Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-июну №XXVII-5
Ноокат шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 30-мартындагы № XXVI-I токтому менен СУБСИда статьясына каралган акча каражатын иштетүү жөнүндө.
Ноокат шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 30-мартындагы № XXVI-I токтому менен СУБСИда статьясына каралган акча каражатын иштетүү максатында депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 30-мартындагы № XXVI-I токтому менен СУБСИда статьясына каралган акча каражатынын эсебинен Ноокат шаарынын борборундагы айлампанын курулушуна 1000,0 миң сом ажыратып берилсин.
2. Ноокат шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 30-мартындагы № XXVI-I токтому менен СУБСИда статьясына каралган акча каражатынын эсебинен Ноокат шаарынын борборундагы С.Алимбаев көчөсүнүн 40 үйүнүн артындагы тратуарга, А.Абдибаитов атындагы мектептин күн чыгыш тарабындагы тратуарга жана Мирмахмудов атындагы көчөсүнөн, борбордук базардын күн чыгыш тарабындагы дарбазасына чейин тратуар ачуу жана бул тратуарларга плита жаткыруу үчүн 1081,5 мин сом ажыратып берилсин.
3. Ноокат шаардык аймагындагы эски мал базар (Кара-Турпак) участкасындагы жашаган элдердин алдындагы сайга габен(сетка) орнотуу үчүн Ноокат шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 30-мартындагы № XXVI-I токтому менен СУБСИда статьясына каралган акча каражатынын эсебинен 38,6 миң сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин өнөр жай, курулуш, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин төрайымы |
Б.Калдарова
|