Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 08-февралы № 16-4
Он Эки Бел айыл округунун 2012-жылдын 6-февралындагы № 25 токтомун бекитип - берүү тууралуу.
Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 2-июнундагы № 71 Мыйзамы менен ратификацияланган, Астана шаарында 2011- жылдын 13 июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Кытай экспорттук -импорттук банкыны ортосундагы Кыргызстандын түштүгүндө электр берүү линияларын жаңылоонун долбоорун ишке ашыруу үчүн займ-жеңилдетилген кредит келишимин ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2011 -жылдын 21-сентябрындагы № 565-токтомунун негизинде Он Эки Бел айылдык округунун 2012-жылдын 6-февралындагы № 25 токтомун угуп жана кеңири талкуулап Он Эки Бел айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он Эки Бел айылдык округунун 2012-жылдын 6-февралындагы №25 токтому Бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасыньш түштүгүндө электр берүү линияларын жаңылоо долбоор боюнча " Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомуна берилүүчү жер участокторуна жеке жана юридикалык жактарынын жек участоктору туура келип калса, аларды алуу Кыргыз Республикасынын жер кодексине ылайык, жер каттоо документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жүргүзүлөөрү белгиленсин.
2." Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомуна Ош облусу боюнча ВЛ-220 кВ "Узловая-Алай" обьектисин куруу үчүн " 45,46,47,48,49,50,51,52,53,54,55,56 таянычтарын отургузуу үчүн 2260,165 м2 жер участоктору кайтарымсыз жана мөөнөтсүз пайдаланууга белгиленген тартипте ажыратылып берилсин.
4. Ноокат архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан, райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо депертаментинен жогоруда аталган обьектинин курулушуна тиешелүү болгон юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
5. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Ноокат райондук кеңешинен суралсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округунун башчысына жана айылдык кеңешинин жер комиссиясына тапшырылсын.
Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Мойдинов
|