Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-февраля № 83
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2013-жылга иш планы бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын сунуштарынын негизинде, депутаттардын Ош шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2013-жылга иш планы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А. Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б. Матисаков).
3. Бул токтомдун жана депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2013-жылга бекитилген иш планынын аткарылышынын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|
| Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2013-жылдын 14-февралындагы кезектеги IV-сесиясындагы №83-токтомуна № 1 тиркеме |
№ | Аткарыла турган иштер | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучулар |
| СЕССИЯДА КАРАЛУУЧУ МАСЕЛЕЛЕР |
|
|
1 | Ош шаардык электроэнергия сатуу бөлүмүнүн шаардын калкына көрсөткөн тейлөөнүн сапаты жана көрсөтүлгөн кызмат үчүн төлөмдөрдү жыйноо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө отчету. | I квартал | Өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча ТДК |
2 | Ош шаарынын 2013-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын, бюджетин жана 2011-жылдын бюджетинин аткарылышын бекитүү жөнүндө | I квартал | Бюджет, экономика жана каржы Маселелери боюнча ТДК |
3 | 2012-жылда депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жөнүндө. | I квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча ТДК |
4 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылы коопсуздугу башкармалыгына караштуу Ош областтык атайын монтаждоо-эксплуатациялоо башкармалыгынын (СМЭУ ГАИ МВД КР) жол кырсыктарынын алдын алуу максатында жол белгилерин коюу жана аларды жаңылоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | I квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча ТДК |
5 | Ош шаарында инвестиция тартуу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө.
| I квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча ТДК |
6 | Шаардагы пенсионерлерге жана аз камсыз болгон жарандарга пенсияларды, мамлекеттик жөлөк пулдарды жана социалдык пенсияларды өз убагында төлөп берүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө. | I квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча ТДК |
7 | Жапалак аймактык айылдык башкармалыгында жазгы талаа иштеринин жүрүшү, дыйкандарды урук, жер-семирткич, күйүүчү-майлоочу майлар жана жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө. | I квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча ТДК |
8 | Ош газ чарба башкармалыгынын шаардын калкын жана жаңы конуштарды жаратылыш газы менен камсыздоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | II квартал | Өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча ТДК |
9 | Ош шаары боюнча мамлекеттик салык кызматынын Ош шаарынын 2013- жылдагы бюджетинин аткарылуусун камсыздоо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө | II квартал | Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча ТДК |
10 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош шаардык Жарандык абалдын актыларын каттоо (ЗАГС) бөлүмүнүн шаардын тургундарына көрсөткөн кызматтарынын абалы жөнүндөгү маалыматын угуу. | II квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча ТДК |
11 | Ош шаарындагы тышкы миграциянын абалы жөнүндө | II квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча ТДК |
12 | Шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгында каттоодо турган жалгыз бой карыяларга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтын сапаты жөнүндө | II квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча ТДК |
13 | Шаардын мектептериндеги билим берүү деңгээлинин сапатын көтөрүү жөнүндө | II квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча ТДК |
14 | Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө отчетун угуу | II квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча ТДК |
15 | Жылуулук энергетикалык комплекс мекемелеринин 2013-2014-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө | III квартал | Өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча ТДК |
16 | 2013-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык экономикалык жактан өнүгүү программасынын жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчету. | III квартал | Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча ТДК |
17 | Ош шаардык паспорттук-визалык жана каттоо иштери бөлүмүнүн паспортторду даярдоо, аларды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынан документтерди кабыл алууну жана тариздөөнү ишке ашыруу боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалыматын угуу. | III квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча ТДК |
18 | Ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча Ош шаардык базарлар дирекциясынын аткарып жаткан иштери жөнүндө | III-квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселери боюнча ТДК |
19 | Жаштар арасында иш алып баруу боюнча шаардык жаштар комитетинин аткарып жаткан иштери жөнүндө | III-квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелерди боюнча ТДК |
20 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экология жана техникалык коопсуздук инспекциясы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө. | III-квартал | Архитектура,курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча ТДК |
21 | Ош шаардык райондук электр тармактар (РЭС) ишканасынын шаарды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана шаардыгы жаңы конуштарга трансформаторлорду орнотуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. | IV-квартал | Өнөр-жай, байланыш, транспорт,жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча ТДК |
22 | Жашы жетпеген өспүрүмдөр арасында укук бузууулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылып жатка ниш-чаралар жөнүндө Ош шаардык ичке иштер башкармалыгынын маалыматын угуу. | IV-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча ТДК |
23 | 2012-жылдын 18-декабрында депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги V сессиясында кабыл алынган №43-«Ош шаарында жаңы жумуш орундагы түзүү жана жумушсуздукту жоюу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө» токтомунун аткарылышы тууралуу мааламаттарды угуу (Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, Ош шаардык жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу башкармалыгы). | IV-квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана ортто бизнестин колдоо жана миграция маселелери боюнча ТДК |
24 | Спортту жайылтуу жана пропагандалоо боюнча шаарда аткарылып жаткан иштер жөнүндө. | IV-квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча ТДК |
25 | Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укутарды каттоо башкармалыгы тарабынан кыймылсыз мүлккө укуктары каттоо жана жерге ээлик кылуучу документтерди даярдоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө. | IV-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча ТДК |
ПРАКТИКАЛЫК ИШ ЧАРАЛАР | |||
1 | Сессияда карала турган маселелерди жерине чыгуу менен сапаттуу жана өз убагында даярдоо | Иш план боюнча | Туруктуу депутаттык комиссиялар (ТДК), Шаардык Кеңештин аппараты |
2 | Шаардык Кеңештин токтомдорунун аткарылышын жерине чыгуу менен көзөмөлдөө | Ай сайын | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
3 | Башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана өкмөттүк эмес уюмдар уюштурган семинарларга, тегерек столдорго активдүү катышуу | Чакыруу боюнча | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
4 | Бишкек, Балыкчы, Жалал-Абад, Токмок, Баткен шаардык Кеңештери менен тажрыйба алмашуу | 3-квартал | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
5 | Шаардык Кеңештин депутаттарынын билим деңгээлин жогорулатуу максатында, тиешелүү адистерди чакыруу менен төмөнкү темалар боюнча депутаттык окууларды өткөрүү: -Ош шаарындагы жергиликтүү маанидеги маселелер жана аларды чечүү -Ош шаардык жергиликтү өз алдынча башкаруусунун финансылык-экономикалык негиздери -Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын статусу, укуктары жана милдеттери Ченемдик-укуктук актылардын түрлөрү. Аларды кабыл алуу тартиби. | 1-квартал 2 квартал 3-квартал 4-квартал | Шаардык Кеңештин аппараты Шаардык финансы башкармалыгы, Шаардык салык кызматы, Адилет башкармалыгы |
6 | Шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү, аткарылган иштер боюнча отчет берүү жана шайлоочуларды кабыл алуу. | Депутаттык фракциялар | |
7 | Сессияга даярдалган документтерди өз убагында көбөйтүп, депутаттарга жеткирүү. | Шаардык Кеңештин аппараты | |
8 | Иш планда белгиленген маселелерди өз убагында кароо. | Туруктуу депутаттык комиссиялар | |
9 | Шаарда өткөрүлгөн массалык маданий, спорттук иш- чараларга активдүү катышу. | Шаардык Кеңштин депутаттары, аппараты | |
10 | Депутаттык милдеттерди аткарып жаткандыгы тууралуу массалык маалымат каражаттары аркылуу калкка маалымат берүү. | Шаардык Кеңештин депутаттары | |
11 | Шаардык Кеңеш кабыл алган токтомдорду жана алардын аткарылышы тууралуу маалыматтарды жергиликтүү гезиттер, телевидение аркылуу калкка жеткирип туруу. | Шаардык Кеңештин аппараты
| |
12 | Шаардык Кеңешке келип түшкөн каттарды, арыздарды жана башка документтерди өз убагында каттоо, кароо жана аткаруу, ошондой эле жообун кат, арыз ээлерине билдирип туруу. |
| Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчи
Туруктуу депутаттык комиссиялардын төрагалары: | З. Сасыкбаев
Р. Мирзаматов Н.Сабирова Б. Эргешов Г. Эсенбаева К. Пазилов А. Сыдыков |