуштарды аягына чыгаруу жана улантуу;
- Ош шаарындагы дарылоо мекемелеринде орун алган көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча тиешелүү иш чараларды жүргүзүү;
- ушул токтомдун аткарылышы боюнча жазуу жүзүндөгү маалыматты 2013-жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча депутаттардын Ош шаардык Кеңешине берүүсү милдетендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А. Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б. Матисаков).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|
Макулдашылды Аппарат жетекчи Башкы адис-юрист Мамлекеттик тил боюнча адис Аткаруучу бөлүм башчы |
З. Сасыкбаев А. Алимбеков Б. Матисаков М. Раманов |
| Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2013-жылдын 14-февралындагы кезектеги IV-сесиясындагы №76-токтомуна № 1 тиркеме |
№ | Керсөткучтөрдун аталышы | Көрсөткучту н бирдиги | Факт | 2013-жылга болжол | анын ичинен: | ||||
|
|
| 2011-жыл | 2012-жыл |
| 1-квартал | II- квартал | га-квартал | IV-квартал |
1 | Ички дун продукциясы | млн.сом | 9263,2 | 9189,3* | 10449,8 |
|
|
|
|
| өсуу темпи | % | 113,5 | 104,9* | 105,6 |
|
|
|
|
2 | Өнер-жай продукциясыныи көлөмү | млн.сом | 2099,0 | 2395,9 | 2580,0 | 670,0 | 600,0 | 630,0 | 680,0 |
| өсуу темпи | % | 130,2 | 109,4 | 106,8 | 107,7 | 105,4 | 105,5 | 108,2 |
3 | Айыл чарбасыньш дун, чыгарылышы | млн.сом | 669,9 | 708,2 | 751,0 | 109,6 | 96,7 | 418,2 | 126,5 |
| өсуу темпи | % | 105,1 | 100,6 | 100,6 | 100,0 | 101,0 | 98,7 | 100,0 |
4 | Көрсөтүлгүн рыноктук кызматтардын көлөмү | млн.сом | 19433,6 | 27699,6 | 30204,0 | 7513,1 | 7455,4 | 7597,7 | 7637,8 |
| өсуу темпи | % | 93,9 | 112,5 | 105,8 | 106,2 | 104,8 | 105,7 | 106,0 |
5 | Соода; автоунааларды, турмуш-тиричилик буюмдарын жана жеке керектелүүчү нерселерди оңдоо жүгүртүүсүнуүн жалпы көлөмү | млн.сом | 19500,7 | 23293,2 | 24660,8 | 5980,8 | 6315,1 | 6228,1 | 6136,8 |
| өсуу темпи | % | 124,7 | 114,6 | 107,5 | 105,7 | 106,9 | 107,2 | 107,5 |
6 | Негизги капиталга инвестициялар | млн.сом | 3291,4 | 2240,5 | 1180,0 | 170,0 | 300,0 | 300,0 | 310,0 |
7 | Катталгаи жумушсуз калктын саны | мин адам | 2,4 | 2,4 | 2,3 | 2,3 | 2,3 | 2,3 | 2,3 |
8 | Жаңы түзүлгөн иш жумуш оруну | миц адам | 4,0 | 1,0 | 2,0 | 0,3 | 0,5 | 0,8 | 0,4 |
9 | Кызматкерлердин орточо эмгек акысы бир иштөөчу адамга | сом | 8455,0 | 9973,7 | 12777,2 | 10967,5 | 11622,5 | 11964,5 | 12777,2 |
| өсуу темпи (реалдуу өсуу) | % | 104,5 | 112,4 | 107,4 | 110,8 | 109,6 | 109,1 | 107,4 |
10 | Турак үйлөрдү ишке киргизүү | мин ч. метр | 70,1 | 112,1 | 70,0 | 10,0 | 22,0 | 22,0 | 16,0 |
| анын ичинен жеке менчик үйлөр | миц ч. метр | 56,9 | 75,1 | 50,0 | 7,0 | 15,0 | 15,0 | 13,0 |
*-күтүлүүчү көрсөткүч
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
З. Сасыкбаев
|