Загрузка документа…
(КР Кайыңды шаардык кеңешинин 2016-жылдын 25-апрелиндеги № 113/XXXII-1 токтомунун редакциясына ылайык
кγчγн жоготту)
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-декабры № 102/XXVIII-1
Кайыңды шаарынын мэриясынын жер пайдалануучу жана курулуш комиссиясынын курамын өзгөртүү жөнүндө
23.09.2011 жылдын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Муниципалдуу менчигиндеги жер аймактарына акылуу менчик укуктарын берүү же болбосо арендага берүү шарттары жана ирээти жөнүндө” № 571 Жобосунун 3 главасы 7 пунктунун талаптарынын негизинде жана комиссиянын кээ бир мүчөлөрүнүн жумуш ордунун которулганына байланыштуу, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын жер пайдалануучу жана курулуш комиссиясынын курамына төмөнкү иретте өзгөртүү киргизилсин:
Курулуш жана жер пайдалануучу комиссиясынын курамынан төмөнкүлөр чыгарылсын:
1. Джапаров А. Дж.
- Кайыңды шаарынын мэриясынын жер пайдалануучу жана курулуш комиссиясынын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
1. Джумабаев Э.Н.–Кайынды шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк боюнча башкы адиси.
Кайыңды шаарынын мэриясынын жер пайдалануучу жана курулуш комиссиясынын курамы төмөнкү иретинде бекитилсин:
1. Джумабаев Э.Н.–Кайынды шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк боюнча башкы адиси.
2. Кабаев Э.О.–Кайынды шаарынын мэриясынын киреше боюнча башкы адиси.
3. Алыкулов А.А.–турак жай жана коммуналдык чарбачылыгынын башчысы.
4. Райымбеков Р.К.–Кайынды шаарынын мэриясынын юрист-адиси.
5. Молдалиева Б.Дж.–Алты–бакан бала бакчасынын башчысы .
6. Сулайманов Б.Б.–Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты.
7. Подгорный Е.А.–В.В. Казаченко атындагы № 1 мектеп-лицейинин мүдүрү.
3. Кайынды шаардык кеңешинин № 85\XXI-8 2013–жылынын үчтүн айынын 28-деги токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Кайынды шаардык кеңешинин жер жана турак-жай маселелери боюнча депутаттардын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Абдрасулов У.Б |