Загрузка документа…
ѲЗГѲН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-декабры № 22/5
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339 беренесинин 4-пунктунун негизинде Ѳзгѳн шаарындагы айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгын эсептѳѳ γчн зоналдык коэффициентти бекитγγ жѳнγндѳ
Ѳзгѳн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXII сессиясынын отуруму, Ѳзгѳн шаар мэриясынын 2015-жылдын 3-ноябрындагы №736 катынын негизинде, кγн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ѳзгѳн шаарындагы айыл чарба багытында болбогон жерлердин 2016-жылга жер салыгын эсептѳѳ γчγн зоналдык коэффициенти 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳл кылуу Ѳзгѳн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» жана «Муниципалдык менчик, акы тѳлѳп кызмат кѳрсѳтγγ сферасы жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Насиров |
Ѳзгѳн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын)
2015-жылдын 24-декабрындагы кезектеги XXII
сессиясынын №22/5 токтомунун
№ 1 Зона γчγн Кз–1,2.
Аталган зонага шаардын борбору толугу менен кирет.
1. Манас кѳчѳсγ - А. Темур кѳчѳсγнѳн баштап Гагарин кѳчѳсγнγн кесилишине чейин;
2. Гагарин кѳчѳсγ - Ленин кѳчѳсγнѳн баштап Кошиев кѳчѳсγнγн кесилишине чейин;
3. Кошиев кѳчѳсγ - Ленин кѳчѳсγнѳн баштап Гагарин кѳчѳсγнγн кесилишине чейин;
4. Маданият кѳчѳсγ - Жуков кѳчѳсγнѳн баштап А. Мамажанов кѳчѳсγнγн кесилишине чейин;
5. Ленин кѳчѳсγ - «Тулпар» АКнан баштап Гагарин кѳчѳсγнγн кесилишине чейин;
6. Мирзарахимов кѳчѳсγ.
№ 2 Зона γчγн Кз–1,0.
Аталган зонага шаардын калган аймагы кошулат
Ѳзгѳн шаардык кеңешинин жооптуу катчысы | Н. Мамадалиев |