Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-январы № 109/XXX-6
Кайыңды шаарынын өз алдынча башкаруусу – мэриясынын Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын( №85–2015 – жылдын Чын куран айынын 17 деги редакциясы ) 40 беренесине ылайык жана Кайыңды шаарынын мэриясынын юридикалык аты жана дареги өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды шаарынын өз алдынча башкаруусу–мэриясынын өзгөртүлгөн Жобосу бекитилсин.
2. Ушул Жобонун юстиция органдарынан кайрадан каттоодон өткөрүүсүн камсыздоо милдетин Кайыңды шаарынын өз алдынча башкаруусу–мэриясына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | У.Б. Абдрасулов |
Кайыңды шаардык кеңешинин
Токтому менен бекитилген
№ _________ «___»__________2016-ж.
1. Жалпы жоболор
1.1. «Чүй облусунун Панфилов районундагы жергиликтүү ѳз алдынча башкаруусу - мэриясы» (мындан ары - Мэрия) Кайыңды шаарынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруусунун аткаруу органы болуп саналат.
1.2. Укуктук-уюштуруу формасы боюнча Мэрия – Мекеме болуп саналат.
1.3. «Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаарынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруусу - мэриясы» Мекеме «Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайынды кыштактык башкармалыгы» мекеменин укуктарын жана милдеттерин улантуучу болуп саналат.
1.4. Расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: «Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаарынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруусу – мэриясы» Мекеме;
- расмий тилде: Учреждение «Местное самоуправление – мэрия г. Кайынды Панфиловского района Чуйской области»
Кыскартылып аталышы:
- мамлекеттиу тилде: «Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаарынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруусу – мэриясы» М-е
- расмий тилде: У-е «Местное самоуправление – мэрия г. Кайынды Панфиловского района Чуйской области».
1.5. Менчигинин түрү – муниципалдык.
1.6. Мэриянын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Панфилов району, Кайынды шаары, Каныкей кѳчѳсү №19.
1.7. Ушул Жобо Кыргыз Республиксынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруусу жѳнүндѳ» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруусунун финансы-экономикасынын негиздери жѳнүндѳ» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат жѳнүндѳ» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Мүлккѳ болгон муниципалдык менчик жѳнүндѳ» мыйзамына, Кыргыз Республикасында жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун иш аракетин жѳнгѳ салуучу жана башка укуктук-ченем актыларына ылайык иштелип чыкты.
1.8. Мэр – Кайыңды шаарынын жериликтүү ѳз алдынча башкаруу системасындагы шайлануучу кызмат адамы, аткаруу органынын жетекчиси. Мэр - Кайыңды шаарында мамлекеттик саясаттын жүрүшүнѳ жана аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктарынын чегинде мамлекеттен берилген ыйгарым укуктардын аткарылышына жооптуу.
1.9. Мэрия – Кайыңды шаарында мэрдин ыйгарым укуктарын жана функцияларын ишке ашырууну камсыздоочу жергиликтүү ѳз алдынча башкаруусунун аткаруу органы.
1.10. Мэрия ѳзүнүн ишмердүүлүгүндѳ Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары жана Буйруктарына, Жогорку Кеңештин жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Токтомдору жана Чечимдерине, Кайыңды шаардык кеңешинин жана жергиликтүү коомдун Уставына, ушул Жобого жана ыйгарым укуктарынын чегинде Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын буйруктарына таянат.
1.11. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кайыңды шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын банк мекемелеринде эсеп жана башка счеттору, ѳз алдынча балансы жана муниципалдык менчиги, жеке укуктук-уюштуруу формасы, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталыштары менен штампы жана мамлкеттик символика менен мѳѳрү бар юридикалык макамга ээ болгон ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органы болуп саналат.
2. Кайыңды шаарынын ѳз алдынча башкаруусу – мэриясынын жана мэрдин негизги ыйгарымдары жана багыттары
2.1. Кайыңды шаарынын мэри:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, Президенттин жана Ѳкмѳттүн актыларынын, жергиликтүү коомдун уставынын, шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдеринин сакталышыны жана аткарылышын уюштурат;
2. мэриянын, муниципалдык мекемелердин жана уюмдарынын шаар турмушун камсыздоосун жетектейт жана алардын иш аракеттеринин жыйынтыгына жооп берет;
21. мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бѳлүмдѳрүнүн иш аракеттерин кѳзѳмѳлдѳйт, соттордон, прокурорлордон, улуттук коопсуздук мамлекеттик органдарынын жетекчилеринен жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органынын жетекчилеринен башка жетекчилерди, кызматтык милдеттерин жетишээрлик аткарбаган учурда, кызматтан бошотуу тууралуу маселени коюуга акылуу;
3. вице-мэрди, аппарат жетекчисин, тутумдук бѳлүмдѳрдүн жетекчилерин, мэриянын аппарат кызматкерленин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындайт жана бошотот;
4. жергиликтүү маанидеги маселелерди жана жергиликтүү кенештин ыйгарымына кирген маселелерден бѳлѳк, мамлекеттик ыйгарым кызматтарды башкарууну жүргүзѳт;
5. мамлекеттик ыйгарым кызматтардын жеткиликтүү аткарылышына жеке жооптуу;
6. Чет ѳлкѳлѳрдѳ жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында, бейѳкмѳт жана коомдук уюмдарда Кайыңды шаарынын ѳкүлү боло алат;
7. кызматка киришкенден тартып 3 күндѳн кем эмес мѳѳнѳттүн ичинде шаардын социалдык-экономикалык программасынын долбоорун иштеп чыгып шаардык кеңештин бекитүүсүнѳ сунуштайт;
8. шаардык кеңешке бюджеттин долбоорун бекитүүгѳ сунуштайт, жылына эки жолудан кем эмес шаардык кеңештин алдында шаардын жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин, бюджеттен тышкаркы фонддун каражатынын пайдаланышы, шаардын социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнүн аткарылышы, калктын социалдык коргоосу тууралуу отчет берет;
9.мыйзамдарга ылайык шаардык кеңешке жергиликтүү салык жана жыйымдарды киргизүү тууралуу сунуш киргизет;
10. шаардык кеңештин сессиясын чакыруу тууралуу сунуш киргизет жана анын ишине катыша алат;
11. бекитилген тартипте, мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу тууралуу Президенттин алдында ѳтүнѳ ала.;
12. ыйгарым укуктарынын чегинде, шаардын аймагында милдеттүү түрдѳ аткарылуучу буйрук, токтомдорду кабыл алат жана аларга кол койуу укугуна ээ;
13. Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларына ылайык жана башка ыйгарым милдеттерди жүргүзѳ алат.
2.2. Кайыңды шаарынын ѳз алдынча башкаруусу – мэриясы
1. шаардын жашоо-шартынын ѳнүгүшүн, калкка социалдык жана маданий кызматтардын кѳрсѳтүлүшүн уюштурат;
2. шаардын бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана анны шаардык кеңеш бекиткенден кийин аткарылышын камсыздайт;
3. шаардын социалдык-экономикалык программасынын, калкты социалдык коргоо долбоорун иштеп чыгат жана аларды шаардык кеңеш бекиткенден кийин аткарылышын камсыз кылат;
4. шаардын ѳнүгүүсү үчүн инвестиция жана гранттарды, демѳорчүлүк жардамдарды, ыктыярдуу тѳгүмдѳрдү тартат жана алардын максатту колдонулушун камсыздайт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаардын ѳнүгүү фондун жана башка бюджеттен тышкаркы топтомдорду түзѳт;
5. маданият жана архитектуралык, тарыхый эстеликтердин сакталышы тууралуу иш чараларды камсыздайт;
6. муниципалдык менчик объектилерин, жерлердин рационалдуу колдонулушу тууралуу иш чараларды иштеп чыгат жана аларды шаардык кенештен бекитилгендей кийин аткарылышын камсыздайт;
7. мекемелердин тиричилик жана чарбалык, маданий-социалдык багыттагы объектилерин, алардын керектүү жабдууларын тиешелүү органдардын макулдашуусу менен менчиктештирүүгѳ жана баланска алууга катышат;
8. шаардын бюджетине кирешенин үзгүлтүксүз түшүшүн камсыздоо максатында, салык базасын тереңдетүү жана кеңейтүүнүн, шаардын экономисынын туруктуу ѳнүгүүсүн иштеп чыгат жана жүзѳгѳ ашырат;
9. турак-жай фондунун, турак-жай-коммуналдык чарбасынын, шаардын кѳрктѳндүрүүсүнүн ѳнүгүүсү боюнча иш чараларды иштеп чыгат жана жүзѳгѳ ашырат;
10. шаардын курулуусунун генералдык планын иштеп чыгат жана жүзѳгѳ ашырат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык курулуш жана архитектуранын эрежелеринин, ченемдеринин сакталышын кѳзѳмѳлдѳѳнү жүргүзѳт;
11. табигат кырсыктарын, ѳзгѳчѳ кырдаалдын алдын алуу жана алардын кесепетин жоюу боюнча уюштуруу-практикалык жана мобилизациялоо иштерин жүргүзѳт;
12. жергиликтүү маанидеги маселелерди эффективдүү чечүү максатында муниципалдык мекемелерди, коммерциялык эмес уюмдарды түзѳ алат жана жергиликтүү гезит, радио, телевидениени түзүүгѳ, акционердик коомго катышууга акылуу;
13. жакырчылык менен күрѳшүү жана социалдык мобилизациялоо боюнча комплекстүү программаларды иштеп чыгат жана жүзѳгѳ ашырат, жарандардын пенсия, жѳлѳк пулдарын толук кѳлѳмдѳ жана ѳз маалында тѳлѳнүшүнѳ, шаардын ар кандай категриядагы калкына жеңилдетүүлѳрдү берүүгѳ чараларды кѳрѳт;
14. шаардын билим берүү, маданият, спорт жана туризм системасынын ѳнүгүүсүнүн комплекстүү программаларын жүзѳгѳ ашырат жана шаардыктардын негизги маданий-социалдык жана башка кызматтарга кеңири жетүү сүн камсыздайт;
15. шаарда соода жана кызмат кѳрсѳтүү, шаардыктарды транспорт жагынан тейлѳѳнү жакшыртуу боюнча комплекстүү чараларды чектейт жана жүзѳгѳ ашырат, ушул маселелердин шаардын Жобосуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлүшүн камсыздайт;
16. укук коргоо органдары менен биргеликте укук бузуунун алдын алуу жана коомдук тартипти сактоо боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгат жана жүзѳгѳ ашырат, ал маселелердин шаардын Жобосуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талабына ылайык жүргүзүлүшүн камсыздайт;
17. шаардын калкынын шаар жетекчилери менен жолугушуусун, жалпы жыйындарды, курултайларды, ашарларды, ишембиликтерди жана башка шаар тургундарынын катышуусундагы кѳрктѳндүрүүчү иш чараларды уюштурат;
18. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка ыйгарым милдеттерди аткарат.
3. Кайыңды шаарынын ѳз алдынча башкаруусу – мэриясынын укуктук-уюштуруу ишмердүүлүгүнүн негиздери
3.1. Мэриянын тутуму мэрден, вице-мэрден, аппарат жетекчисинен, муниципалдык кызматтарды ээлеген адистерден, техникалык жана кенже тейлѳѳчү персоналдан, мэрия тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгѳн тутумдук кызмат бѳлүмдѳрүнѳн турат.
3.2. Вице-мэрди, аппарат жетекчисин, бѳлүмдѳрдүн жана секторлордун башчыларын, муниципалдык кызматкерлерди, техникалык жана кенже тейлѳѳчү персоналдарды жумуштан бошотуу мэр тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тѳмѳнкү негиздерде жүргүзүлѳт:
- жооптуу тапшырмаларды аткарбаганда;
- эмгек тартибин бир нече жолу одоно бузганда;
- ишенбѳѳчүлүк пайда болгондо.
3.3. Мэриянын тутуму жана штаттык саны, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн тийиштүү Токтомуна жараша, Кайыңды шаардык кеңеши тарабынан бекитилет, кошумча штаттык бирдиктер Кайыңды шаардык кеңеши менен макулдашуу аркылуу киргизилет.
3.4. Күнүмдүк жана ыкчам маселелер боюнча мэрия тарабынан ыйгарым укуктардыг чегинде буйрук кабыл алынат жана ал буйрук шаар аймагында милдеттүү түрдѳ аткарууга жатат.
3.5. Керек болгон учурларда мэрия шаардык кеңештин сессиясын чакыруу тууралуу сунуш киргизет жана анын ишине мэр кеңеш берүүчү добуш укугу менен катыша алат.
3.6. Мэриянын ишмердүүлүгү мэриянын аппараты тарабынан шаардын кызматтык бѳлүмдѳрүнүн сунушунун негизинде түзүлгѳн перспективдүү (жылдык) жана күнүмдүк (кварталдык) иш мерчемдери аркылуу жүргүзүлѳт.
4. Кайыңды шаарынын ѳз алдынча башкаруусу – мэриясынын финансы-экономикалык негиздеринин ишмердүүлүгү
4.1. Кайыңды шаарынын бюджети (мындан ары тексте «Жергиликтүү бюджет) мэрия тарабынан түзүлѳт жана шаардык кеңеш тарбынан беитилгенден кийин аткарууга алынат.
4.2. Жергиликтүү бюджеттин киреше бѳлүгүн жергиликтүү салыктар жана салыктык эмес жыйындар, республикалык деңгээлде бѳлүштүрүүлүчү салыктар жана кирешелер, тарнсферттер, гранттар жана шаардын пайдасына берилген ыктыярдуу тѳлѳмдѳр түзѳт.
4.3. Жергиликтүү бюджетке жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйындардан түшкѳн кирешелерди башка деңгээлдеги бюджетке алып коюууга болбойт.
4.4. Мэрия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү салык жана жыйындарды киргизүү тууралуу шаардык кеңешке сунуш киргизүугѳ акылуу.
4.5. Жергиликтүү бюджетти аткарууда түшкѳн кошумча кирешелер, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген чегерүү ченемдери боюнча бѳлүштүрүлгѳндѳ, жылдын аягында кирешени ашыгы менен аткаруудан же болбосо чыгашадан үнѳмдѳлгѳн, чыгашадан ашык болгон кирешенин суммасы мэриянын карамында калат жана алып коюуга болбойт. Бул каражат шаардык кеңештин макулдугу менен чыгашаларды каржылаганга колдонулат.
4.6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кѳрсѳтүлгѳндѳй шаардын аймагын ѳнүктүрүү долбоорлорун жана программаларын ишке ашыруу максатында, шаардык кенештин жана финансы министрлигинин макулдугу менен кыска мѳѳнѳттѳгү (бир жылга чейинки), орточо мѳѳнѳттѳгү (бир жылдан беш жылга чейинки), узак мѳѳнѳттѳгү (беш жылдан жогору) заем жолу менен муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарууну жүргүзѳ алат.
4.7. Мэрия, социалдык-экономикалык программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү бюджетке киргизилүүчү салыктар жана тѳлѳмдѳр кирбей турган, бюджеттен тышкаркы фонддорду түзѳ алат. Аталган фонддордун түзүү, каражаттарынын колдонуу жана кѳзѳмѳлдѳѳ тартиби шаардык кеңеш тарабынан бекитилет.
4.8. Мэриянын финансы-экономикалык бѳлүмү жана салык инспектору мэрге жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгашалары, бюджеттен тышкаркы фонддор тууралуу тийиштүү маалыматты үзгүлтүксүз ѳз убагында берип туруусу зарыл.
4.9.Мэриянын экономикалык негизин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, акчалай каражаттар жана баалуу кагаздар, шаардын аймагында жайгашкан жаратылыш ресурстары, жарандык укуктагы объектилер, шаардын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгѳн мекеме, уюмдар жана ишканалар түзѳт.
4.10. Мэрия шаардын ѳнүгүүсүнүн эффективдүүлүгүн жана пайда алууну камсыздоо максатында акционердик коомдорго катыша алат, коммерциялык эмес, муниципалдык мекеме, ишканаларды түзүугѳ акылуу.
4.11. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мэрия жергиликтүү коомдун тиричилик-коммуналдык жана жер жѳнүндѳ маселелерин чечүүгѳ, тике сатуу жолу же соодалап сатуу шарттарында муниципалдык менчикти сатууга, менчик турак-жайы жок адамдарга жеке менчик үй салууга жер тилкелерин бекер берүүгѳ акылуу.
4.12. Жергиликтүү коомчулуктун турмуш-тиричилик, маданий-социалдык жана башка муктаждыктарын канааттандыруу максатында, мэрия ѳндүрүш ѳндүрүмдѳрүнѳ муниципалдык заказ берүүгѳ акылуу.
5. Кайыңды шаарынын ѳз алдынча башкаруусу – мэриясынын мамлекеттик бийлик органдары менен катнашы
5.1. Мамлекеттик бийлик органдары мэрияныны ѳнүгүүсү үчүн укуктук, уюштуруучулук, материалдык-финансылык жактан тиешелүү шарттарды түзүп берет жана шаар калкына жергиликтүү ѳз алдынча башкарууда укуктарын ишке ашыруусуна кѳмѳк кѳрсѳтѳт.
5.2. Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларына ылайык мэрия кандайдыр бир мамлекеттик ыйгарым милдеттерди аткара алат . Ал милдеттерди аткаруу үчүн алар материалдык жана финансылык каражаттары менен берилет.
5.3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мэриянын мамлекеттик бийлик органдары менен катнашы жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ченелген милдеттеринин принциптеринин негизинде түзүлѳт.
5.4. Мэрия, жергиликтүү коомчулукка ар кандай кызматтарды кѳрсѳтүү үчүн мамлекеттик жана башка органдар менен кызматташууга, шаардык кенештин макулдугу менен аларга кандайдыр бир ыйгарым милдеттерди, бюджеттик каражаттарды жана муниципалдык менчикти ѳткѳрүп берүүгѳ акылуу.
5.5. Мэрия, аймактык коомдук ѳз алдынча башкаруу (кѳчѳ жана кварталдык комитеттер жана шаар жашоочулары тарабынан, жергиликтүү шарттын жана салттардын негизинде түзүлгѳн башка органдар) менен кызматташууга жана аларга кандайдыр бир ыйгарым милдеттерди берүүгѳ, бюджеттик каражаттарды жана муниципалдык менчикти шаардык кеңештин макулдугу менен келишимдин негизинде берүүгѳ акылуу.
6. Кайыңды шаарынын ѳз алдынча башкаруусу – мэриясынын ишмердүүлүгүнүн токтошу
6.1. Мэриянын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандай учурлардын негизинде токтойт.
6.2. Мэрия жоюлган учурда, анын ишмердүүлүк учурунда пайда болгон бардык финансылык жана башка документтер «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жѳнүндѳгү» мыйзамдын талаптарына ылайык сакталууга жана колдонууга тийиш.
7. Кайыңды шаарынын ѳз алдынча башкаруусу –мэриясынын Жобосуна ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
7.1. Мэриянын Жобосу жана ага толуктоолорду, ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү шаардык кеңештин жалпы санынын үчтѳн бир бѳлүгүнѳн аз эмес депутатарынын сунушу менен кабыл алынат.
7.2. Мэриянын Жобосу жана ага толуктоолорду, ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү шаардык кеңештин депутаттарынын кѳпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
7.3.Мэриянын Жобосундагы толуктоолор жана ѳзгѳртүүлѳр жана обонун жаңы редакциясы мамлекеттик каттоо органдарынан кайрадан каттодон ѳткѳндѳн тартып гана күчүнѳ кирет.
Кайынды шаарынын мэри: | Э.Т. ИМАНКУЛОВ |