Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-декабры №1/1
Ынтымак айылдык Кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Ынтымак айылдык Кеңешинин сессиясы сессиянын күн тартибиндеги "Ынтымак айылдык Кеңешинин регламенти жөнүндөгү" боюнча маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айылдык Кеңешинин ишин уюштуруу жана иштөө тартибин жөнгө салуу боюнча Регламенти бекитилсин.(регламенти тиркелет)
2. Ынтымак айылдык кеңешинин регламентинде бекитилген талаптарды так сактоо жана аткарууга-алуу жагы Ынтымак айылдык кеңешинин депутаттарына милдеттендирилсин.
3. Регламентин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айыдык кеңешинин төрагасына милдеттендирилсин.
Ынтымак айылдык Кеңешинин төрагасы |
М. Усонов |
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК ОКРУГДУН КЕҢЕШИНИН ТИПТҮҮ РЕГЛАМЕНТИ
| Ынтымак айылдык округдун кеңешинин 2012-жылдын 28-декарындагы №1/1 токтомуна тиркеме |
I БӨЛҮК
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
Айылдык округдун кеңеши
Айьглдык округдун кеңешинин компентенциясы
II-БӨЛҮК
Айылдык округдун кеңешинин төрагасынын орун басары
Айылдык округдун кеңешинин катчысы
Айылдык округдун кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
III-БӨЛҮК
Айылдык округдун кеңешинин иштөөнүн жалпы тартиби
Айылдык округдун кеңешинин сессияларын өткөрүүнүн тартиби
Айылдык округдун кеңешинин токтом долбоорлорун кароо тартиби
IV-БӨЛҮК
Айылдык округдун кеңешинин Регламенти
Айылдык округдун кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү жана бекитүү тартиби
Айылдык округдун кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
жана бекитүү тартиби
Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана айылдык округ кенешинин иш-аракет тартибин аныктайт.
1-БӨЛҮК
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-Глава
1.1. Айылдык округдун кеңеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик алминистрация жөнүндө жана Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына, Жогорку Кеңеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
1.2. Айылдык округдун кеңешинин иш-аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзүлөт.
РеспубликасынынРеспубликасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү администрация жөнүндө жана Жергилктүү кенештердин депутаттарынын! жөнүндө мыйзамдарына ылайык, айыл округунун кеңеши жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.3. Айылдык округдун кеңеши белгилинген курамындагы делутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочудардын жалпы тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4 жылга шайланат.
1.4. Айылдык округдун кеңешинин уюштуруучу-укуктук иштөө формасынын негизи сессия болуп саналат.
2-Глава
Айылдык округдун кеңешинин компентенциясы
Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңешинин компентенниясына төмөндөгүлөр кирет:
1.жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
2.Жергиликтүү бюджети жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюлжетти аткаруунун жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты тутуу;
3.аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу:
4.Жергиликтуү салыктарды жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерин киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө.
5.Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык .менчик обьектерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчиктин пайлаланылышына контролдукту жүзөгө ашыруу;
6.Жергиликтуү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
7.Мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттарлын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8.Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бирге райондук маанидеги шаардын жана поселканын башчысына же айылдык округдун башчысына же айылдык округдун башчысына ишеним көрсөтпөө;
9. Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
10.Администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында аларды иштеп чыгуу;
11.Төраганы жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматынан бошоту. Кеңештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-келген чечимдерин жокко чыгаруу;
12.Жергиликтүү кеңештин регламентин кабыл алуу;
13.Өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
14.Өкмөт аныктаган типтүү ченемдердин негизинде айылдык округдун башчысынын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын структурасын жана штаттык санын бекитүү;
15.Муздак сууну. Канализацияны, жылуулук жабдууларын пандалануу үчүн, ошондой эле турмуш - тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, таашып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү;
16. Айылдык округ башчысын шайлоо;
17.Тиешелүү район үчүн мыйзамда бекитилген базалык ставканын базасында эсептелген байыл үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасы чекиттеринде кыртыштын бонитетинин балдарын эске алуу менен, айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын дифференцияланган ставкаларын белгилөө;
18. Кайра бөлүштүрүү фондунун айыл чарба жерлерин, чабындыларды, жайыттарды ижарага тапшыруу тартибин аныктоо;
19. Жергиликтүү жамааттын уставын кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү;
20. Айылдык округдун кеңеши жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө укуктуу, материалдык, финансылык жана башка каражаттар бөлүнүп берилип, ага ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп алынат жана аткарылат.
19.2 Айылдык округдун кеңеши белгиленген меөнөттө өзүнүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришүүдө төраганын орун басары жана структура жөнүндө чечим кабыл алат.
II-Бөлүк Айылдык округдун кеңешинин төрөгасы жана орун басары
З-Глава Айылдык округдун кеңешинин төрөгасы жана төрөгасынын орун басары
3.1. Айылдык округдун кеңешинин төрөгасы депутаттардын арасынан жашыруун добуш берүү жолу менен айылдык округунун кеңешинин жана поселкалык кеңешинин ыйгарым мөөнөтүнө шайланат. Айылдык округунун кеңешинин төрагалыгына депутаттар тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде ишке ашырылат. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
Айылдык округдун кеңешинин төрагасы:
Кеңеш сессиясын чакырат;
Сессияга төрагалык кылат;
Айылдык округдун кенешинин чечимдерине, отурум протоколдоруна жана башка иш кагаздарына кол коет;
Кыргыз Республнкасынын Мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат;
3.2. Айылдык округдун кеңешинин төрагасы өзүнүн милдеттендирет же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн шайланган депутаттардын 1-3 демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
3.3. Айылдык округдун кеңешинин төрагасынын орун басары, Айылдык округдун кеңешинин төрагасынын орун басары айылдык оругдун кеңешинин төрагасынын орун басарына талапкерди төрага тарбынан сунушталат жана ачык добуш берүү жолу менен шайланат.
Депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
3.4. Кеңештин төрагасынын орун басары төраганын тапшырмаларын аткарат жана ал өз милдетин ар кандай себептер менен аткара албай калган учурда, төраганын милдетин аткарат.
3.5. Кеңештин төрагасынын орун басары өз милдетин коомдук башталышта алып барат.
3.6. Кеңештин төрагасынын орун басары депутатарынын 1-3 бөлүгүнүн демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
4-Глава Айылдык округдун кеңешинин катчысы
4.1. Айылдык округдун кеңешинин катчысынын милдетин айылдык округдун жооптуу катчысы аткарат.
4.2. Айлдык округдун кеңешинин катчысы:
Айылдык округдун кеңешинин катчысы сессиянын протоколун жүргүзөт;
Айылдык округдун кеңешинин катчысы келип түшүүчү иш кагаздарынын эсебин алууну уюштурат;
Айылдык округ кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиясынын уюштуруу иштерин жүргүзөт;
Айыл округдун кеңешинин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусунун эсебин алат;
Айылдык округдун кеңешинин сессия токтомдорун тариздейт жана кеңеш депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат;
Айылдык округдун кеңешинин сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жеткичилик кылат.
5-Глава Айылдык округдун кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
5.1. Айылдык округдун кеңешинин кеңешке киргизүлүүчү тпйиштүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн депутаттар санынан, ошондой эле, кеңеш чечимдерин ишке ашырууга катышуу үчүн, бул чечимдерди бул аймактагы жайгашкан мекемелер жана уюмдардын аткарышын көзөмөлдөө үчүн, туруктуу комиссия түзүлөт.
Айыл округдун кеңеши тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлөт. Комиссиялар тизмеси, алардын сандык курамын шайлоо айылдык округунун кеңешинин депутаттары тарабынан аныкталат.
5.2. Айылдык округдун кеңеши атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат.
Убактылуу комиссиялардын ыйгарым укуктары аларды түзүү убагында аныкталат. Убактылуу комиссиялардын ишмердүүлүгү тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.
III-БӨЛҮК Айылдык округдун кеңешинин ишинин жалпы тартиби
6-Глава
Айылдык округдун кеңешинин сессиясын өткөрүү тартиби
6.1. Айылдык округдун кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук укуктук формасы болуп кеңештин сесиясы саналат.
Айылдык округдун кеңешинин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес жана депутаттардын жалпы санынын 1-3 кем эмес талабы боюнча өткөрүлөт.
Айылдык округдун кеңешинин чечимдери депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
6.2. Айылдык округдун кеңешинин депутаттары кеңеш сессиясына катышууга милдеттүү.
Алардын сессияга катышуунун эсебин катчы жүргүзөт. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурларда алдын ала катчыга маалымдоого тийиш.
6.3. Айылдык округдун кеңешинин сессиясы ачык түрүндө еткөрүлөт. Кеңештин чечими менен сессия жабык түрүндө өткөрүдүүсү мүмкүн.
6.4. Сессиянын чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
6.5. Айылдык округдун кеңеши ар бир сессияда күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.
6.6. Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.
6.7. Айылдык округдун кеңешинин сессиясынын протоколдорун кеңештин катчысы жургүзөт. Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышпай калгандардын себептери, чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар. кабыл алынган чечимдер камтылат, Протоколдо сессияга төрагалык кылуучунун колу коюлат.
6.8. Керек болгон учурларда айылдык округдун кеңешинин сессияларында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар массалык каражат булактарында чагылдырылат.
7-Глава
Айылдык округдун кеңешинин токтом долбоорлорун кароо тартиби
7.1. Айылдык округдун кеңешинин сессиясында каралган маселелер боюнча токтом кабыл алынат. Кеңештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.
7.2. Айылдык округдун кеңешине кароого сунушталган токтом долбоору төмөндөгүдөй болууга тийиш:
Кабыл алынган чечимди аткаруучулар, аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт.
Зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар, тийиштүү аймактык органдардын жергилктүү бөлүмдөрү, ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылууга тийиш:
Ушул маселелер боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтылууга тийиш. Айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республнкасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунду бөлүүсү керек.
7.3. Айылдык округдун кеңешинин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
7.4. Кеңеш депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында өзүнүн өзгөчө пикирин айылдык округунун кеңешинин протоколуна киргизүүгө укуктуу.
7.5. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санын көпчүлүк бөлүгү добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.
7.6. Токтом долбоору бардык оңдоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.
7.7. Айылдык округдун кеңешинин чечимин таратуу кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө кеңеш аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
7.8. Айылдык округдун кеңешинин кабыл алган токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттүү.
IV-БӨЛҮК
Айылдык округдун кеңешинин Регламенти
8-Глава
Айылдык округдун кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кигизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби.
8.1. Айылдык округдун кеңешинин иш Регламентин, типтүү Регламенттин негизинде регламент маселелери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат жана кеңештин сессиясына бекитүүгө киргизет.
8.2. Регламент маселелери боюнча топко айылдык округ кеңешинин шайлануучу беш депутаттан кем эмес болууга тийиш айылдык округдун кеңешинин төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.
8.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнөтүлөт.
8.4. Регламент жана Регламентке ондоолор киргизилгенден кийин кеңешке шайланган депутаттардын көпчүлүк саны кабыл алат.