Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-февралы № 81
2010-жылдын 30-июлундагы Ош шаардык кеңешинин кезексиз XXIV сессиясынын №187- "Ош шаарында сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү
Ош шаардык мэриясынын 2012-жылдын 20-ноябрындагы №424/08-6-депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 30-июлундагы кезексиз XXIV сессиясынын №187-Ош шаарында сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндөгу токтомуна өзгөртүү киргизип бекитип берүү жөнүндөгу катын карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун №13-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутатардын ой-пикирлерин эске алып депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1 .Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2010-жылдын 30-июлундагы кезексиз XXIV сессиясынын №187-токтомунун 1-тиркемесинин 5.2 беренеси жана 2-тиркемесинин K1, К4 жана К5 коэффициенттери өзгөртүлүп төмөндөгү редакцияда окулсун;
-Ош шаарында сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежеси №1-тиркемеге ылайык;
-Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат обьектисин орнотуу жана пайдалануу келишими боюнча төлөмдун өлчөмүн аныктоо ирети №2-тиркемеге ылайык;
-сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотууга берилуучу арыздын улгусу №3-тиркемеге ылайык;
-сырткы жарнак обьектисин орнотууга уруксаттын формасы (техникалык паспорт) №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Сырткы жарнак жана маалымат обьектисин орнотуу жана пайдалануу келишими боюнча эсептөө төлөмдөрү 2013-жылдын 1-январынан тартып жүргүзүлсүн.
З. Ош шаардык архитектура жана шааркурулуш башкармалыгы (Н.Бастов) тарабынан берилүүчү макулдашуу корутундусу муниципалдык менчик башкармалыгы официалду кайрылган күндөн тартып 10 иш күн убактысында даярдалуусу милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Кадыров) -шаардагы маалыматтык афишаларды таркатууну жана илүүнү тартипке келтирүү максатында атайын такталардын жана аларды орнотуу долбоорун уч айлык мөөнөттө даярдап депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кароосуна сунуштоо милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов)
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|
| Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2013-жылдын 14-февралындагы көзектеги IV-сесиясындагы №81-токтомуна № 1 тиркеме |
1.1. Ош шаарындагы сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежелери (мындан ары - Эреже) шаардын архитектуралык-көркөм жана маалымат чөйрөсүнүн туура калыптануу процессии көзөмөлгө алуу, сырткы жарнак жана маалымат объектилерин пайдалануу, Ош шаарынын мүлкүндө сырткы жарнак жана маалыматтарды жайылтуу максатында кабыл алынды.
Ушул эрежелер сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана аларды пайдалануу, шаардын мүлкүн сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуудагы шарттар, Ош шаарынын аймагында сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотууга уруксат берүүнун иретин жана эрежелерин сактоону көзөмөлгө алуу боюнча талаптарды орнотот.
1.2. Ушул эрежелерди сактоо бардык юридикалык жана физикалык жактарга, алардын ведомстволук жана жеке менчиктин формасына карабай жана жеке ишкерлер үчүн сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотууда жана пайдаланууда бирдей талап коюлат.
1.3. Эрежелер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын. Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө», «Жарнак жөнүндө», «Мамлекеттик тил жөнүндө» жана башка укуктук нормативдик документтердин негизинде иштелип чыккан.
1.4. Сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын уруксатынын негизинде ишке ашат.
Сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу Ош шаарынын мүлкүнө, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы менен түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
Сырткы жарнак жана маалымат объектилерине ар кандай объектилер, ар түрдү жарнакты жана маалыматты жайылтууну көздөгөн, Ош шаарынын аймагындагы жалпы жер участкаларында орнотулган, имараттарда, курулуштарда визуалдык кабыл алынуучу маалыматтар кирет.
Сырткы жарнак жана маалыматтар төмөнкү бөлүктөргө бөлүнөт:
-сырткы жарнак объектилери (жарнактык конструкциялар);
-шаардык маалымат объектилери;
-калкты тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын маалыматтык жасалгалоо объектилери.
2.1. Сырткы жарнак жана маалымат объектилерине коюлуучу талаптар
2.1.1. Негизги талаптар:
-шаардын аймагында орнотулган сырткы жарнак маалымат объектилери Кыргыз Республикасынын түштүк борбору - Ош шаарынын архитектуралык-көркөм визуалдык кабыл алуусуна тоскоол болбошу жана шаардын архитектуралык келбетин начарлатпашы керек;
-сырткы жарнак жана маалымат объектилерин жол кыймылдарын иретке келтирип туруучу белгилерге орнотууга жана пайдаланууга болбойт.
-сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу белгиленген тартипте бекитилген концепт-программа болсо, ошол концепт-программанын негизинде орнотулат.
-сырткы жарнак жана маалымат объектисинин конструкциясы техникалык нормаларга жана талаптарга жооп бериши керек. ГОСТ, ПУЭге, техникалык, регламенттик жана башка нормативдик актыларга ылайыкташтырылып коопсуз, долбоорлошкон, жана белгиненген тартипте макулдашуусу керек.
-сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу санитардык нормаларды жана эрежелерди (электромагниттик нурдануу ж.б.) бузбашы керек.
-сырткы жарнак жана маалымат объектилери маалымат - кабарларсыз турбашы керек.
-сырткы жарнак жана маалымат объектилери жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндөгү нормативдик актыларга ылайык болушу керек.
-жалпы пайдалануудагы жерлерде орнотулган сырткы жарнак жана маалымат объектилери жөө жүргүнчүлөргө, көчөлөрдү жана тратуарларды тазалоодо тоскоолдук түзбөшү керек. Ызычууну, коогаланды, кубаттуу электромагниттик же башка нурданууну жана талааларды пайда кылуу булактары болгон сырткы жарнак жана маалымат объектилерин эл жашоочу жайларга орнотуу жана пайдаланууга тыюу салынат.
-сырткы жарнак жана маалымат объектилерин тротуардан, гүл отургузуучу жайлардан 2 м алыстыкта орнотуу керек.
-имараттарда жана мекемелерде орнотулган сырткы жарнак жана маалымат объектиси ошол имараттын архитектурасын бузбашы керек. Сырткы жарнакты стационардык жана убактылуу архитектуралык ансамблдеги тосмолордо, сейилбактарда, скверлерде. илим, маданият жана билим берүү мекемелеринин аямагында орнотууга уруксат берилбейт.
-сырткы жарнак жана маалымат объектилерин маданий мурасты билдирүүчү объектилерде жана өз алдынча туруучу сырткы жарнакты тарыхий жана маданий мурастарды сактоочу аймактарга орнотууга, ошол турган маданий мурастык объектти сактап турган шарттар түзүлүшүн камсыз кылуу менен уруксат берилет.
-жаны орнотулуучу жарнактык конструкциялар, мурда орнотулган жарнактык объекттердин келбетин бузбашы керек.
-жаны орнотулган конструкциялар үчүн, кичине форматтагы конструкциялардан башка, бир багытта жайланышып (жолдордун, көчөлөрдүн, газондордун бир жагында), бир жактан көрүүгө ылайыкташтырылып, өз алдынча турган конструкциялар ортосундагы аралык 100 метрден кем болбошу керек.
2.1.2. Жол кыймылынын коопсуздук талаптары.
2.1.2.1. Сырткы жарнак жана маалымат объектилери жол кыймылын уюштуруу мекемелеринин долбоорлорун эске алуу менен орнотулат.
2.1.2.2. Сырткы жарнакты орнотуу иштери жол кыймылынын коопсуздугун негиздөчу нормативдик актынын талабына ылайык жүргүзүлүшү керек.
2.1.2.3. Сырткы жарнак жана маалыматты орнотуу жана тейлөө боюнча монтаж иштерин аткарууда, иш жүргүзүлгөн жерлерде жол кыймылынын коопсуздук талаптары сакталышы керек.
2.2.1. Сырткы жарнак объектилерине жарнак калканчалары, стенддер, транспаранттар, электрондук табло жана башка аймактык жайгашылуудагы стабилдик техникалык объекттер кирет жана алар жерде же сырткы дубалдарда, имарат чатырларында, башка конструктивдик имарат элементтеринде, курулуштарда, шаардык аялдамаларда, таксофондук кабиналарда, көчө ажатканаларында, киоскаларда жана башка шаардык инфраструктура объекттерлеринде, Ош шаарынын аймагында сырткы жарнакты жайылтуу максатында орнотулат.
2.2.2. Сырткы жарнак объектилери бир гана жарнакты же социалдык жарнакты жайылтуу үчүн гана колдонулушу керек.
2.2..3. Сырткы жарнак объектилерин терезе жана эшиктерде, аркаларда көрсөтүлгөн эреженин негизинде орнотууга жана пайдаланууга уруксат берилет.
2.2.4. Курулуш аянттарын тосу милдетин аткарган тосулмаларга жана курулуш торлоруна сырткы жарнак объектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежеде көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.
2.2.5. Коомдук унаалар аялдамасындагы конструктивдик элементтерге сырткы жарнак объектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежеде көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.
2.2.6. Эгерде сырткы жарнак объектисин жарык кылуу үчүн андан өз алдынча белек турган ток булактарын пайдаланган учурда, жарык кылуучу лампалардын бекилмелери декоративдик элементтер менен жабылып турушу керек.
2.2.7. Сырткы жарнак объектиси, ээсинин аты жөнү, телефонунун номери жана шаардык реестрдеги саны көрсөтүлгөн маркировкага ээ болушу керек. Маркировканын талаптары Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабына аныкталат. Жарнак орундагы шаардык реестрге киргизүүнүн иретин Ош шаарынын мэриясы бекитет.
2.2.8. Сырткы жарнакты орнотуу (монтаждоо), пайдалануу, бузуп алып салуу (демонтаж, снос) иштери объектинин ээси тарабынан сырткы жарнак объектиси орнотулуп жаткан жердин, имараттын жана башка кыймылсыз мүлктүн ээси менен түзүлгөн келишимдин негизинде же болбосо бул мүлктөрдүн ээси тарабынан дайындалган ыйгарым укуктуу адам менен, анын ичинде ижарачы менен (эгерде ага ушундай укук берилсе) жүргүзүлөт.
2.2.9. Туруктуу сырткы жарнак объектилери:
2.2.9.1. Калкан орнотмолор - жерде өз алдынча туруучу маалымат жайгаштыруу үчүн сырткы беттери бар жана фундамент, каркас, маалымат талаадан турган объекттер.
Калкан орнотмолору бир беттүү маалымат талаасы боюнча төмөндөгүдөй түрлөргө бөлүнөт:,
- чакан же шаардык форматта (4,5 кв.м. чейин)
- орто форматта (4,5 кв.метрден 10кв.м. чейин)
- чон форматта ( 10кв.метрден 18кв.мге чейин)
- өтө чон форматта (18кв.метрден өйдө) Калкан орнотмолоруна коюулуучу талаптар:
- калкан орнотмолору негизинен эки беттүү вариантта жасалат.
- бир беттүү вариантта аткарылган калкан орнотмолордун арткы тарабы декоративдүү жасалгаланган болушу керек.
- өз алдынча турган орнотмолордун фундаменти жер бетинен чыгып турбашы керек. Фундаментти жер бетинин дэңгели менен бирдей кылып куюга мүмкүн болбогон өзгөчө учурларда, фундаментти жер бетинен 5 см бийиктикте куюга мүмкүнчүлүк берилет. Бул учурда фундаментин чекелери жамбаш таш же жолдук тосмо менен бекитилиши керек жана ал шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын макулдугу менен декоративдик - керкем жасалгаланышы керек.
каттуулук жана бирикмелердин конструктивдик элементтери (болттук бирикмелер, таяныч элементери ж.б.) декоративдик элементтер менен жабылышы керек.
- калкан орнотмолорунун конструкциясынын ар кандай бириктирүүчү бөлүктөрү көрүнбөй турушу керек.
2.2.9.2. Жарнак-маалыматтык белгилери жол чекесиндеги кууш профилдеги объектилер жөнүндө маалымат берүү үчүн орнотулат (ашкана, дөңгөлөктү, карбюраторлорду, амортизаторлорду ондоочу ишкана, кошумча тетиктер дүкөнү).
Жарнак-маалымат белгинин маалымат талаасынын аянты анын сырткы көлөмүнүн өлчөмдөрү аркылуу аныкталат.
2.2.9.3. Көлөмдүк-мейкиндик объектилер - жарнактык маалыматты жайылтуу үчүн объектинин көлөмү гана эмес анын бети да колдонулган сырткы жарнак объектиси.
Бул объектилер жеке долбоор боюнча жасалат.
Объекттин үлгүсү жана долбоору ар бир конкреттүү учур үчүн Ош шаарынын архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан каралат жана бекитилет.
Көлөмдүк-мейкиндик объектилеринин маалымат талаасынын аянты эсеп жолу менен аныкталат.
2.2.9.4. Желек композициясы жана бастырмалар - негизи бир же бир нече флагштоктон (түркүктөн) жана жумшак кездемеден турган сырткы жарнак объектиси.
Желектер жарык кылуучу столбаларда, имараттарда жана курулуштарда орнотулушу мүмкүн.
Желектин маалымат талаасынын аянты анын көздемесинин эки жак аянтынан аныкталат. Серенин маалымат талаасынын аянты анын бир бетинин көлөмүнөн аныкталат.
2.2.9.5. Имараттын чатырларындагы сырткы жарнак объектилери - имараттын карнизинин денгээлинен бийиктикте же имараттын чатырларында толугу менен же айрым жерлеринде орнотулуучу (көлөмдүк же жалпак беттик) объекттер.
Имараттын чатырларындагы сырткы жарнак объектиси бышыктоочу элементтерден. конструкциядан жана маалымат орнотулуучу элементерден турат.
Имараттын чатырларындагы сырткы жарнак объектилери ток булагынан авариялык өчүрүү системасы менен жабдылып, өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бериши керек.
Имараттын чатырларындагы сырткы жарнак объектилеринин маалымат талаасынын аянты. төлөнүүчү сумманы аныктоодо анын сырткы көлөмү аркылуу аныкталат.
Имараттын чатырларындагы сырткы жарнак объектилерин шаардын өзгөчө маанидеги аймактарына орнотуу үчүн милдеттүү түрдө Ош шаарынын архитектура жана шаар куруу башкармалыгы менен макулдашуусу керек.
2.2.9.6. Дубалдык панно - имараттын дубалынын бетине орнотулуучу сырткы жарнак объектиси. Алар төмөндөгү түрлөргө бөлүнөт:
-дубал бетине түздөн түз тартылган сүрөттөр;
-дубалга орнотуучу элементтерден, каркастан жана маалыматтык талаадан турган объект. Дубалдык панно типтүү жана жеке долбоорлор менен аткарылат.
Дубалга бекитүү элементтери бар дубалдык паннолор үчүн, объекттин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн милдеттүү түрдө объектини дубалга бекитүү долбоору иштелип чыгышы зарыл.
Дубалдык паннонун маалымат талаасынын аянты, анын каркасынан көлөмү аркылуу аныкталат.
Маданий мурас катарына киргизилген объекттердин башкы фасадтарына, тарыхый эстеликтердин архитектуралык бүтүндүгүн кабыл алуусун бузуучу имараттын көпчүлүк бөлүгүн, айнек үкөк, терезе, архитектуралык бөлүктөрүн, декоративдик жасалгалоону жаап калуучу чоң көлөмдөгү калкан жана баннердик объекттерди орнотууга уруксат берилбейт.
2.2.9.7. Кронштейн - эки тараптуу консолдуу жалпак сырткы жарнак объектиси, алар имараттарга, столбаларга жана өз алдынча түркүктөргө орнотулат.
Кронштейндер эки тараптуу вариантта, ички жарыктануусу менен жасалышы керек. Кронштейндин типтик көлөмү (түркүктөргө тургузулгандары тик аткарылышта) 1,2 х 1,8м түзөт.
Имараттардын мандайында орнотулуучу кронштейндердин көлөмү имараттын архитектуралык өзгөчөлүктөрүнө карай аныкталат.
Кронштейндерди коопсуз пайдалануу максатында 3,5 метрден кем болбогон бийиктикте орнотулат.
Имараттарда кронштейндер негизинен биринчи жана экинчи кабаттардын аралыгында жайгаштырылат.
Кронштейнди түркүккө орнотууда, алар жүргүнчү жүрүүчү бөлүктүн терс багытына карашы зарыл жана ээсинин идентификациялык жана телефонунун номери жазылган маркировкасы болушу керек. Түркүктө бирден ашык сырткы жарнак объектисин орнотуу мүмкүн эмес.
Имараттарга бекитилген кронштейндер бекитилүүчү жайдан 1,5 метрден ашык чыгып турушу мүмкүн эмес.
Жарнактык маалыматтар алмашуучу кронштейндерди имараттардын фасадтарына жайгаштырууга тыюу салынат.
Кронштейндин маалымат талаасынын аянты анын эки бетинин аянты аркылуу аныкталат.
2.2.9.8. Транспарант - тартмалары - бекитилүүчү бөлүктөн, тартуу бөлүктөн жана маалымат сүрөттөн туруучу сырткы жарнак объектиси.
Транспарант-тартмалар жарыкталган (анын ичинде гирляндалар) жана жарыкталбаган, жумшак кездемеден жасалуучу болуп бөлүнөт.
Жарыкталган Транспарант-тартмаларынын конструкциясы ток булагынан авариялык өчүрө турган системасы бар болушу керек.
Транспарант-тартмалар жүргүнчү журучу бөлүктөн 5 метрден ылдый эмес бийиктикте жайгаштырылышы керек.
Транспарант-тартмалардын бири-бири менен болгон аралыгы 100 метрден аз эмес болушу керек.
Транспарант-тартмалардын маалыматтык талаасынын аянты анын эки бетинин аянтынан аныкталат.
2.2.9.9. Шөкөт айнектер (витраждар) - имараттардын терезе жана эшик оюктарына орнотулуучу сырткы жарнак объектиси. Конструкциясы боюнча шөкөт айнектер негизинен, каркастан жана тунук беттен турат.
Жарнак маалымат айнектелген шөкөт айнектин ички тарабына жайгаштырылат. Шөкөт айнектер түнкү убакытта жарыктануусу керек.
Тейлөө мекемелердин шөкөт айнектеринде өзүнүн тиешелүү ишине дал келбеген жарнактык жасалгалоону орнотуу жана пайдалануу мүмкүн. Ошол эле учурда көрсөтүлгөн жарнактык жасалгалоо шөкөт айнектин 20%дан ашуун аянтын ээлебеши керек.
Үй-тиричилигин тейлөө мекемелеринин шөкөт айнектеринде акысыз төмөнкү маалыматтарды орнотууга мүмкүн:
-үй-тиричилигин тейлөө жана тейлөө аймагындагы сапат системасынын, эркин тастыктоо системалык аймактык белгилер;
-мекеме иштетүүчү чыгым материалдарын өндүргөн фирмалардын аталыштары (товардык белгилер), жабдыктар, технологиялык процесстер;
Калкты тейлөө боюнча адистештирилген турмуш-тиричилик техникаларын; радиэлектроапаратураларды ондоо жана тейлөө боюнча ишканалардын шөкөт айнектеринде өздөрү оңдогон турмуш-тиричилик техникаларды чыгарган фирмалардын товардык эн белгилеринин аталыштарын жайгаштырууга уруксат берилет.
Шөкөт айнектеги маалымат аянты, айнек үкөктүн тунук бетине түшүрүлгөн турган сүрөттөлүштүн көлөмүнөн (габаритинен) жана шөкөт айнектин ички тарабына түшүрүлгөн турган көлөмдүү конструкциялардын көлөмүнө карап (габаритинен) аныкталат.
2.2.9.10. Проектордук орнотуулар - жердин жана дубалдын бетине көлөмдүү сүрөттөлүштөрдү көрсөтүүгө ылайыкташтырылган сырткы жарнактык объектилери. Проектордук орнотуулардын конструкциясы, көрсөтүүгө турган түзүлүштөн жана экрандан же маалыматтуу сүрөттөлүш түзүлгөн көлөмдөн турат.
Жалпак сүрөттөлүш үчүн маалымат талаасынын аянты көрсөтүлүүчү беттин көлөмүнөн аныкталат, ал эми көлөмдүү сүрөттөлүштөр үчүн, эсептөө жолу мене аныкталат.
2.2.9.11. Электрондук экрандар (табло) - экрандын бетиндеги лампалардын, светодиодтордун, же башка жарык булактардын жарык нурданууларынын эсебинен чыгылдырылуучу сырткы жарнак объектилери.
Маалыматтык талаанын аянты жарык нурдануучу беттин көлөмүнөн (габаритинен) аныкталат.
Өз алдынча турган электрондук экрандардын арткы тарабы декоративдүү жасалгаланышы керек. Анын фундаменти жер бетинен чыгып турбашы керек.
Өзгөчө учурда фундаментти тереңдетүүгө мүмкүн эмес болсо, фундамент жамбаш таш менен же жолдук тосмолор менен жасалгаланып жер бетинен бийик деңгээлде орнотууга уруксат берилет. Ошол эле учурда бул декоративдик жасалгалоо үчүн Ош шаарынын архитектура жана шаар куруу башкармалыгы менен макулдашуусу керек.
Конструкциялык элементтер жана бекитүү элементтери (болттук бирикмелер, таяныч элементтери ж.б.) декоратив жасалгалоолор менен жабылышы керек.
Мекемелердин жана имараттардын чатырында орнотулган электрондук экрандар ток булактарынан авариялык өчүрүү системасы менен жабдылышы керек жана ал өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык болушу зарыл.
2.2.9.12. Маркиздер - мекемелердин жана имараттардын айнек укуктөрүнө жана киребериштерине же имараттын оюктарына, козырек же бастырма түрүндө жасалып ага сырткы жарнактык маалыматтар сүрөттөлүп орнотулган объектилер.
Маркиздер, кармап туруучу элементтерден, каркастан жана жумшак же катуу негизден жасалган маалыматтык аянттан турат.
Маркиздин маалыматтык талаа аянты түшүрүлгөн турган сүрөттүн көлөмүнөн (габаритинен) аныкталат.
2.2.9.13. Жөө жүрүүчү тосмолордогу сырткы жарнак объектилер бул - жөө жүрүүчү тосмолордун айнектелген же башка беттеринде орнотулуучу жарнак объектилери.
Жөө жүрүүчү тосмолордогу конструкциянын маалыматтык аянты анын эки тарабынын аянтынан аныкталат.
Бул типтеги конструкцияларга жана аларды орнотуу эрежелерине, өз алдынча орнотулган калкандык орнотууларга тийиштуу болгон талаптар коюлат.
2.2.9.14. Шаардык жүргүнчүлөрду ташуу унааларынын аялдама павильонундагы сырткы жарнак объектилери - аялдама павильонунун айнектелген же башка бетине жайгаштырылуучу сырткы жарнак объектилери.
Конструкциянын маалыматтык талаасынын аянты жарнактык конструкциялардын беттеринин аянты аркылуу аныкталат.
Бул типтеги конструкцияларга жана аларды орнотуу эрежелерине, өз алдынча орнотулган калкандык орнотууларга тийиштүү болгон талаптар коюлат.
2.2.9.15. Шаардык инфраструктура объекттеринде жайгаштырылуучу сырткы жарнак объекттери - таксофондук кабиналардын, жолдогу туалеттердин, киосктордун жана жер ырткы жарнак объектилери.
Конструкциянын маалыматтык талаа аянты жарнактык конструкциянын беттеринин аянтынан аныкталат.
Бул типтеги конструкцияларга жана аларды орнотуу эрежелерине, өз алдынча орнотулган калкандык орнотууларга тийиштүү болгон талаптар коюлат.
Жарнактык конструкцияларды шаардык инфраструктура объектилеринин чатырында орнотууга тыюу салынат (толугу менен фирмалык стилде жасалгаланган павильон жана киоскалардан сырткары).
2.2.10. Сырткы жарнактын убактылуу объекттери:
2.2.10.1. Сыртка алынып чыгуучу калканча конструкциялары (штендерлер) – шаардагы мекемелердин иш убактысында коюлуучу убактылуу сырткы жарнактык объектилер.
Штендерлер эки тараптуу, жеке жарык берүүсү жок, бир тарабынын аянты 1,5 кв. метрден ашпаган болушу керек. Штендерлер жөө жүрүү зоналарда жана тротуарларда мекеменин киреберишинен 5 метрден ашпаган аралыкта коюлушу керек.
Штендерлерди тротуардын эни 3 метрден кем болгон жерлерде жана жөө жүрүүчүлөргө тосколдук кылган жерлерге орнотууга тыюу салынат.
Мекемелердин кире беришине экиден ашык штендерди коюга жана тратуардан жакшы көрүнгөн илинмелердин жана айнек укөктөрдүн жанына кошумча жарнак объектиси катары штендерди коюп пайдаланууга тыюу салынат (коомдук тамактануу жайларынан сырткары).
2.2.10.2. Курулуш аянттарындагы, убактылуу тосмолордогу жана жолдогу соода түйүндөрүндөгү (жайкы кафе, көргөзмө, жайма) жана башка убактылуу тосмолордогу сырткы жарнак объектилери жогорудагы объектердин керкем жасалгалануусун камсыз кылышы керек.
Бул объектилерди өзүнчө калканчалар менен, жумшак жасалгалоолор же лента менен жасалгалоо сунуш кылынат. Калкандык конструкцияны колдонуу учурунда калканчанын бийиктиги, тосмо элементтеринин өлчөмүнүн 1/2 бийиктигинен ашпашы керек.
.Эгерде курулуш аянтында курулуштар жана тосмо тору бар болсо сырткы жарнактын ушул эрежеде каралган башка объектисин орнотууга мүмкүн. Курулуш аянтынын тосмосуна бийиктиги 10 метрден ашкан сырткы жарнак объектисин орнотууда, бул көрсөтүлгөн тосмо курулуш уюштуруу долбоорунда (КУД) көрсөтүлүшү керек.
Курулуш аянтынын убактылуу тосмолорунда сырткы жарнак жана маалымат объекттерин орнотуу жана пайдалануу ушул эрежеде бекитлгендей сырткы жарнак жана маалыматты орнотуу уруксаттынын негизинде курулуш-монтаждык иштери жүргүзүлүчү убакытта орнотулат.
2.2.10.3. Курулуш торлорундагы сырткы жарнак объектилери - курулуш объектисин
тосуучу торлордогу сүрөт турундегу убактылуу сырткы жарнак объектилери.
Курулуш торлордогу сырткы жарнакты орнотуу жана пайдалануу, курулуш жана реставрациялоо жумуштары жүргүзүлгөн имараттын сырткы тарабында (фасад) курулуш ордеринин иштөө мөөнөтү ичинде орнотулат.
Убактылуу сырткы жарнак объекттилерин орнотуу жана пайдалануу уруксатынын иш кагаздарын ушул эрежеде көрсөтүлгөндөй жасоо керек.
Курулуш торлордогу сырткы жарнак объектинин маалыматтык талаа аянты түшүрүлгөн сүрөттүн көлөмүнө карап (габаритинен) аныкталат.
2.3.1. Шаардык маалымат объектилери болуп, калкка шаар турмушундагы окуялар, Ош шаарынын аткаруу бийлигинин органдарынын иши жөнүндө маалымат берүү, Оштун тургундарына жана меймандарына шаарда жүрүүнүн багытын көрсөтүп берүү жана сурап билүү кызматын өтөө максатында шаардын аймагына орнотулган конструкциялар эсептелет.
2.3.2. Шаардык маалымат объектилери төмөндөгүдөй түрлөргө бөлүнөт:
-маалыматтык көрсөткүчтөр;
-электрондук сурап билүү терминалдары;
-мамлекеттик бийлик органдарынын илинмелери;
-калкка маалымат берүү жана коопсуздук максатында курулуш, жол, кырсыктык жана башка жумуштардын жүргүзүлүшү жөнүндө маалыматтык билдирүүсү менен стендтер (маалыматтык конструкциялар);
Ош шаарынын мэринин буйрук жана токтомуна ылайык, Ош шаарынын муниципалдык мечик башкармалыгынын тапшырмасы менен тематикалык план боюнча жайгаштырылуучу, шаардын майрамдык жасалгалары.
2.3.3. Шаардык объектилердин жайгашуусунун көчөлүк жана маалыматтык коммукникациялык көрсөткүчтөрү.
-көчө системасы (көчөлөрдүн, проспектилердин, аянттардын, жол кесилиштеринин ж.б.у.с. аттары) шаардык, аймактык жана муниципалдык, маанидеги мекеме жана ишканалардын Жайгашкан жерлери, маданий - тарыхый эстеликтер, керектөө рыногунун мекемелери жана ишканалары, шаардык инфраструктуранын башка объектилери жөнүндө маалыматы бар таянычка (өздүк таянычка, шаардык жарык берүү таянычына, карым-катнаш байланыш тармагы таянычына) орнотулган, ички өндүрүштүк менен эки тараптуу же бир тараптуу жалпак модулдук конструкция. Көчөдөгү маалыматтык коммуникациялык көрсөткүчтүн модулунун ченеми 1550x155О мметрден ашпашы керек.
2.3.4. Шаардык маалымат берүү объектилерин орнотуу жана иштетүү үчүн уруксат берүүчү документтерди даярдоо талап кылынбайт.
2.4.1. Калкты тейлөөчү мекемелер жана ишканалардын маалыматтык жасалгалоо объектиси болуп - товар же кызмат көрсөтүү жөнүндө керектөөчүлөргө маалымдоо максатында турган жериндеги, аймактагы үйлөрдүн же башка имараттардын сырткы дубалына жайгаштырылган ар түрдүү жарнактар, дубал панолору, кронштейндер жана башка объектилер эсептелет.
Калкты тейлөөчү мекемелер жана ишканалардын маалыматтык жана жарнамалык жасалгалоо объектилери төмөнкүдөй түрлөргө бөлүштүрүлөт:
-жарнактар
-маалыматтык жасалгалар (маалымат берүү конструкциялары)
-жарнактык жасалгалар
2.4.2. Көрнөктөр даярдоочунун аталышын (аткаруучу, сатуучу), анын турган жери (дареги) жана керектөөчүнүн укугун коргоо максатында иш убактысы жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик жана официалдык тилде керектөөчүлөргө билдирүү үчүн илинет.
Көрнөктөр даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) тарабынан алар жайгашкан имараттын көрүнүктүү жерине, он же сол тарабына же киреберишине жана ошондой эле жарманкеге (ярмарка), күркөгө жана башка соода жүргүзүчү жайларга илинет.
Көрнөктөрдун ченеми узундугу боюнча 60 сметрден, турасы боюнча 40 сметрден: тамгалардын жана сандардын бийиктиги 10сметрден ашпоосу керек.
Көрөнөктөрдү жайгаштыруу үчүн уруксат алуу талап кылынбайт.
2.4.3. Калкты тейлөөчү мекемелердин жана ишканалардын имараттарынын алдындагы аянттын көрүнүктүү жерине, ашканалардын тиби жана профили, керектөөчүлөргө багыт берүү үчүн чекене соода жүргүзү жана калкты тейлөө орду көрсөтүлгөн маалыматтарды мамлекеттик жана официалдык тилде жайгаштыруу үчүн маалымат конструкциясын орнөтөт.
Калкты тейлөөчу мекемелердин жана ишканалардын маалыматтык конструкциялары төмөндөгүдей орнотулушу мүмкүн:
-имараттын ээси же ал тарабынан дайындалган укуктук ээси менен макулдашып, имараттын алдындагы аянтчага же имараттын киреберишине орнотуу;
-бир же эки кабаттуу же стилобаттык курулуштун имаратынын чатырына чатырдык конструкция орнотуу;
-бир же эки кабаттуу же стилобаттык курулушта имараттын бир бөлүгүнө орнотуу. Имарат башка кишинин ээлигинде болсо, андан конструкцияны жайгаштырууга, жазуу жүзүндө макулдук алуу керек.
Керектүү техникалык, ошону менен бирге эле дизайн долбооруна тыянак болсо, керектөөчүлөр рыногунун жана тейлөөнүн тармактуу ишканасьшын типтүү маалымат конструкциясын орнотууга уруксат алуу бекитилген тартипте жүргүзүлөт (ишке ашат).
Керектөөчүлөр рыногунун жана тейлөөнун тармактык ишканасынын типтүү маалымат конструкциясын милдеттүү текшерүүчү техникалык экспертизасы алгачкы текшерүүдөн 5 жылдан кийин, конструкциянын электирдик бөлүгү 3 жылдан кийин жүргүзүлөт
Калкты тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын маалымат конструкцияларын орнотууга шаардык укуктук ишканалардын макулдугу уруксааттын мөөнөтү бүткөнгө чейин жарайт.
Бир нече бир типтү конструкциядагы - көркөм элементерден турган маалымат конструкциясына бир гана уруксат даярдалат.
Маалыматтык жасалганын тамгаларынын бийиктиги 15 сметрден кем болбоо керек.
Маалымат конструкциясы күндүк түнкү мезгилинде жарыктын ички булагы аркылуу жарык кылынат.
Сыртка чыгуучу дарбазасы негизги жөө жүрүүчү көчөлөргө чыкпаган имараттарда (подвалдар, жарым подвалдар, коргондун ичинде) жайгашкан калкты тиричилик жактан тейлөөчү мекемелерге уруксат берилет:
-алардын турган ордун билдирген типтүү жарык кылынган маалымат берүү аянты 2 кв.метрден ашпаган көрсөткүчтү имаратка акысыз орнотууга;
-керктөөчүлөрдү кызматы менен таныштырууга арналган милдеттүү маалыматы менен жылдырып жүрүүчү калкандык конструкцияларды (штендерлерди) сырткы жарнамалар жана маалыматтардын убактылуу объектилерин көпчүлүккө көрүнүктүү жайларга акысыз орнотууга;
-бул конструкциялар унаа жолдорунан өтүүчү зоналарга ишканалардын кире беришинен 5 м алыстыкта, тротуарларга орнотулат.
Маалыматтар жолдун унаа жүргөн тарабынан кабыл алууга багыталбашы керек, унаа жолдорунан жөө кесип өтүүчүлөргө тоскоолдук кылбаш керек, соода маркасын, башка кызмат өтөөчү юридикалык тараптардын аталыштарын жана белгилерин камтыбаш керек.
Көрсөтүлгөн конструкцияны орнотууга негиз болуп калкты тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын маалымат конструкциясы жөнүндөгу эрежеде көрсөтүлгөндөй тартипте жасалган, сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотууга алынган уруксат болуп саналат.
2.4.4. Калкты тейлөө мекемелердин жана ишканалардын маалымат конструкциясына жайгаштыруу жазуунун болжолду тизмеси:
2.4.4.1. Азык-түлүк соодасын жүргүзүүчү чакан ишканалар үчүн: универсам, супермаркет, гастроном, азык-түлүк дүкөндөрү, атайын дүкөндөр.
2.4.4.2. Азык-түлүк эмес соода жүргүзүчү чакан ишканалар үчүн: универмаг, соода үйү, соода борбору, атайын дүкөн, арзандатылган дүкөндөр.
Эскертүү: профили адистештирилген соода мекемелерине (бир товардык группасынын соода аянты 50%дан чоң) маалымат конструкциясына жазууда аталыштарын жазууга уруксат берилет: «Балык», «Булочка», «Кондитердик булочка», «Кондитердик товарлар», «Сүт», «Жашылча жемиштер», «Кийимдер», «Бут кийимдер», «Булгары кийимдер» ж.б. Ал эми айрым керектелүүчү белгилери боюнча топтоштурулган товарларды сатууда:
- «Диеталык азыктар», «Балдардын тамак ашы», «Эркектер үчүн товарлар», «Аялдар үчүн товарлар», «Белектер», «Жаңы үйлөнгөндөр үчүн товарлар», «Спорттук товарлар» ж.б.
2.4.4.3. Коомдук тамактануу мекемелери үчүн: ресторан, бар, кафе, бистро, кафетерий, ашкана, кулинардык дүкөн ж.б.
Эскертүү: коомдук тамактануу мекемелеринин адистештирилген профилдик мекемелерди белгилөөдө: «Шашлык», «Пирожки», «Жаштар кафеси», «Балдар кафеси» ж.б. аталыштарды колдонууга уруксат берилет.
2.4.4.4. Калктын тиричилигин тейлөө мекемелери үчүн: турмуш тиричилик кызматы, бут,-кийим оңдоо, кийим тигүү (баш кийим, парда, жүн, булгары жасалгалары ж.б.), турмуш тиричиликтик техниканы оңдоо (адистигин көрсөтүү мүмкүн: радио-электрондук жабдуулары, турмуш-тиричиликтик машиналардын, муздаткычтардын, тигүүчү машиналардын, сааттардын ж.б.) ачкыч, зергер, буюмдарды жасоо, үй эмеректерин жасоо жана (же) оңдоо (адистигин көрсөтүү мүмкүн: жумшак эмерек, ашкана эмеректери, токулган эмеректер ж.б.), химиялык тазалоо (адистигин көрсөтүү мүмкүн: кийимдерди, килемдерди, тыбыт буюмдарын жууш, чачтарач (толуктоо мүмкүн: косметика, моникюр), фото сурөткө тартуу (толуктоо мүмкүн: сүрөт даярдоо) мукабалоо (толуктоо мүмкүн: брошюларды чыгаруу), ижарага берүү (адистигин көрсөтүү мүмкүн: спорттук каражаттар, күндөлүк керектелүүчү үй буюмдары, музыкалык аспаптар ж.б.), ритуалдык кызматтар (толуктоо мүмкүн: үрп адат кызматы), эстелик жасоо (мүрзө курулмалары, тосмолор ж.б.), ломбард, жыю жана тазалоо кызматы (имараттарды, батирлерди, кеңселерди ж.б.) ж.б.
Мекеме тиби: ателье, мода үйү, салон-адистигин көрсөтүү менен, техникалык борбор, кабыл алуу пункту (адистигин көрсөтүү менен), химиялык тазалоо, кир жуугуч жай, фото ателье, фотография, бюро (түрдүлөр) мультисервис: тейлөө үйү.
Кызматтардын аталышын кыскартууга уруксат берилет: «Метало-ремонт», «Химтазалоо», фото» ж.б.
Мекеме тейлеген кызматтарды бириктирүүгө болот: «Химтазалоо - кир жуугуч жай», «Саат оңдоо жана зергерчилик» ж.б.
2.4.4.5. Автозаправкалык станциялар жана автоунаа жуучу жайлар үчүн: автозаправкалык станция (АЗС), автозаправкалык комплекс (АЗК), «Бензин», «Автожуугуч» ж.б. аталыштарды колдонууга уруксат берилет.
Бөлүнгөн аймакта автозаправкалык станциялардын, жуучу посттордун имараттарында жана курулуштарында күйүүчү майлардын баасы жана унааларды жууш кызматынын баасы жөнүндө маалыматтарды жайлаштыруу үчүн конструкцияны орнотууга жана иштетүүгө уруксат берилет. Автозаправкалык станциянын жана жуугуч посттун өзүнчө турган конструкциясын станцияга же постко бөлүнгөн аймактын чегинен 100 метрден ашпаган аралыкка унаанын багытына каратып, жолдун четиндеги сызыкка орнотуп иштетүүгө уруксат берилет.
2.4.4.6. Оюндук бизнес мекемеси - кире беришке мекеменин профилин көрсөтүү менен маалыматтык конструкциясын орнотуп, иштетүүгө укуктуу. Мында, потенциалдык кардарлар (стробоскоптор, жарык-динамикалык түзүлүштөр ж.б.) жана ошондой эле ишканалар тематикасы боюнча декоративдик элементтер үчүн бул мекеменин өзүнө тартуучулугун күчөтүүчү кошумча техникалык түзүлүштөрду, ыкмаларды жана жабдууларды колдонууга жол бербөө керек.
2.4.5. Калкты тейлөө боюнча мекемелер жана ишканалардын маалыматтык жасалгалоо объектилерине жазуу мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүлөт.
Товардык жана тейлөө белгилери катары кабыл алынган тартипте каттоодон өткөн декоративдик элементтерди маалыматтык конструкцияларга жайгаштырууга уруксат берилет. Мындай маалыматтык конструкциянын ээси товардык белгини жана тейлөө белгисин колдонууга мыйзамда белгиленген тартипте катталган укукка ээ болушу керек.
Мындай декоративдик элементердин, товардык белгилердин жана тейлөө белгилеринин сүрөттөлүшу керектөөчүлөрдү багыттоо максатында жайгаштырылган маалыматтардан ашып кетпөөсү керек.
2.4.6. Калкты тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын маалыматтык жана жарнактык жасалгалоо объектилеринин көрнөктөн башкасын орнотуу ушул эрежеде каралган тартипте даярдалган уруксаттын жана архитектуралык-техникалык тыянактын негизинде ишке ашырылат. Мында маалыматтык жасалгалоо объектисин орнотууга менчиктин түрүнө карабастан Ош шаарынын мүлкүн пайдалануу боюнча келишимин түзүү талап кылынбайт.
2.4.7. Калкты тейлөө мекемелери маалыматтык конструкцияга кошумча жарнактык маалыматты (жарнактык жасалгалоо) орнотууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамына ылайык катталган товардык белгилерден жана тейлөө белгилеринен башка жарнактык жасалганын тексти мамлекеттик тилде аткарылуусу керек. Мекеменин профилин жана тибин ачык керсөткөн кыргызча текст болгондо гана катталган товардык белгилер жана тейлөө белгилери англис тилинде оригиналдык түрдө аткарылышы жана жайгаштырылышы мүмкүн.
Бул учурда товардык белгилерди жана тейлөө белгилерин жазган тамгалардын бийиктиги, мекеменин профилин жана тибин ачып керсөткөн кыргызча тексттин негизги шрифтинин бийиктигине салыштырмалуу аз дегенде 2 эсе кичине болууга тийиш. Товардык белгилердин жана тейлөө белгилеринин чет тилинде сүрөттөлүшүн ишке ашыруу усулу жана саны мекеменин ишинин профили жөнүндөгү маалыматтын текстинен басымдуулук кылбаш керек.
2.4.8. Мекемеге жакын жайгашкан мүлктүк объектилерге жеке долбоор боюнча түзүлгөн, өндүрүш мекемелеринин, маданият, спорт, элге кызмат көрсөтүү мекемелеринин жана ишканалардын маалымат-жарнак көрсөткүчтөрүн орнотууга жана пайдаланууга уруксат берилет.
2.4.9. Элге кызмат көрсөтүү мекемелеринин жана ишканаларынын жарнактык жаслгалоо максатындагы сырткы жарнак жана маалымат объектилери ушул эрежеде көрсөтүлгөн тартипте жасалгаланууга тийиш.
3.1. Иш кагаздарын даярдоонун жалпы талаптары
Сырткы жарнак жана маалыматтардын объектилерин орнотууга жана пайдаланууга уруксат берүүчү иш кагаздарга, сырткы жарнак жана маалыматтардын объектилерин орнотууга уруксат же калкты тейлеген ишкана жана мекемелердин маалыматтык жасалгалоо объектилерин орнотууга алынган уруксат кирет. Сырткы жарнак объектисин орнотууга уруксапын формасы (мындан ары техникалык паспорт, №4-тиркеме) белгиленген тартипте бекитилет.
Сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотууга уруксат бepүүчү иш кагаздарын даярдоо боюнча ыйгарым укукту ишкана Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы болуп саналат.
Менчик ээсинин же кыймылсыз мүлккө тиешеси бар башка мыйзамдуу адамдын орнотмого техникалык паспорту болсо Ош шаарынын аймагындагы сырткы жарнак объектилерин орнотуу жана пайдаланууга уруксат берилет.
3.2.1. Менчик ээси же кыймылсыз мүлккө тиешеси бар мыйзамдуу адам, же болбосо сырткы жарнак жана маалымат объектисинин ээси Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына көрсөтүлгөн формада (№3-тиркеме) кайрылышат. Арызда сырткы жарнак жана маалымат объектисинин техникалык өлчөмү, аймактык жайгашкан жери жөнүндө маалымат көрсөтүүгөт.
Арыз берүүчү талап кылган иш кагаздарды берүү арызга уруксат берүүчү иш кагаздарын даярдоодо макулдашууга керек болгон иш кагаздардын тиркелиши зарыл. Жогорудагы иш кагаздары көрсөтүлбөгөн учурда арыз кабыл алынбашы мүмкүн.
3.2.2. Уруксат берүү арызын кабыл алып жана карап чыкандан кийин Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы техникалык паспортту берүү үчүн керек болгон тиешеллүү толук ыйгарымдуу органдар (Ош ш. АжШКБ, Ош ш. МАКБ, Ош ш. ИИБ ЖККБ жана о.с.) менен макулдашууларды өз алдынча жүргүзөт. Аларды алгандан кийин, техникалык паспортту берүүнү же макулдук бербөө чечимин чыгарат. Арыз берүүчү толук ыйгарымдуу органдар менен болгон макулдашууларды өз алдынча алууга жана аларды Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына көрсөтүүгө укукту.
3.2.3. Техникалык паспортту берүү же макулдукту бербөө жөнүндөгү Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын чечими арыз берилген күндөн баштап бир айдан кечиктирбей кабыл алынат жана уруксат берүү жөнүндөгү чечим арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирилет.
3.2.4. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан техникалык паспортту бербөө жөнүндөгү чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүйөлөштүрүлгөн жана кабыл алынган болушу керек.
3.2.5. Техникалык паспорт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ош шаарынын жергиликүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча мөөнөтүнөн мурда жокко чыгарылышы мүмкүн.
3.2.6. Техникалык паспорт Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын дооматы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечими менен жараксыз деп табылышы мүмкүн.
3.2.7. Техникалык паспорт тиешеллүү кызматтардын жана объектинин мыйзамдуу ээсинин катышуусунда депутаттардын Ош шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде мөөнөтүнөн мурда жокко чыгарылышы мүмкүн.
3.3.1. Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу, келишимдин негизинде Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу сырткы жарнак жана маалымат объектилеринин ээсине (мындан ары жарнак жайылтуучу) жер участкаларда жана башка Ош шаарынын мүлкүндө, анын ичинде оперативдик жана ишеним берүүчү башкармалыгынын, чарба жүргүзүүгө берилген жалпы пайдалануучу жерде сырткы жарнакты жайылтуу максатында объект орнотуу жана пайдаланууга төлөм аркылуу мүмкүнчүлүк түзүп берет.
3.3.2. Келишим боюнча төлөмдүн өлчөмү ушул эреженин №2-тиркемесинде көрсөтүлгөн тартиптеги эсеп кысаптын негизинде аныкталат.
3.3.3. Келишим түзүлгөндөн кийин жарнак жайылтуучу Ош шаарынын кыймылсыз мүлкүндө сырткы жарнак жана маалымат объектисин макулдашылган долбоордук иш кагаздардын негизинде 30 күндүк ичинде орнотууга милдеттүү. Техникалык татаал сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотуу мөөнөтү, жарнак жайылтуучунун арызынын негизинде Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармачылыгынын макулдугу менен узартылышы мүмкүн.
3.3.4. Жарнак жайылтуучу сырткы жарнак жана маалымат объектисин жарнак жайылтуу же социалдык жарнак максатында гана пайдаланууга милдеттүү. Социалдык жарнак материалдары Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан көрсөтүлүп, мыйзам чегинде жарнактык конструкцияга жарнак жайылтуучу тарабынан жайгаштырылат.
3.3.5. Жарнак жайылтуучу сырткы жарнак жана маалымат объектисин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жана пайдалануу келишиминде аныкталган Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотуу жана пайдалануу тартибинин негизинде жүргүзөт.
3.3.6. Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотуу жана пайдалануу жарнак жайылтуучу менен түзүлгөн келишим Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан бир жылдык мөөнөт менен түзүлөт.
3.3.7. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы менен түзүлгөн, Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотуу жана пайдалануу келишимисиз Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотууга жана пайдаланууга уруксат берилбейт.
3.3.8. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы шаардын башка мекемелери менен биргеликте сырткы жарнак жана маалымат объектисинин техникалык абалын жана пайдалануусун көзөмөлгө алат.
3.3.9. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан бир тараптуу тартипте төмөнкү учурларда келишим бузулушу мүмкүн:
3.3.9.1. Сырткы жарнак жана маалымат объектисинде социалдык жарнакка же жарнакка тиешесиз маалыматтар жайгаштырылса же сырткы жарнак жана маалымат объектиси максатсыз багытта пайдаланылса;
3.3.9.2. Келишимде көрсөтүлгөн 20 календардык күн ичинде төлөм жүргүзүлбөсө;
3.3.9.3. Сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотууга уруксат мөөнөтүнөн мурда жокко чыгарылса же жараксыз деп табылса;
'3.3.9.4. Жарнак жайылтуучу социалдык жарнакты жайгаштыруу боюнча милдетин аткарбаса;
3.3.9.5. Уруксат алуу үчүн жазылган арызда көрсөтүлгөн объект, орнотулган сырткы жарнак жана маалымат объектисинин техникалык иш кагаздары менен дал келбесе;
3.3.9.6. Берилген типтеги объектилерге көрсөтүлгөн, сырткы жарнак жана маалымат объектиси техникалык талаптарга туура келбестигин жоюуга коюлган талаптарды жарнак жайылтуучу бир нече ирет аткарбаса;
3.3.9.7. Шаар куруу абалынын өзгөртүшү, сырткы жарнак жана маалымат объектиси орнотулуучу аймакта сырткы жарнак орнотуу концепт-программасын ишке ашырууда;
3.3.9.8. Архитектуралык-техникалык тыянактын убакыт мөөнөтү бүткөн учурда;
3.3.10. Келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин жарнама жайылтуучу 10 күн ичинде сырткы жарнак жана маалымат объектисин ажыратып алууга (демонтаж) милдеттүү. Чоң жана артыкча чоң сырткы жарнак жана маалымат объектилери үчүн мөөнөт Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан көрсөтүлөт. Сырткы жарнак жана маалымат объектисин ажыратып алуу (демонтаж) боюнча милдеттенме өз мөөнөтүндө аткарылбаса сырткы жарнак жана маалымат объектисин мажбурлоо жолу менен ажыратып алууну Ош шаарынын муниципалдык, менчик башкармалыгы ишке ашырат жана ажыратып алууга кеткен чыгымдарды жарнак жайылтуучудан талап кылууга укуктуу;
3.3.11. Өз убагында төлөм жүргүзбөгөндүгү үчүн келишим боюнча жарнак жайылтуучу мөөнөтү өткөн ар бир күнүнө, мөөнөтү өткөн төлөмдүн 0,05%ыз өлчөмүндө айып төлөмүн төлөйт;
3.3.12. Ош шаарынын мүлкүн сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотуу жана пайдалануу үчүн колдонуу келишимсиз жүргүзүлсө, Ош шаарынын мунципалдык менчик башкармалыгы бул конструкцияларды ажыратып алууга жана накта сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотууга төлөнгөн төлөмдүн өлчөмүндө чыгым төлөөнү талап кылууга, ажыратып алууга кеткен чыгымдарды талап кылууга, зарыл учурда ажыратылган объектилердин калдыктарын жок кылууга (утилизация) укуктуу.
4.1. Уруксатсыз, келишимсиз же мөөнөтү бүткөн келишимдин негизинде орнотулган сырткы жарнак жана маалымат объектилерин ажыратып алуу жарнак жайылтуүчүнун эсебинен жүргүзүлөт.
4.2. Көрсөтүлгөн талап аткарылбаса, сырткы жарнак жана маалымат объектилери көрсөтүлгөн тартипте мажбурлоо жолу менен ажыратып алуута дуушар болот.
4.3. Ээси аныкталбаган, жок болсо, же ажыратып алууну өз эсебинен жүргүзүудөн баш тарткан сырткы жарнак жана маалымат объектилерин ажыратып алуу ыйгарым укуктуу органдардын (Ош ш. ММБ, Ош ш. МАКБ, Ош ш. АжШКБ жана о.с.) катышуусундагы комиссиянын актысынын негизинде Ош шаарынын бюджетинин эсебинен тиешеллүү чыгымдар беренеси аркылуу Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын тапшырмасы менен жүргүзүлөт.
4.4. Эреже бузуулар менен орнотулган сырткы жарнак жана маалымат объектилерин ажыратып алуу, ташып чыгаруу, кампаларда убактылуу сактоо, материалдык баалулуктарды ташып чыгуу актысы жана жоопкерчиликтуу сактоого берүү актысынын негизинде ажыратып алуудан кийин бир айлык мөөнөткө кампаларда сактоого берилет.
4.5. Жарнак жайылтуучу тараптан ажыратып алууга, ташууга, сактоого жумшалган чыгымдар төлөнгөндөн кийин ажыратылган объект көрсөтүлгөн тартипте ээсине кайтарылат.
4.6. Ажыратып алуу, ташуу, сактоо, калдыктарын жок кылуу боюнча буюртманы аткаруу иштери үчүн аткаруучу уюмдарга акысын төлөө, Ош шаарынын бюджетинен жумшалат. Жарнак жайылтуучу көткөн чыгымдарды бекитилген тартипте кайтарып берүүгө милдеттүү.
4.7. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын талабы боюнча мажбурлоо жолу менен ажыратып алуу иштерине жумшалган чыгымды көтөрүү, өз эркинче орнотулган сырткы жарнак жана маалымат объектисин жайгаштырган жарнак жайылтуүчүнун эсебинен болот,
5.1. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы Ош шаарынын аймагында сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу менен байланышкан функцияларды ишке ашырууга укуктуу Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы:
-тийиштүү кыймылсыз мүлктүн ээлери же башка мыйзамдуу ээлеринин арыздарын кабыл алуу жана карап чыгуу функцияларын аткаруучу, сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдаланууга уруксат алуу жөнүндө маалымат берүү, керектөө рыногунун мекемелеринин маалымат конструкцияларын орнотууга уруксат берүү функцияларын аткарат;
-ыйгарым укуктуу органдар менен бирге уруксат берүүдөгү чечимди кабыл алууда зарыл болгон макулдашууну ишке ашырат, уруксатты даярдайт жана берет; *
-уруксатты жокко чыгаруу боюнча чечим кабыл алат;
-Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу боюнча келишимдерди түзөт;
-төмөндөгү жумуштарды аткарууда кардалчынын функциясын аткарат:
Ош шаарында сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу долбоорун жана концепт-программаларын иштеп чыгуу боюнча;
социалдык жарнак материалдарын даярдоо боюнча; шаардык маалымат объектилерин куруу боюнча;
Ош шаарынын мүлкүнө өз алдынча орнотулган сырткы жарнак жана маалымат объектилерин ажыратып алуу боюнча.
5.2. Ош шаарынын архитектура жана шаар куруу башкармалыгы макулдашат:
-долбоордук-сметалык иш кагаздарын;
-сырткы жарнак объектисин орнотуу концепт-программасынын долбоорун; -шааркуруу абалдарын жана имараттардын, курулмалардын архитектуралык өзгөчөлүктөрүн, визуалдуу анализдөөнүн негизинде орнотууга мүмкүн болгон орунга бекитүү менен сырткы жарнак жана маалымат объектилердин баардык түрлөрүнүн дизайн-долбоорун жана жаңыдан орнотулуучу конструкцияларга бир ирет гана архитектуралык-техникалык тыянак берет.
5.3. Ош шаарынын ИИБ ЖККБ - сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотууда алардын жолдо жүрүү коопсуздугу боюнча нормативдик укуктук актыга туура келүүсү боюнча макулдашууну жүргүзөт.
6.1. Сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу боюнча курулуш-монтаждоо, электрдик иштерди жүргүзүү үчүн лицензиясы бар мекемелер тарабынан макулдашылган долбоордук иш кагаздар менен дал келгендей аткарылышы керек.
6.2. Сырткы жарнак жана маалымат объектилеринин фундаменттик курулушу жана башка жер иштери Ош шаарынын мамлекеттик архитектура курулуш башкармалыгынын милдеттүү түрдөгү актысынын жер иштетүү өндүрүшүнүн ордеринин негизинде жүргүзүлөт.
6.3. Сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотуудан 15 күн мурун Ош шаарынын ИИБ ЖККБге көчөнун же жолдун өтүүчү бөлүгүн же тилке четин ээлее жана кыймылды чектее же убактылуу жабуу заарылчылыгы боюнча маалымат берилүүсү керек.
6.4. Имараттарда жана курулмаларда сырткы жарнак жана мааалымат объектилерин куруу (монтаждоо) ээлеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда же анын иш жүргүзүүсү жөнүндө маалыматты кабарлоодон кийин гана жүргүзүлөт.
6.5. Курулуш-куруу (монтаждоо) жана электротехникалык иштерди аткарганда төмөндөгүдөй иш кагаздар болушу талап кылынат:
-сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотууга белгиленген тартипте жасалган уруксаат;
-архитектуралык-техникалык тыянак;
-жер казуу иштерин аткаруу үчүн ордер (ал жүргүзүлгөн болсо).
6.6. Жарнак жайылтуучу сырткы жарнак жана маалымат объектисин орноткондон кийин айлананы төмөндө белгиленген мөөнөттө калыбына келтирүүгө милдеттүү:
-тарыхый мурастар тилкесинде жана шаардык өзгөчө маанидеги аймакта 2 күндөн ашпаган мөөнөттө;
-жалпы шаардык маанидеги көчөлөрдө 4 күндөн ашпаган мөөнөттө;
-жалпы шаардык маанидеги кварталдар ичиндеги аймактарда 7 күндөн ашпаган мөөнөттө.
6.7. Жарнак жайылтуучу ар кандай коопсуздук эрежелеринин бузулушуна жооп берет. Ошондой эле бузулуулар жана кырсыктын болу учурлары үчүн, сырткы жарнак жана маалымат объектисин куру жана пайдалануу учурундагы кетирген каталыктар боюнча жооп берет.
6.8. Сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотуу боюнча курулуш куруу иштери аяктагандан кийин 3 жумуш күн ичинде жарнак жайылтуучу сырткы жарнак жана маалымат объектисинин пайдаланууга берилгендиги жөнүндөгү актысын түзүп, аны Ош шаарынын муниципиалдык менчик башкармалыгына берүүгө милдеттүү.
6.9. Кайра орнотулган сырткы жарнак жана маалымат объектисинин долбоордук иш кагаздарга жана техникалык эрежелердин жана шарттардын талаптарына дал келүүсүн текшерүү-СНиП, ПУЭ жана башка нормативдик иш кагаздар көз карандысыз эксперттик уюмдар тарабынан, өткөрүлөт. Кайра орнотулган сырткы жарнак жана маалымат объектисин текшерүүгө болгон өтүнүч кат, пайдаланууга берилгенден кийин 10 күндөн ашпаган мөөнөттө, жарнак жайылтуучу тарабынан берилет. Жарнак жайылтүүчүнүн өтүнүч катын алгандан кийин 14 жумуш күн ичинде көз карандысыз уюм. тиешеллүү протокол түзү менен көрсөтүлгөн объекттин изилдөөсүн жүргүзөт.
6.10. Объектини пайдаланууга берген текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча сырткы жарнак жана маалымат объектисинин долбоорунун иш кагаздарына дал келгендиги жөнүндө эксперттик тыянак Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы бекиткен форма боюнча түзүлөт. Эгерде сырткы жарнак жана маалымат объектиси долбоорго дал келсе, эксперттик тыянакка биринчи пландык текшерилүүнүн убактысы көрсөтүлөт. Ал эми долбоорго дал келбесе же коопсуздук талаптарга жооп бербесе, кемчиликтерди жоюу тизмеси көрсөтүлгөн эксперттик терс тыянак берилет.
Коопсуздук талаптарына дал келбеген маалыматтар ай сайын (ал эми кырсык учурларында кечиктирилбестен) Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына. Ош ш. ИИБ ЖККБнө билдирилет.
Сырткы жарнак жана маалымат объектисинин ээси табылган кемчиликтерди четтетүүгө шарты же калоосу болбогон учурда укуктуу эксперттик уюм объектини ажыратып алуу (демонтаж) сунушун Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына жиберет.
7.1. Пайдалануудагы сырткы жарнак жана маалымат объектисин пландуу иликтөөнү жарнак жайылтуучу өз эсебинен жылына бир жолу жүргүзөт. Сырткы жарнак жана маалымат объектисин иликтөөдөн өткөрүү үчүн эксперттик ишканага көрсөтүлгөн формада мурдагы эксперттик тыянактын мөөнөтүнүн бүтүшүнө бир ай калганда жарнак жайылтуучу өтүнмө менен кайрылат. Тыянактын мөөнөтү бүткөндөн кийин көзектеги иликтөө жүргүзүлөт.
7.2. Пландуу иликтөө төмөнкүлөрдү камтыйт:
-конструкциянын механикалык-температуралык, коррозиялык жана башка таасирлердин натыйжасынан бузулуш абалын жана деңгээлин текшерүүнү;
-нормативдик иш кагаздарга дал келүүсүн, сырткы жарнак жана маалымат объектисинин электр жабдууларынын абалын текшерүүнү;
-долбоордук-конструктордук иш кагаздары жок учурунда же бузулган учурда, объектини алып жүрүү мүмкүнчүлүгүнө контролдук эсеп-кысап жүргүзүлөт. Контролдук эсеп-кысап байкалган бузулууну эске алып, объект болжол менен минималдуу бышык материалдардан жасалган деп, накта өлчөмү жана көлөмү менен жүргүзүлөт.
-электротехникалык иш кагазы жок (жоголгон) учурда электр жабдыктардын көлөмдөрүнүн көзөмөл эсеп-кысабы электр жабдыктардын орнотулгандыгын эске алуу менен жүргүзүлөт.
7.3. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен объектини андан ары пайдалануу мүмкүндүгү боюнча жыйынтыктарды жана кийинки иликтөө мөөнөтүн, нормадан четтөөлөрдүн кыскача мазмуунун камтыган Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан бекитилген формада эксперттик тыянак түзүлөт.
7.4. Иликтөөнүн жыйынтыгында түзүлгөн эксперттик тыянакта көрсөтүлгөн кемчиликтерди жарнак жайылтуучу бир айлык мөөнөттө (кырсык учурунда - токтоосуз) жоюга жана сырткы жарнак жана маалымат объектисин анын электрожабдыктарын тийиштүү абалда кармоого милдеттүү.
7.5. Сырткы жарнак жана маалымат объектилерин иликтөө жөнүндөгү чечим Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан төмөндөгү учурларда кабыл алынат: кырсык учурунда, техногендик катастрофаларда, жаратылыш кырысыктары болгондо (чагылган, бороон ж.б.), пайдалануу учурунда конструктивдик кемчиликтер байкалганда, өндүрүштүк жараксыздык жана башка учурда, тийиштүү буйрук менен катталат.
Көзөмөлдүк иликтөө коз карандысыз эксперттик ишканалар аркылуу жүргүзүлөт.
Сырткы жарнак жана маалымат объектилерин көзөмөлдүк иликтөөдөн өткөрүүгө негиз болуп төмөндөгүлөр саналат:
Авариялык жагдайлар же алардын белгилери, кырсык кырдалдарды жою боюнча жүргүзүлгөн профилактикалык иликтөө жана орнотууга уруксаттын же сырткы жарнак жана маалымат объектилеринин техникалык регламенттин талаптарына туура келбестиги көз карандысыз эксперттик ишканалар же кызмат адамдары тарабынан аныкталган белгилер.
Сырткы жарнак жана маалымат объектилерин көзөмөлдүк иликтөө объект ээлерине сөзсүз түрдө расмий кабар берүү менен жүргүзүлөт жана кабар берүүдө пландалган көзөмөлдүк иликтөөнүн мөөнөтү, иликтөөдөн өтө турган объектинин дареги, иликтөөнү жүргүзө турган көз карандысыз эксперттик ишкананын аталышы көрсөтүлөт. Көзөмөлдүк иликтөөнүн жыйынтыгында түзүлгөн эксперттик тыянакта көрсөтүлгөн кемчиликтерди жарнак жайылтуучу бир айлык мөөнөттө (кырсык учурунда токтоосуз) жоюга милдеттүү.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
З. Сасыкбаев
|
| Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2013-жылдын 14-февралындагы көзектеги IV-сесиясындагы №81-токтомуна № 2 тиркеме |
ОШ ШААРЫНЫН МҮЛКҮНӨ СЫРТКЫ ЖАРНАК ЖАНА МААЛЫМАТ ОБЪЕКТИСИН ОРНОТУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ КЕЛИШИМИ БОЮНЧА ТӨЛӨМДҮН ӨЛЧӨМҮН АНЫКТОО ИРЕТИ
Бул ирет Ош шаарынын сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежесинин (мындан ары - Эреже) негизинде сырткы жарнак объетилерин орнотуу жана пайдалануу келишиминин төлөмүн аныктоо үчүн колдонулат.
1. Ош шаарынын сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу төлөмдөрүнүн өлчөмү төмөндөгү формула менен аныкталат (бир жылга сом менен):
T=BCxSxIlxK 1 хК2хКЗхК4хК5,
мында:
БС - базалык өлчөм, анын өлчөмү 50 сомго барабар (кошумча баа салыгы кошулбаганда); S - сырткы жарнак объетисинин маалымат талаа аянты (кв.м.);
П - сырткы жарнак жана маалымат объектилеринин орнотуу мезгили (өлчө бирдигин -жыл, мезгилди ай боюнча эсептегенде бир айдын 1/12 базалык өлчөмү колдонулат, мезгилди күн боюнча эсептегенде бир күндүн 1/365 базалык өлчөмү колдонулат)
К1 - ушул тиркеменин 2 пунктунун негизиндеги аймактык жайланышын эсепке алуучу коэффициент:
К2 - сырткы жарнак жана маалымат объектилерине төлөнүүчү өлчөмдүн, анын бир тарыбындагы маалымат талаасынын аянтына коз карандуулугун чагылдыруучу, төмөндөткүч коэффициент (ички жарыктаннуусу бар имаратардын чатырындагы сырткы жарнак объектилеринен башка сырткы жарнак объектилерине колдонулат):
Маалымат талаа аянты | К2 коэффициентинин мааниси |
36 м.квга чейин | 1,0 |
36 м.квдан 200 м.квга чейин | 0,5 + 18 / S, б.а. 36м.кв 1,0 коэффициента менен алынат, калган аянттар - 0,5 коэффициенти менен алынат |
200 м.квдан ашык | 0,1 + 98 / S, б.а. 36м.кв 1,0 коэффициенти менен алынат, 164м.кв 0,5 коэффициенти менен алынат, калган аянттар - 0,1 коэффициента менен алынат |
КЗ - сырткы жарнак жана маалымат объектилерине төлөнүүчү өлчөмдүн, анын унаа айдоочуларынын көрүү шарттарынан коз карандуулугун чагылдыруучу, төмөндөткүч коэффициент (бир бетинин аянты 10м.кв кем болбогон өз алдынча турган объектерге гана колдонулат):
-жол кыймылы учурунда көрүү шарты бар сырткы жарнак объектиси менен унаа каражатынын ортосунда карама-каршы тилке багыты бар жак үчүн К3=0,7;
-жол кыймылынын бир багыттуу учурунда көрүү шарты мүмкүн болбогон жак үчүн К3=0,3 (бир багыттуу көчөлөр үчүн);
башка учурларда К3=1;
К4 - заманбап татаал технологияларды киргизүүнү стимулдоочу коэффициент (сырткы жарнак объектилер үчүн колдонулат):
-жарыктануусу жок учурда (Эрежеде эске алынган жарыкты чагылдыруучу материалдардан жасалган объектерден жана учурлардан сырткары) К4=2; (зоналык жайгашуусуна жана маалымат талаасынын аянтына карабастан кронштейндер жана чакан форматтагы калкан орнотмолору үчүн бир айга 150 сом эсептелинет);
-жалпы шаардык маанидеги зоналарда орнотулган ички жарыктануусу менен автоматаштырылган алмашуу экспозициясы бар объектилер үчүн К4=1,3; колдонулсун (зоналык жайгашуусуна жана маалымат талаасынын аянтына карабастан кронштейндер үчүн бир айга 112 сом эсептелинет);
башка учурларда К4= 1;
К5 - айрым типтеги сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу өзгөчөлүгүн эске алуучу коэффициент:
Сырткы жарнак жана маалымат объектилеринин типтери | К5 коэффициентинин мааниси |
Унаа каражатарынын жол жүрүү тилкесинин үстүнө жана четинде орнотууга ылайкташтырылган сырткы жарнак жана маалымат объектилери (кыймылдын багыты боюнча көрүү шарты бар учурда) | 1,6 |
Имараттын чатырларындагы сырткы жарнак жана маалымат объектилерине | 0,9 |
Убактылуу курулуш тосмолоруна жана курулуш торлоруна орнотулуучу сырткы жарнак жана маалымат объектилерине | 0,9 |
Жөө жүрүү тосмолорунда | 0,5 |
Бир ээси бар шаардык маалымат объектилери менен конструктивдүү бириктирилген сырткы жарнак жана маалымат объектилерине | 0,5 |
Жер бетиндеги паннолорго | 0,4 |
Башка учурларда | 1,0 |
2. Сырткы жарнак жана маалымат объектилерин Ош шаарынын мүлкүнө орнотуу жана пайдалануудагы келишимдер боюнча акыны аныктоо максатында төмөндөгүдөй аймак зоналарына бөлүнгөн (депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 16.06.2009-ж. №112 токтому)
3. Ош шаарынын мүлкүндөгү сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана. пайдалануу төлөмдөрү, транспарант-тартмалардан сырткары келишимдеги көрсөтүлгөн мезгилдер үчүн алынат жана алар жылдар, айлар (1/12 жылга), күндөр (1/365 жылга) боюнча эсептелинет. Транспарант-тартмаларды орнотуу үчүн акы жарнактык сүрөттөрдү орнотудагы убакыт боюнча алынат, жана ал күн боюнча эсептелинет.
4. Аялдамалардагы лайт-бокстордун ижара акысы базар баасына жакындаштырылып келишим баада ижарага берилет, бирок 1 даана лайт-бокстун ижара акысы 800 сомдон кем болбош керек.
5. Муниципалдык жарнак калканчалар базар баасына жакындаштырылып келишим баада бир тарабына 1500 сомдон кем эмес баада берилет.
6. Ош шаарынын мүлкүндөгү сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу төлөмдөрүнүн өлчөмү, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин токтомунун негизинде Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
З. Сасыкбаев
| |
| Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2013-жылдын 14-февралындагы көзектеги IV-сесиясындагы №81-токтомуна № 3 тиркеме | |
Ишкананын аталышы
(менчик түрү)____________________________
______________________________________
Мекеменин ИНН________________________________________________
ОКПО КОДу____________________________________________________
Юридикалык дареги_____________________________________________
Ишмердүүлүктүн түрү____________________________________________
Телефон__________________факс______________е-mail______________
Ф.А.А. жана жетекчисинин кызматы_________________________________
Банктын реквизиттери, аты________________________________________
Эсеп счету______________________________________________________
БИК _________банктын шаары_____________________________________
|
Орнотмонун
Дареги
ТИПТҮҮ КОНСТУКЦИЯЛАР |
|
Брандмауэр Тосмодогу калканча Дубалдагы панно Имараттагы кронштейн Имараттагы транспарант Илинме Жарык түркүгүндөгү кронштейн Түркүктөгү кронштейн Имараттын чатырындагы орнотмо Курулуш түркүгүндөгү жарнак Транспарант-тартмалары Жөө жүрүү тосмолорундагы жарнак Желек жана башка жумшак Кездемелердеги жарнак Жылдырылуучу жарнак конструкция Витраждагы жарнак Штендер Абага көтөрүлүүчү шардагы аэростатдагы, Дирижаблдагы, жарнак Жеодеги панно Унаа аялдамаларындагы жарнак Өз алдынча туруучу жарнак калканчасы Өз алдынча турган тумба Көлөмдүк-мейкиндик объектилери (өз алдынча турган) Имараттын дубалындагы Жарыктануучу орнотмо Контейнер Убактылуу курулуш тосмолорундагы жарнак Башка сырткы жарнактын түрлөрү болсо (жарнак жайылтуучу тарабынан кошумча жазылат)
|
|
ТЕХНОЛОГИЯЛЫК МҮНӨЗДӨМӨ |
|
Колдонулбайт Жарыктануусу жок Сырткы жарыктануу Ички жарыктану Технологиялык татаал конструкция Электрондук табло Роллер Призмавижн Автоматикалык алмашылуучу экспозиция |
|
КОНСТРУКЦИЯНЫН КӨЛӨМҮ |
Узуну (см)__________________ Туурасы (см)________________ Аянты (ч.м)_________________ |
КОНСТУКЦИЯНЫН ПАРАМЕТИРИ |
Бетинин саны A B Элементтердин саны__________________________________ |
АЙМАГЫ Аймактык кеңеши_____________________________________ Район_______________________________________________ |
Мекеменин өкүлү
Телефону:_______________________ Ф.А.А. толугу менен___________________________
М.О. Колу_________
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
З. Сасыкбаев
|