Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 18-ноябры № 32-4
Кулатов айылдык округунун аймагындагы токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйылуусуыа бөгөт коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Токой» кодексинин талаптарына негизденүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин 2011-жылдын 25-августундагы №01-13/223-бунругуна, ушул багытта кабыл алынган Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 17-ноябрындагы №960-б буйругуна жана Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 29-октябрындагы №286-б буйругуна ылайык айылдык округдун аймагындагы токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйылуусуна жол бербөө, жергиликтүү калктын отун продукциясына болгон муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн айылдык округдун аймагында тез жетилүүчү терек жана кара тал дарактарын отургузуу демилгесин колдоо максатында Кулатов айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулатов айылдык округдун аймагында тез жетилүүчү терек, кара тал көчөттөрүн жол боюна, арык, там арык жээктерине жана плантация тибинде отургузууну уюштуруу боюнча иштелип чыккан Кулатов айыл округдун тийиштүү иш-чара аландары бекитилсин.
2. Кулатов айылдык округдун калкынын бир жылдык ишке жарамдуу жана отундук продукцияларга болгон муктаждыктарынын эсеби жана 2012-жылдын жаз айларында отургузула турган тез жетилүүчү терек жана кара тал көчөттөрүнүн өлчөмү (саны) тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кулатов айыл округунун башчысы Л. Эргешовго, айыл башчыларына жана токтомдун аткарылышын көзөмелдөө жагы айылдык округдук Кеңешинин экология, жаратылыш ресурстары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду бекитип берүү жагы, депутаттардын Ноокат райондук кеңешинен суралсын.
Т. Кулатов айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |