Загрузка документа…
ѲЗГѲН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-декабры № 22/3
Ѳзгѳн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) 2016-жылга карата иш планын бекитγγ жѳнγндѳ
Ѳзгѳн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXII сессиясынын отуруму кγн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ѳзгѳн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) 2016-жылга карата иш планы бекитилсин.
2. Иш-планда бекитилген маселелерди сессиянын отурумуна даярдоодо Ѳзгѳн шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына кѳмѳк кѳрсѳтγγ жагы Ѳзгѳн шаардык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Мамадалиевке жана жетектѳѳчγ адиси Д. Турдахуновко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Ѳзгѳн шаардык кеңешинин тѳрагасы А. Насировго тапшырылсын.
Тѳрага | А. Насиров |
Ѳзгѳн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) 2016-жылга карата иш-планы:
Февраль-март айында:
1. Ѳзгѳн шаар мэринин 2015-жылда аткарган иштери жѳнγндѳгγ отчету
2. Ѳзгѳн шаарынын 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга карата бюджетинин долбоорун бекитγγ «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссия
3. Ѳзгѳн шаарынын 2016-жылга карата социалдык-экономикалык жактан ѳнγгγγ программасы «Муниципалдык менчик, акы тѳлѳп кызмат кѳрсѳтγγ сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссия
4. Ар тγрдγγ маселелер.
Май айында
1. «Ѳзгѳн Таза Суу» муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу менен камсыз кылууда 2015-жыл ичинде жγргγзгѳн иштери жана 2016-жылда жγргγзγп жаткан иштери жѳнγндѳгγ отчету
«Муниципалдык менчик, акы тѳлѳп кызмат кѳрсѳтγγ сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссия
2. Ѳзгѳн шаардык маданият γйγнγн жγргγзγп жаткан иштери жѳнγндѳ
«Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча» туруктуу комиссия
3. Ѳзгѳн шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын шаардын архитектуралык кѳрγнγшγн жакшыртууда жγргγзγп жаткан иштери
«Ѳнѳр жай, транспорт, ишкердγγлγк, чакан жана орто бизнести ѳнγктγрγγ, байланыш, энергетика жана курулуш боюнча» туруктуу комиссия
4. Ар тγрдγγ маселелер.
Август айында
1. Ѳзгѳн шаар мэринин 2016-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери жѳнγндѳгγ отчету
2. Ѳзгѳн шаардык бюджетинин 2016-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы
«Бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссия
3.МММБ департаментинин 2015-жылдагы аткарган иштери
«Муниципалдык менчик, акы тѳлѳп кызмат кѳрсѳтγγ сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссия
4. Ар тγрдγγ маселелер.
Октябрь айында
1. «Ѳзгѳн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын тазалыгын камсыз кылууда жана кѳрктѳндγрγγ, жашылдандыруу иштерин жакшыртууда жγргγзγп жаткан иштери жѳнγндѳгγ отчету;
«Муниципалдык менчик, акы тѳлѳп кызмат кѳрсѳтγγ сферасы жана
экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссия
2. Ѳзгѳн шаардык милиция бѳлγмчѳсγнγн шаардагы коомдук тартипти сактоодо жγргγзγп жаткан иштери
«Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштѳѳ боюнча» туруктуу комиссия
3. V чакырылыштагы Ѳзгѳн шаардык кеңешинин жγргγзгѳн иштери жѳнγндѳ
4. Ар тγрдγγ маселелер.
1. Ѳзгѳн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) депутаттарына Кыргыз Республикасынын жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдарына байланышкан мыйзамдары боюнча окуу уюштуруу.
2016-жылдын апрель айында
2. Ѳзгѳн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) туруктуу комиссияларынын иштерин уюштурууга кѳмѳк кѳрсѳтγγ.
Дайыма
3. Ѳзгѳн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) депутаттарынын
шаардык Кеңештин сессияларынын отурумуна материал даярдоосуна практикалык жардам кѳрсѳтγγ.
Дайыма
4. Ѳзгѳн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) депутаттарын ар тγрдγγ спорттук мелдештерге катышуусун уюштуруу.
Дайыма
5. Ѳзгѳн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) депутаттарынын шайлоочулары менен жолугушууларын уюштурууга жардам кѳрсѳтγγ.
Дайыма
Ѳзгѳн шаардык кеңешинин жооптуу катчысы: | Н. Мамадалиев |