Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-декабры № XXVI-1
Кара-Таш айылдык округунун аймагындагы токой экосистемасы сактап калуу,токойлордун массалык кайылуусуна бөгөт коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Токой» кодексинин талаптарына негизденүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигишта 2011-жылдын 25-августундагы №01-13/223- буйругуна, ушул багытта кабыл алынган Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 17-ноябрындагы №960-6 буйругуна жана Ноокат райлондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 29-октябрындагы №286-6 буйругуна ылайык айылдык округдун аймагындагы токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйылуусуна жол бербөө, жергиликтүү калактын отун продукциясына болгон муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн айылдык округдун аймагында тез жетилүүчү терек^жана кара тал дарактарын отургузуу демилгесин колдоо максатында- айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
Кара-Таш айылдык округдун аймагында тез жетилүүчү терек, кара тал көчөттөрүн жол боюнча, арык, канал жээктерине, үлүш жана там арык жээктерине, үлүш жана там арык жээктерине жана плантация тибинде отургузууну уюштуруу боюнча иштелип чыккан Кара-Таш айыл округдун тийиштүү иш-чара пландары бекитилсин.
Кара-Таш айылдык округдун калкыньш бир жылдык ишке жарамдуу жана отундук продукцияларга болгон муктаждыктарынын эсеби жана 2012-жылдын жаз айларында отургузула турган тез жетилүүчү терек жана кара тал көчөттөрүнүн, өлчөмү (саны) тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Бул токтомдун аткарылышьш камсыз кылуу Кара-Таш айыл округунун башчысы токтомдун аткарылышьш көзөмөлдөө жагы айылдык округдук Кеңешинин экология, жаратылыш ресурстары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардык Кара-Таш айылдык төрайымы |
Н. Тажибаева
|