Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-февралы № 87
Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Депутатгардын Ош шаардык Кеңешине, Ош шаарынын атуулдарынан жана мекеме-уюмдардан келген жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2012-жылдын 24-декабрындагы № 17, 2013-жылдын 24-январындагы № 1 жана 2013-жылдын 25-январындагы № 4-токтомдорун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2012-жылдын 24-декабрындагы отурумунун №17-токтомунун негизинде 14800,0 мин сом жана 2013-жылдын 25-январындагы отурумунун №1-токтомунун негизинде 7,0 млн. сом акча каражаттарын бөлүп берүүгө №1-тиркемеге ылайык макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ош муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасы тарабынан 2012-жылда жергиликтүү бюджеттен ссуда түрүндө алынган 15,0 млн. сом акча каражатынын кайтарым мөөнөтүн 2013-жылдын март айынан 2013-жылдын 25-декабрына чейин узартып берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана «Ош шамы гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Эргешов) жүктɵлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин тɵрагасы |
Т. Сабиров |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 14-февралындагы кезектеги VI сессиясынын № 87-токтомуна №1-тиркеме |
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2012-жылдын 24-декабрындагы отурумунун №17-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражатынын тизмеси:
-10,0 млн. сом акча каражатын Ош шаарындагы «Жапалак» автоунаа базарынын курулуш жана уюштуруу иштерине;
-4800,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын 4-кабатында жайгашкан депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессия өткөрүүчү залын капиталдык ремонттон өткөрүү жана керектүү эмеректерди сатып алуу үчүн.
Жыйынтыгы: 14800,0 миң сом акча каражаты.
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2013-жылдын 24-январындагы отурумунун №1-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражатынын тизмеси:
-1500,0 мин сом акча каражатын ссуда түрүндө кайтарым мөөнөтү 2013-жылдын декабрь айына чейин Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу Агентствосуна 2 даана Мерседес-Бенц (Спринтер) кичи автобусун сатып алуу үчүн;
-5500,0 миң сом акча каражатын ссуда түрүндө кайтарым мөөнөтү 2013-жылдын декабрь айына чейин Ош шаардык борбордук базар дирекциясына административдик имарат, эмерек жана кызматтык автоунаа сатып алуу үчүн.
Жыйынтыгы: 7,0 млн. сом акча каражаты.
Баардыгы: 21800,0 мин. сом акча каражаты
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси: |
З.Сасыкбаев |