Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 31-марты № XVIII-2
Ноокат шаарынын аймагында тазалыкты жана тартипти сактоо максатында Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы жумушчу комиссиянын курамын жана анын иш-чараларын бекитуу жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагында тазалыкты жана тартипти сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү Мыйзамынын 27-беренесинин 4,15- пункттарынын негизинде Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагында тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча №1-тиркемеге ылайык түзүлгөн Ноокат шаардык Кеңешинин алдындагы жумушчу комиссиянын курамы жана №2-тиркемеге ылайык жумушчу комиссиянын иш-чаралары бекитилсин.
2. Ноокат шаарынын аймагында тазалыкты жана тартипти сактоо максатында түзүлгөн иш-чараларды так аткаруу түзүлгөн жумушчу комиссияга тапшырылсын.
3. Ноокат шаарынын борборунда жайгашкан менчиктин бардык түрлөрүндөгү дүкөн, ашкана, базарлар ж.б. ишканалар менен таштандыларды тазалоо боюнча келишимдерди түзүлсун.Жана ар бир кожолуктон алына тургон акчанын олчому 50 сомдон деп бекитилсын. Ушул иштерды аткарууну "Ноокат Коммунальщик" акционердик коомунун жетекчиси Б.Өмүрзаковго мил деттен дирил син.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык Кеңешинин өнөр жай, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Б. Калдарова |
| Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин (II - шайланган) кезексиз XVIII сессиясынын заседаниесинин 2011-жылдын 8-апрелиндеги №XVIII-2 токтомуна №1-тиркеме |
1. М. Турабаев- Ноокат шаар башкаруусунун башчысынын орунбасары, жумушчу комиссиянын торагасы
2. М. Сыдыков- Ноокат райондук айлана-чөйрөөнү коргоонун ага инспектору, жумушчу комиссия төрагасынын орунбасары (макулдугу менен)
Мучөлөрү:
3. М.Анарбаев- Ноокат райондук мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгери (макулдугу менен)
4. М.Норматов- Ноокат шаар башкаруусунун ФЭБнүн башчысы
5. Ш.Азимов- Ноокат шаар башкаруусунун жер жана турак жай боюнча адиси
6. Х.Абдужабборов-Ноокат шаар Кенешинин депутаты
7. Э.Сидиков- Ноокат райондук жол кыймылын көзөмөлдөө боюнча инженери, милициянын капитаны
8. З.Камалов- Ноокат шаардык Кенешинин депутаты
9. Ж.Сулайманов- Ноокат райондук айлана-чөйрөөнү коргоонун инспектору (макулдугу менен)
10. Ө.Кыланов- Ноокат шаар башкаруусунун киреше бөлүмүнүн башчысы
11. А.Ахмедов- "Ноокат Коммунальщик" акционердик коомунун өкүлү
Ноокат шаардык кеңешинин жооптуу катчысы |
М. Ярматова |
| Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин (II - шайланган) кезексиз XVIII сессиясынын заседаниесинин 2011-жылдын 8-апрелиндеги №XVIII-2 токтомуна №2-тиркеме |
Иш чаралардын | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуулар |
Ноокат шаарынын борборундагы көчөлөрдүн, тратуарлардын жана арыктардын тазалыгын көзөмөлдөө, аныкталган мыйзам бузуулар боюнча фактыларды райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы адмистративдик комиссияга өткөрүп берүү | Жыл ичинде | Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы жумушчу комиссиянын курамы |
Нооокат шаарынын борборундагы көчөлөрдүн, тратуарлардын четтеринде жана автоунааларда уруксаатсыз соода-сатык жүргүзүп жаткан юридикалык жана физикалык жактар менен түшүндүрүү иштерин алып баруу, мыйзам чегинде аныкталган мыйзам бузуулар боюнча фактыларды райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы административдик комиссияга өткөрүп берүү | Жыл ичинде | Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы жумушчу комиссиянын курамы |
Ноокат шаарындагы бардык дүкөн, ашкана, чайкана, автопарковкалар жана башка мекеме-ишканалардын, айлана-чөйрөсүндөгү тазалыкты, ал ишканаларда иштеген жумушчулардын талаптагы формаларда болуусун көзөмөлдөө, зарыл болгон учурда аныкталган мыйзам бузуулар боюнча фактыларды райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы административдик комиссияга өткөрүп берүү | Жыл ичинде | Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы жумушчу комиссиянын курамы |
Ноокат шаардык кеңешинин жооптуу катчысы |
М. Ярматова |