Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-декабры № 26-37/3
"Суу түтүк" КИсинин иши боюнча убактылуу жумушчу комиссиясынын жыйынтыгы жөнүндө
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин убактылуу жумушчу комиссиясынын төрагасы М.С.Раматовдун, "Суу тутүк" КМИсин текшерүү боюнча жыйынтыгы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, убактылуу жумушчу комиссиясынын сунушун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XХХVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин убактылуу жумушчу комиссиясынын төрагасы, депутат М.С.Раматовдун,"Суу түтүк" ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча маалыматы эске алынсын (тиркелет).
2. "Суу түтүк" КМИсинин өндүрүштүк базасын социалдык фондко карызы үчүн сатылышы, "Суу түтүк" МИсинин жетекчилигинин, Каракол шаарынын мэриясынын Каракол-Ак-Суу аймактык жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын жана өз токтомунун аткарылышына, "Суу түтүк" КМИсинин ишине көзөмөлдү жүргүзбөгөн, Каракол шаардык мэриясы тарабынан ката кеткентиги белгиленсин.
3. Маалымдамада көрсөтүлгөн бузууларды жоюу, ишкананын банкрот болуусуна жол бербөө максатында,
I. Каракол шаарынын мэриясы:
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна "Суу түтүк" КМИсынын өндүрүштүк базасын сатуу протоколун жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча жараксыз деп табуу үчүн доо менен кайрылсын;
-"Суу түтүк" КМИсинин администрациясы менен бирдикте, калктын, уюмдар жана ишканалардын, дебитордук карыздарын өндүрүү боюнча иштиктүү чараларды көрсүн;
- бирдиктүү муниципалдык маалымат базасын түзүү жана коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү төлөө боюнча бирдиктүү терезени киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгып, киргизсин;
- Каракол шаарынын мэриясынын административдик комиссиясынын ишин жандандырсын;
- муниципалдык санитардык полицияны түзүү мүмкүнчүлүгүн карасын;
- 2016-жылдын бюджетинде "Суу түтүк" КМИсине, 2015-жылда киреше катары алынган 6,400 миң сомду реинвестиция катары берүүнү карасын;
- ММБД жана "Суу түтүк" КМИсин ортосунда түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөрдү киргизип жана ишкананын Уставына–ал өз ишмердүүлүгүн опперативдик башкарууда эмес – чарбалык алып барууда жүргүзөт деген өзгөртүүнү киргизсин;
- "Суу түтүк" КМИсинин Уставынан "Суу түтүк" КМИси, өз убадалары боюнча айыпка алуу мүмкүнчүлүгү бар мүлк менен жооп бере алат деген 1.4 пункту алып салсын;
II. Каракол-Ак-Суу аймактык жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы:
- имараттардын, курулмалардын жана суу топтомдордун Мамлекеттик актыларына өзгөртүүлөрдү киргизсин жана алардын ээси Каракол шаарынын мэриясы жана "Суу түтүк" – муниципалдык ишкана деп көрсөтсүн;
III. Караколдун "Суу түтүк" КМИси:
- Көзөмөлдөөчүлөр штатын көбөйтүү боюнча чара көрсүн;
- "Суу түтүк" КМИсинин кызматы үчүн карыздардын суммасына туумдарды кошсун;
4. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты, бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
5. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтом ММКларга жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин унаа, жолдор, энергетика, турак жай, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына (О.Б.Абдрахманов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Төрага: | А. Абдыкадыров |