Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27- декабры № 1/2
Ленин айылдык кеңешинин регламентин кабыл алуу жөнүндө
Ленин айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнундө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүдө» Мыйзамдарынын негизинде, мыйзамдарга өкмөттүн токтомдоруна жана жоболорун каршы келбегендей Ленин айылдык кеңешинин регламентин толук талкулоону негизинде Ленин айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айылдык кеңешинин V чакырылышынын депутаттарынын регламент кабыл алынсын (регламент толук тиркелет).
2. Бул регламенттин так мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу барды депутаттардын, туруктуу комиссиялардын милдеттери экендиги белгиленсин
3. Регламент Юстициядан кайра каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы З.Дубанаевага тапшырылсын.
4. Бул токтомду аткаруу Ленин айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын жана жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Жоробеков |
| Ленин айылдык Кеңешинн кезектеги1-заседаниесинин (бешинчи шайланган) 2012-жылдын 27-декабрындагы № 1/2 токтому менен бекитилген |
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТИПТУУ РЕГЛАМЕНТИ
1-БОЛУК ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1- Глава Айылдык кеңеши
2-Глава
Айылдык кеңешинин компетенциясы
II БӨЛҮК
3-Глава
Айылдык кеңешинин төрагасы жана кеңештин төрагасынын орун басары
3- 1 глава
Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча айылдык кеңештин депутаттары жана депутаты тарабынан көрсөтүүнүн тартиби
4-Глава
Айылдык кеңешинин катчысы
5-Глава
Айылыдык кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
III БОЛУК
Айылдык кеңешинин иштөөнүн жалпы тартиби
6- Глава
Айылдык кеңешинин сессияларын өткөрүүнүн тартиби
7-Глава
Айылдык кеңешинин токтом долбоорлорунун кароо тартиби
IV БОЛУК Айылдык кеңешинин Регламенти
8-Глава
Айылдык кеңешинн Регламентине өзгөртүүлөрдүү жана толуктоолорду киргизүү жана бекитүү тартиби
Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» (15.07.2011-жыл № 101, 30.11.2011-жыл №228, 17.03.2012-жыл №20, 19.06.2012-жыл, 03.08.2012-жыл №149, 10.08.2012-жыл №164) жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана айылдык кеңешинин иш-аракет тартибин аныктайт.
1.1. Айылдык кеңеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Жогорку Кеңештин жана Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
1.2. Айылдык кеңешинин иш аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык айылдык кеңеш өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.3. Айылдык кеңеш белгиленген курамындагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тен жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4 жылга шайланат.
1.4. Айылдык кеңештер юридикалык жактар болуп саналат жана мыйзамдар менен өздөрүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелекрди өз алдынча чечүүгө укуктуу.
1.5. Айылдык кеңешинин уюштуруучу-укуктук иштөө формасынын негизи сессия болуп саналат.
2.1 .Айылдык кеңешинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
1) Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2) Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитуу, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкары фондцордун пайдаланышы жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктөрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
4) Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча женилидиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) Жергиликтүү жамааттын муниципиалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципиалдык менчик обьекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципиалдык менчиктин пайдаланылышына контролдукту ишке ашыруу;
6) Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органын иши жөнүндө отчетту угуу;
7) Мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
9) Тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык -аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10) Кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келуучу чечимдерин жокко чыгаруу;
11) Айылдык кеңештин Регламентин кабыл алуу;
12) Өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу;
13) Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;
14) Муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондо эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык үчүн тарифтерди бекитүү;
15) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;
16) ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
17) Жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү;
18) Айылдык округдун башчысын шайлоо;
19) Айылдык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирүү;
20) Тиешелүү район үчүн мыйзамда бекитилген базалык ставканын базалык ставканын базасынд эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эске алуу менен, айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдатангандык үчүн салыктын жиктелген (дифференцияланган) ставкаларын белгилөө;
21) Айыл чарбасына жарактуу жерлерди, чөп чабындыларды, кайра болуштуруу фондунун жерлерин ижарага берүүнүн тартибин аныктоо;
22) талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануу.
23) Айылдык кеңеши Жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечууго укуктуу, материалдык, финансылык жана башка каражаттар болунуп берилип, ага ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп алынат жана аткарылат.
24) Айылдык кеңеши белгиленген мөөнөттө өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришүүдө айылдык кеңештин структурасы жөнүндө чечим кабыл алат.
3.1. Айылдык кеңешинин төрагасы депутаттардын арасынан жашыруун добуш берүү жолу менен айылдык кеңешинин ыйгарым мөөнөтүнө шайланат. Айылдык кеңешинин төрагалыгына депутаттар тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде ишке ашырылат. Жалпы депутаттардын жарымынан ашык добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
Айылдык кеңешинин төрагасы:
- Кеңештин сессиясын чакырат;
- Сессияга торагалык кылат;
- Айылдык кеңешинин чечимдерине, отурум протоколдоруна жана башка иш -кагаздарына кол коет;
- айылдык кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат;
-айылдык кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо. Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнундө расмий өтүнүч жасайт;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
3.2. Айылдык кеңешинин төрагасы өзунун милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн, шайланган депутаттардын үчтөн бир бөлүгүнүн демилгеси боюнча жалпы депутаттардын үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен айылдык кеңештин терагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулат.
3.3. Айылдык кеңештердин төрагалары өзүнүн милдеттерин коомдук негизде, бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилинде бир жолку компенсация алуу менен аткарылат
3.4. Айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына талапкерди төрага тарабынан сунушталат жана ачык добуш берүү жолу менен шайланат. Депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
3.5. Кеңештин төрагасынын орун басары төраганын тапшырмаларын аткарат жана төрага өз милдетин ар кандай себептер менен аткара албай калган учурда төраганы милдетин аткарат.
3.6. Кеңештин төрагасынын орун басары өз милдетин коомдук башталышта алып барат.
3.7. Кеңештин төрагасынын орун басары депутаттарынын үчтен бир бөлүгүнүн демилгеси боюнча жалпы депутататтардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
3.8. Ленин айылдык Кеңешинин жыл ичинде өтүлгөн сессияга себепсиз 3 жолу келбеген депутаттардын мандаты ажыратылат.
3.9.Ар бир депутат аткарган иштери боюнча жыл сайын элге отчет берет.
4.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык кеңешинин депутаттары (депутаты) тарабын көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акил-тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айылдык кеңештин чакырылыш мөөнөтүнө айылдык кеңешинин депутаттары тарабыш шайланат.
4.2. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо, эгерде айылдык кеңештин депутаттарынын жат. санынын үчтөн экиден кем эмеси катышса болуп өттү деп эсептелет. Айылдык кеңешти-депутаттарынын жалпы санынын жарымынан ашык көпчүлүк добушун алган талаш" шайланды деп эсептелет.
4.3. Айылдык округдун башчысына талапкерлерди сунуштаган айылдык кеңештин депутаттары же депутаты шайлоо күнүнө чейин 5 жумушчу күндөн кечиктирбей аймак шайлоо комиссиясына төмөндөгү документтерди сунуштайт:
1) айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерди көрсөтүү жөнүндөгү айылдык кенеши чечими
2) талапкердин айылдык округдун башчысы кызматына шайлоого катышууга макулд арызы
3) талапкердин өмүр баяны
4) адистерди каттоого алуу боюнча сүрөтү жабыштырылган өздүк баракчасы (личный листок по учету кадров)
5) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинен көчүрмөсү
6) ноториалдык күбөлөндүрүлгөн жогорку билими жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсү.
7) резюме (справка-объективка)
8) соттолбогондугу жөнүндө маалытат.
5.1. Айылдык кеңешинин катчысынын милдетин айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы аткарат.
5.2. Айылдык кеңешинин катчысы:
- Айылдык кеңешинин катчы сессиянын протоколун жүргүзөт;
- Айылдык кеңешинин катчысы келип түшүүчү иш-кагаздарынын эсебин алууну уюштурат;
- Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиясынын уюштуруу иштерин жүргүзөт;
- Айылдык кеңештин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардьи катышуусунун эсебин алат;
- Айылдык кеңешинин сессиясынын токтомдорун тариздейт жана кеңештин депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат;
- Айылдык кеңешинин жана сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
6.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелердт алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабына" аткарылышына көзөмөл кылуу үчүн түзүлөт.
Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби айылдык кеңеш тарабынан аныкталат. Кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаны туруктуу комиссияларды түзөт, мурдагы түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
6.2. Туруктуу комиссиялар тиешелүү айылдык кеңештердин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес. Комиссиялар өзүнүн төраганы шайлайт. Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыты боюнча кичи комиссияларды түзө алышат
6.3. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окмуштууларды, адистерди практик кызматчыларды, даты башка адамдарды тартууга укуктуу.
6.4. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.
6.5. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары ведомостволук аймакта жайгашкан уюмда; менен мекемелердин оперативтүү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.
6.6. Айылдык кеңеши атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат.
Убактылуу комиссиялардын ыйгарым укуктары жана сандык курамы аларды түзүү убагынд аныкталат. Убактылуу комиссиялардын ишмердүүлүгү тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.
7.1. Айылдык кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп кеңешти сессиясы саналат.
Айылдык кеңешинин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес жана депутаттардын жана санынын үчтөн биринин талабы менен өткөрүлөт жана жалпы депутаттардын үчтөн эки катышса кворум бар деп эсептелинет.
Айылдык кеңешинин чечимдери депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабы алынат. Айылдык кеңештин чечимдери токтом түрүндө даярдалат.
7.2. Айылдык кеңешинин депутаттары кеңештин сессиясына катышууга милдеттүү. Аларды сессияга катышуунун эсебин катчы жүргүзөт. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурлард алдын ала катчыга маалымдоого тийиш.
7.3. Айылдык кеңешинин сессиясы ачык түрдө өткөрүлөт. Кеңештин чечими менен сессия жабы түрүндө өткөрүлүүсү мүмкүн.
7.4. Сессиянын чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
7.5. Айылдык кеңеши ар бир сессияда күн тартибин жана иштее тартибин кабыл алат.
7.6. Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.
7.7. Айылдык кеңешинин сессиясынын протоколдорун кеңештин катчысы жүргүзүлөт. Протокол, сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышпа калгандын себептери, чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматта кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколго сессияга төрагалык кылынуучунун колу коюлат.
7.8. Керек болгон учурларда айылдык кеңешинин сессияларында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар массалык каражат булактарында чагылдырылат.
8.1. Айылдык кеңешинин сессиясында каралган маселелер боюнча токтом кабыл алына Кеңештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.
8.2. Айылдык кеңешине кароого сунушталган токтом долбоору төмөндөгүдөй болууга тийиш:
- Кабыл алынган чечимди аткаруучулар, аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары, ошондой эл токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт;
- Зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар, тийиштүү аймактык органдардын жергиликтүү бөлүмдөрү, ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашуу" тийиш:
- Ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорд жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтылууга тийиш;
- айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарык ылайык юридикалык корутунду болуусу керек.
8.3. Айылдык кеңештин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышка депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
8.4. Кеңештин депутаты чечимге макул болбосо жазуу же озеки формасында өзүнүн езгоч пикирин айылдык кеңешинин протоколунан киргизүүгө укуктуу.
8.5. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүл бөлүгү добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.
8.6. Токтом долбоору бардык ондоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.
8.7. Айылдык кеңешинин чечимин тиешелүү аткаруучуларга таратуу кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө кеңеш аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
8.8. Айылдык кеңешини кабыл алган токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштү аймакта жайгашкан (менчигинин түрүнө карабастан) ишканалар, мекемелер жана аларды органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттүү.
9.1. Айылдык кеңешинин иш Регламентин, типтүү Регламентин негизинде регламент маселе боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат жана кеңештин сессиясына бекитүүгө киргизет.
9.2. Регламент маселелери боюнча топко айылдык кеңешинин шайлануучу беш депутаттан көп эмес болууга тийиш. Аны айылдык округдун кеңешинин төрагасынын орун басары жетекчилик алат.
9.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнөтүлөт.
9.5. Регламент жана Регламентке ондоолор киргизилгенден кийин кеңешке шайланг депутаттардын көпчүлүк саны менен кабыл алынат.