Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-марты № 8
«Муниципалдык менчиктеги жерлерди сатуу жана ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн жер, муниципалдык менчикти башкаруу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис А. Нурунбетовдун маалыматы эске алынсын.
2. Муниципалдык менчиктеги жерлерди сатуу жана ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык кеңешинин өнөр жай, архитектура, транспорт жана телекоммуникациялар, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Оморовго жүктөлсүн.
Масы айылдык кеңешинин төрагасы: | С. Арзиев |
Масы айылдык кеңешинин XXVI
чакырылышынын кезектеги XX
сессиясынын 10.03.2015-жылдагы
№ 8-токтому менен бекитилди.
Масы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жер аянтчаларын
ижарага берүү жана сатуу боюнча түзүлгөн комиссия курамы:
Комиссиянын төрагасы: А. Нарматов Комиссиянын катчысы: И. Юлбарсов Комиссия мүчөлөрү: Б. Жусупбеков Н. Назаров А. Оморов
Н. Назаров О. Исакжанов П. Тиленбаев А. Саитова А. Нурунбетов
| Масы айылдык кеңештин депутаты. Масы айылдык кеңештин депутаты. Масы айылдык кеңештин депутаты. Масы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынынбашчысы,айылдык кеңештин депутаты Масы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Раймамкаттоо өкүлү Масы айыл өкмөтүнүн жер мамилелери боюнча адиси Масы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Масы айыл өкмөтүнүн өзгөчөкырдаалдар, муниципалдык менчик боюнча адиси
|
Масы айыл өкмөт башчысы: | М. Маматов |