ТоктомКүчүндө

Т.Зулпуев айылдык кеңешинин 2011-жыдын 21 сентябрындагы №27-1 «Т. Зулпуев атындагы айылдык округунун башчысын шайлоо жөнүндө» токтому

Редакция21.09.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин төртүнчү чакырылышынын кезексиз жыйырма жетинчи сессиясы

 

2011-жыдын 21 сентябры №27-1

Т. Зулпуев атындагы айылдык округунун башчысын шайлоо жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо жана Референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 токтому менен "Айыл округунун башчысын шайлоо жөнүндөгү" жобонун 36-пунктуна ылайык депутаттардын Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т. Зулпуев атындагы айылдык округунун башчысынын ордуна 15 депутаттын ичинен 15 добуш алган талапкер Торожанов Замирбек Казакбаевич Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун башчысы болуп шайлансын деген эсептөө комиссиясынын 2011-жылдын 21-сентябрындагы протоколу бекитилсин.

 

Т.3улпуев айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Э. Султанов