Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011 жылдын 31 -марты №82/ХУ11-25
Нурманбет айыл өкмөтүнүн калк отурукташкан аймактарында таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмүн киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 10.04.2008г.№5 "Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамынын 27 беренесинин, жана Кыргыз Республикасынын салык эмес төлөмдөрү жөнүндө мыйзамына,Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 12-1 беренесине ылайык Нурманбет айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн аймагында төмөнкү жыйым киргизилсин:
-калк отурукташкан аймактардан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым
2. Таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмү ар бир түтүндөн 50 сомдон деп бекитилсин.
3. Нурманбет айыл өкмөтүнө:
-бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына ченемдик-укуктук
актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн берилсин
-бул токтомдун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланышы камсыз
кылынсын
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы |
Ж. Сагынбекова |