Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-февралы № 78/10-6
Талас шаарындагы муниципалдык менчикте турган бак дарактарды кыюу, жок кылуу жана кайра отургузуу тартиби жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө
Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2013-жылдын 16-декабрындагы № 398 сандуу катынын негизинде Талас шаардык кеңешинин “Депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо” боюнча туруктуу комиссиясынын № 7 протоколуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарында муниципалдык менчикте турган бак дарактарды кыюу, жок кылуу жана кайра отургузуу тартиби жөнүндө жобосу бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтом шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына (М. Есенкулов) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |
“БЕКИТИЛГЕН”
Депутаттардын Талас шаардык
кеңешинин “__20_” __02________
№ 78/10-6 токтому менен
_______________А. Джузупбеков
Талас шаарындагы муниципалдык менчикте турган өсүмдүктөр (тал-теректерди) кыюу, жок кылуу жана кайрадан отургузуу тартибинин жобо
1. Жалпы жоболор
2. Өсүмдүктөрдү (тал-теректерди,ж.б.) кыюу (көчүрүү,кыркуу) боюнча макулдашуу
иштери
3. Өсүмдүктөр (тал-теректердин, ж.б.) учету
4. Өсүмдүктөрдүн (тал-теректердин ж.б.) кыюуга көзөмөл жүргүзүү жана
жоопкерчилиги
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” жана Кыргыз Республикасынын “ Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын негизинде иштелип чыккан.
1.2. Бул жобо Талас шаарынын муниципалдык менчигиндеги өсүмдөктөрдү (тал-теректерин ж.б) кыюусун, көчүрүү, кыркуу боюнча тартибин жана шарттарын белгилейт (мындан ары өсүмдүктөр(тал-теректер ж.б.)
1.3.Бул жобо элдин жошоо тиричилигине шарт түзүү,айлана чөйрөнү коргоону жана жаратылыш ресурстарын багытуу пайдалануу менен,өсүп турган бак-дарактардын жана анын элементерин сактоо.
1.4.Бул жободо негизги колдолунуучу түшүнүктөр:
- Талас шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы – Талас шаарынын муниципалдык мүлк башкармалыгы;
- Газон-абатоонун элементинин негизинде чөптүн жана башка өсүмдүктөрдүн тегизтелип кыркылуусу. Жер кыртышынын антропогендик түшүмдүү топурагынын негизинде, атайын жасалма жолу менен жашылдандыруу чөбү өстүрүлгөн жер тилкеси
- Өсүмдүктөр (тал-теректер ж.б.)-бак-дарактар, бак дарктуу бадалдар, чөптүү бадалдар(гүлдөр, гүлзарлар, роза өстүрүлгөн гүлзарлар, газондор ж.б.) жасалма түрүндө өстүрүлгөн өсүмдүктөр жана жаратылыш калыбында өстүрүлгөндөр.
- Өсүмдүктөрдү (тал-теректерди ж.б.) көчүрүү- өсүмдүктөрдү (тал-текетерди ж.б) сактоо максатында курулуш куруу зоналарына жана пайдалануудагы обьектилерди реконструкциялоодо, өсүмдүктөрдү (тал-текетерди ж.б) казуу жолу менен башка аймакка көчүрүп отургузуу.
- Өсүмдүктөрдү (бак-дарактарды ж.б) кыюу- гүлзарларды, газондорду, бадалдарды жана тал теректерди ж.б. кыюу, кыркуу, бекитилген тартипте обьективдүү шартка байланыштуу курулуштарды жайгаштыруу максатында, жер астындагы коммуникацияларга, инжинердик иштердин элементерин тейлөө, айлана чөйрөнү коргоо менен, турак үйлөрдүн жана турак эмес үйлөрдүн инсоляциялык укуктук талаптарды сактоо.
- өсүмдүктөр(тал-теректер ж.б.) жок кылуу
2. Бак-дарактардын кыркуусуна жана которуусуна болгонмакулдашуусунун тартиби
2.1.Бак-дарактарды кыркуу, которуутөмөндөгүдөй учурда жүргүзүлөт:
а) эгерде бак-дарактардын өсүп турган жери жаңы капиталдык курулуш куруу,ошону менен бирге болгон имараттарга реконструкция жүргүзүү,коммуникациялар,асфальт жолдорун жана башка инфраструктуранын элементтерикаралып бекитилген шаар куруу документеринин макулдашуу тартибинин негизинде;
б)бак-дарактарга санитардык кыркуу;
в) санитардык-эпидемиялык кызматтын корутундусунун негизинде (имараттарга);
г)муниципалдык жерде өскөн коопту абалда турган бак-дарактарды алдын алуу
жана өзгөчө кырдаалдарды жоюуда;
д) Талас шаарынын корктондуруу талабына жооп бербесе;
е) жашыл көчөттөрдү реконструкцияланса же алмаштырылса.
2.2. Эгерде бак-дарактарды бир орундан экинчи орунга которулса сөссүз түрдө сугаруу жөнүндө маселеси чечилиш керек.
2.3. Тандоо жана атайын белги басуу (номерлоо)куураган, коопту абалдагы,ооруган, декоративдүү түрүн жоготкон Талас шаарынын муниципалдык менчигинде өскөн бак-дарактарды таксациондук негиздерин (диаметри,бийиктиги,көлөмүн, м/куб,дарактын түрү)Талас шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүргүзүлөт.
2.4. Бак-дарактардын кыркуусуна макулдашуу төмөндөгүчө жүргүзүлөт:
2.4.1.Талас шаарынын муниципалдык менчигиндеги бак-дарактарды кыркуу-бутоо, которуу жумуштары долбоордун негизинде ишке ашырылат. Эгерде:курулуш иштери,жердин астындагы инженердик сетьтерди оңдоо, курула турган жана салынып турган имараттарга реконструкция жүргүзүүго жолтоо болсо (о.э. арендага берилген жерлер);
2.4.1.1. бак-дарактарды кыркууга, бутоого, которууга ээси жазуу түрүндө ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылат (2.4.7 бөлүктүн негизинде);
Арызда кыркуунун, бутоонун, которуунун себебин, канча даанасын жана реквизиттерин көргөзөт.
2.4.1.2. Талас шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы бак-дарактарды кыркууга 20 иш кундун ичинде Талас областык айлана-чойрону коргоо башкармалыгы менен макулдашуу иштерин жүргүзөт.
Макулдашуунун негизинде арыз ээсине атайын төлөмгө счет жөнөтүлөт.
Арыз ээси менен Талас шаардык мэриясынын ыйгарым укуктуу орган менен келишим түзүлөт.
Бул келишим бак-дарактардын кыркуусуна болгон уруксат кагазы болуп саналат.
2.4.2. Кыркуу иштери ( о.и. адамдарга жана имараттарга коркунуч жараткан, кооптуу, чириген бак-дарактар) 2.1. бөлүмдүн б) жана г)бөлүмчөлөрүнүн негизинде (а.и. арыз ээлеринин жана чарба субъектеринин) Талас шаарынын ыйгарым укуктуу органы жана айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын макулдашуусу менен түзүлгөн Актынын эсебинен жүргүзүлөт;
2.4.3. Турак жай жана турак жай эмес имараттарга санитардык-эпидемиялык кызматтын корутундусу, ыйгарым укуктуу орган жана айлана чойрону коргоо башкармалыгы менен түзүлгөн Актынын негизинде жүргүзүлөт (2.1. бөлүмдүн) бөлүмчөсү);
2.4.4. Талас шаарынын корктондуруу талабына жооп берилбесе Жобонун 2.1. болумдун д) бөлүмчөлөрүнүн негизинде ыйгарым укуктуу орган жана айлана чойрону коргоо башкармалыгы менен түзүлгөн Актынын негизинде жүргүзүлөт;
2.4.5. Эгерде бак-дарактардын өсүп турган жери жаңы капиталдык курулуш куруу,ошону менен бирге болгон имараттарга реконструкция жүргүзүү,коммуникациялар,асфальт жолдорун жана башка инфраструктуранын элементтерикаралып бекитилген шаар куруу документеринин макулдашуу тартибинин негизинде кыркылса жана ордуна кайра ошондой эле кочоттор менен алмаштырылса жобонун 2.1. бөлүмдүн а) жана е) бөлүмчөлөрүнүн негизинде ыйгарым укуктуу орган жана айлана чөйрөнү коргоо башкармалыгы менен түзүлгөн Актынын негизинде иш алып барат;
2.4.6. Кыркуу, бутоо, которуу боюнча керектүү макулдашуулар Талас шаарынын ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт;
2.4.7. Кыркуу, бутоо, которуу жөнүндө кайрылган ээси Талас шаарынын ыйгарым укуктуу органына төмөндөгүдөй иш кагаздарын тапшырат:
2.4.1. бөлүмү боюнча:
- жетекчинин наамына арыз;
- курулушка берилген уруксат кагазынын көчүрмөсү;
- долбоордун иш кагаздарынын көчүрмөлөрү;
2.4.2. бөлүмү боюнча;
- жетекчинин наамына арыз;
- паспорттун көчүрмөсү(жеке адамдар үчүн);
2.4.3. бөлүмү боюнча:
- жетекчинин наамына арыз;
- паспорттун көчүрмөсү(жеке адамдар үчүн);
-санитардык-эпидемиялык органдын корутундусу;
2.4.4.бөлүмү боюнча:
- жетекчинин наамына арыз;
- паспорттун көчүрмөсү (жеке адамдар үчүн);
-Талас шаардык архитектура жана курулуш куруу башкармалыгын корутундусу;
2.4.5. бөлүмү боюнча:
- жетекчинин наамына арыз;
- паспорттун көчүрмөсү(жеке адамдар үчүн);
- Талас шаардык архитектура жана курулуш куруу башкармалыгын корутундусу;
- тийешелүү иш кагаздарынын көчүрмөлөрү.
Жогоргуда көрсөтүлгөн нерселер Талас шаардык ыйгарым укуктуу орган тараптан айлана чөйрөнү коргоо башкармалыгы менен макулдашуунун негизинде иш алып барат.
2.4.8. Жашыл көчөттөрдү кыркып, бутап, которуп жатканда (2.4.2.-2.4.5.) компенсация төлөнбөйт. Ыйгарым укуктуу орган жана айлана чөйрөнү коргоо башкармалыгы менен түзүлгөн Актынын негизинде иш алып барат. Талас шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын корутундусу менен санитардык-эпидемиялык органдын тийешелүү иш-кагаздары кошумча тиркелет.
2.4.9. Арыз ээсине макулдук берилбейт. Эгерде:
- 2.1.бөлүмүнө туура келбесе;
- 2.4.7. бөлүмүндө каралган иш кагаздарын тапшырбаса;
- жашыл көчөттөр талапка жооп берсе;
- долбоордук иш кагаздарында кыйуу, бутоо жана которуу каралбаса;
- кооптуу болбосо, чирибесе, айлана чөйрөгө коркунуч келтирбесе;
- ижара келишими боюнча карыз болсо.
2.5. Жашыл көчөттөрдү отургузуу, которуу жана кароо милдети Талас шаардык муниципалдык ишканасына жүктөлөт (МПОКУТ).
2.6. Мекеме, ишкана жана жеке адамдардан түшкөн арыздардын негизинде кыркылган, буталган, которулган бак-дарактар өз каражатынын эсебинен төлөнөт ( телефон, электр, радио зымдарын алуу жана кошуу ж.б.).
2.7. Бак-дарактарды кыркуу, бутоону Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын атайын эсебинен же арыз ээсинин эсебинен келишимдин негизинде ишке ашырылат.
2.8. Бак-дарактарды кыркуудан, бутоодон калган акыр-чикирден тазалоо иштерин Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын атайын эсебинен же арыз ээсинин коомдук аймактык өз ара башкаруусу (ТОС) менен түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылат.
2.9. Кооптуу абалдагы бак-дарактардын жарамдуу жана отун бөлүгүн Талас шаардык депутаттар Кенеши кабыл алган баада ыйгарым укуктуу орган сатат жана атайын эсеп счетуна кириштейт. Түшкөн каражаттар Талас шаарын көрктөндүрүүгө , жаңы жашыл көчөттөрдү отургузууга, коопту тал-теректерди кыркууга, бутоого (санитардык тазалоо) жана башка керектүү иштерге жумшалат.
3. Бак-дарктарга учет жүргүзүү.
3.1. Муниципалдык менчиктеги кыркуунун кесепетинен алынган бак-дарактарды ыйгарым укуктуу органы бекитилген тартипте кириштейт.
4. Кыркуу убагындагы жоопкерчилик жана көзөмөл жүргүзүү.
4.1. Бак-дарактардын кыркуусуна атайын келишими жок жана шаардын мекемелеринин макулдугусуз кыркууга тыйуу салынат жана мыйзам алдында жооп берет;
4.2. Ыйгарым укуктуу орган жана айлана чөйрөнү коргоо башкармалыгы тал-теректердин кыркуусуна көзөмөл жүргүзөт;
4.3. Жаны курулушка жана реконструкцияга Талас шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгы көзөмөл жүргүзөт;
4.4. Кыркуу убагында жаратылышты коргоо мыйзамдары бузулса тийиштүү кызматтарга маалымат берет;
4.5. Келишимдеги бөлүмдөрү аткарылбаса, курулуш куруп жаткан субъект административдик жана башка чаралар көрүлөт;
4.6. Административдик чара колдонулган күндө да, келтирилген зыянды төлөп берүүдөн бошотулбайт.