Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-январы №22-2
"Кыргызстандын түштүгүндө электр линияларын жаңылоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-сентябрындагы №565 токтому жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы №71 Мыйзамы менен ратификацияланган, Астана шаарында 2011-жылдын 13-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан займ алуучу катары Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги менен Кытай Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы "Кыргызстандын түштүгүндө электр берүү линияларын жаңылоонун долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-сентябрындагы № 565 токтомун аткаруу максатында Көк-Жар айылдык кеңешинин айыл, суу чарба жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо.курулуш жана кайра иштетүү, энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниесинин протоколун угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстандын түштүгүндө электр берүү линияларын жаңылоонун долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-сентябрындагы № 565 токтому жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. "Кыргызстандын электр тармактары" ачык акционердик коомунун Ош облусу боюнча ВЛ-220 кВ "Узловая-Алай" обьектисин куруу үчүн төмөндө көрсөтүлгөн жер участоктору кайтарымсыз жана мөөнөтсүз пайдаланууга тиркемеге ылайык ажыратылып берилсин.(тиркеме тиркелет).
3. Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкарлалыгынан, кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан жогорудагы обьектинин курулушуна тиешелүү болгон юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын түштүгүндө электр берүү линияларын жаңылоо долбоору боюнча "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомуна берилүүчү жер участокторуна жеке жана юридикалык жактардын жер участоктору туура келип калса, аларды алуу Кыргыз Рсепубликасынын Жер кодексине ылайык, жер-каттоо документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жүргүзүлөрү белгиленсин.
5. Электр линиясын жаңылоо долбоорунун курулушуна көмөк көрсөтүү жагы айыл округунун башчысы Б.Сатыбалдыевдин жетекчилигине алынып Сарыкаңды айылынын айыл башчысы А.Турдукуловго, Алашан айылынын айыл башчысы М.Калматовго жана тиешелүү болгон бардык документтерди мыйзамдаштыруу жагы айылдык округдун жер адиси А.Ташевге милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдун башчысы Б.Сатыбалдыевг тапшырылсын.
7. Ушул токтомду бекитип берүү жагы депутаттардын Ноокат райондук кеңешинен суралсын.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Исраилов
|