ТоктомКүчүндө

Нурманбет айылдык кеңешинин 2011 жылдын 31 -мартындагы №82/ХУ11-25 «Нурманбет айыл өкмөтүнүн калк отурукташкан аймактарында таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмүн киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция31.03.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2011 жылдын 31 -марты №82/ХУ11-25

Нурманбет айыл өкмөтүнүн калк отурукташкан аймактарында таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмүн киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 10.04.2008г.№5 "Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамынын 27 беренесинин, жана Кыргыз Республикасынын салык эмес төлөмдөрү жөнүндө мыйзамына,Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 12-1 беренесине ылайык Нурманбет айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн аймагында төмөнкү жыйым киргизилсин:

-калк отурукташкан аймактардан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым

2. Таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмү ар бир түтүндөн 50 сомдон деп бекитилсин.

3. Нурманбет айыл өкмөтүнө:

-бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына ченемдик-укуктук

актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн берилсин

-бул токтомдун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланышы камсыз

кылынсын

4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн

 

Нурманбет айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Ж. Сагынбекова