Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(Каракол шаардык кеңешинин 2017-жылдын 27-декабрынын № 27-18/1 токтомуна ылайык)
2015-жылдын 25-декабры № 26-37/2
Каракол шаарында “Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасын ачуу жана анын Уставын бекитүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Р.У. Калыгуловдун, Каракол шаарында "Жашылдандыруу чарбасы" муниципалдык ишканасын ачуу жана анын Уставын бекитүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар кеңешинин унаа, жолдор, энергетика, турак жай, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча жана мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияларынын корутундуларын эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарында “Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасы ачылсын жана ага төмөнкү функционалдык милдеттер жүктөлсүн: жашылдандыруу, ирригация, бактарды санитардык жана авариялык кыюу.
2. (Каракол шаардык кеңешинин 2017-жылдын 27-декабрынын № 27-18/1 токтомуна ылайык)
3. Каракол шаарынын мэриясы, мурдагы “Каракол гүлдөрү” МИсине тиешелүү жана учурда КСТжЖЧККнын менчигинде турган материалдык-техникалык каражаттарды өткөрүп берүү-кабыл алуу боюнча комиссия түзсүн.
4. Каракол шаарынын мэриясынын ММБДси мурдагы "Каракол гүлдөрү" МИсине тиешелүү жер тилкелерине ижара келишимдерин жокко чыгарсын.
5. Каракол шаарынын финансы бөлүмүнүн башчысы Ч.Ш. Акматов, “Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасын, берилген сметанын негизинде каржыласын.
6. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
7. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
8. Токтом ММКларда жарыялансын
9. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча (К. Алымбаев), унаа, жолдор, энергетика, турак жай, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча (О.Б. Абдрахманов) туруктуу комиссияларына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З. Карасартовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Абдыкадыров |
Каракол шаардык депутаттар кеңешинин
2015-жылдын 25-декабрындагы
№ 26-37/2 токтомуна1-тиркеме
«Жашылдандыруу чарбасы »муниципалдык ишканасынын уставы
Каракол шаары
1.1 «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык Ишканасы Кыргыз Республикасынын граждандык Кодексине ылайык түзүлгөн Каракол шаардык мэриясынын чарбалык эсептеги (хозрасчеттук) түзүмү болуп эсептелет.
1.2 «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасы өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана башка мыйзамдар, ченемдик укуктук актылар жана аталган Устав менен өзүнүн ишин жетектейт.
1.3 Финансылык пландаштыруу жана штаттык тартиби түзүүчү менен макулдашуунун негизинде жетекчи тарабынан бекитилет.
1.4 «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасы Каракол шаардык мэриясынын сунушу боюнча, шаардык кенеши тарабынан түзүлөт.
1.5 «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасы өзүнүн ишин алып баруу жана камсыздоо үчүн өзүнүн юридикалык статусуна, мөөрүнө, Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн бланкасына, энчилүү эсеп счетуна ээ.
1.6 Каракол шаарынын мэриясы «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасынын « Түзүүчүсү” болуп саналат.
1.7 Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, А.Масалиев көчөсү 47.
1.8 Түзүлүшү: муниципалдык менчик.
1.9 Уюштуруучу-укуктук түзүлүшү: муниципалдык ишкана
1.10 Мекеменин толук аталышы: Мамлекеттик тилде; “Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасы
Расмий тилде; Муниципальное предприятие “Жашылдандыруу чарбасы”.
2.1 «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасы өзүнүн ишин Каракол шаарынын мэриясынын иштеп чыккан кезектеги иш пландары жана финансылоо лимитинин негизинде иш алып барат.
2.2 «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасынын максаты болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
максималдуу киреше алуу максатында финансылык ресурстарды эффективдүү (натыйжалуу) колдонуу жана өзүнүн продукциясына болгон калктын коомдук керектөөсүн канааттандырууга кызмат көрсөтүү.
2.3 «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасынын милдеттери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
Каракол шаарындагы өсүп турган бак-дарактарды, жашыл өcүмдүктөрдү багууга жумшалган иш чаралар;
Каракол шаарынын негизги магистралдуу, ирригациалык жана сугат арык тармактарын уюштуруу;
Каракол шаарынын территориясын жашылдандыруу жана реконструкциялоо;
Гүл продукциясын өндүрүү;
Мөмөлүү жана декаративдүү көчөттөрдү өндүрүү;
Каракол шаарынын парктарын, скверлерин, газондорун жана мини-парктарын карап багуу;
Каракол шаарындагы тигилип турган бак-дарактарды, жашыл өсүмдүктөрдү кароо жана коргоо;
Жыл сайын Каракол шаарына жаңы көчөттөрдү отургузуу;
Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу Департаменти менен түзүлгөн келишим боюнча Каракол шаарынын аймагындагы чириген авариалык абалдагы бак-дарактарды санитардык кыюуну жүргүзүү;
коммерциялык, ортомчулук, жабдуу иш чараларды уюштуруу;
«Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасынын баардык түрдөгү продукцияларды сатуу(реализациялоо);
айыл чарба продукциясын кайрадан иштетүүсүн жана сатуусун иш жүзүнө ашыруу;
курулуш материалдарын, даяр буюмдарды жана пилорама,жыгач устачылык цехтерин ачуу,өнүктүрүү;
2.4 «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасынын баардык иш чаралары келишим, тиешелүү органдардын ишин алып баруу үчүн берилген лицензиялары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары аркылуу иш жүзүнө ашырат.
3.1 Негизги максаттарга жана милдеттерге айкалышып «Жашылдандыруу чарбасы» муниципалдык ишканасы төмөндөкүдөй укуктарга ээ;
жеке мекемелерге, фирмаларга, уюмдарга, ишканаларга төлөм көмөгүн көргөзүүгө;
коммерциялык операциялары менен алмаштыруу жолдорун ички жана тышкы рынокто иш жүзүнө ашырууга;
Штаттан сырткаркы жумушчуларды келишим аркылуу ишке тартууга;
Өздөрүнүн компетенциясынын аймагында «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасынын мүчөлөрүнө тиешелүү аткаруу иштерине буйрук түрүндө чечим чыгарууга, кызмат жоопкерчилиги жөнүндө чечим кабыл алууга.
Келишимдин негизинде юридикалык жана башка тараптардын акчалай каражаттарын тартууга;
Мүлк укугуна ээ болууга, жоопкерчиликти мойнуна алууга, сотто жоопкер, доогер болууга;
“Түзүүчүнүн” макулдугу менен ишканаларга, жеке ишкерлерге мүлктү ижарага берүүгө;
КР эмгек кодексине ылайык «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасынын жумушчуларынын эмгек тартибин бекитүүгө;
Кадрларды топтоо жана аларды камсыздандыруу боюнча өз алдынча суроолорду чечүүгө;
КР эмгек мыйзамына ылайык ишке алуу жана иштен бошотуу шарттарын түзүүгө;
Бекитилген чыгыш сметаларынын негизинде жумушчуларга айлык акыларын жана тарифтик ставкаларын бекитүүгө;
Башкаруу аппаратынын кызматкерлеринин ички жоболорун жана инструкцияларын иштеп чыгууга;
«Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасы башкаруу мүчөлөрүн жана тейлөө кызматкерлерин сыйлоо өлчөмүн бекитүүгө.
4.1 «Жашылдандыруу чарбасы»Муниципалдык ишканасынын жогорку органы “Түзүүчүсү” болуп Каракол шаарынын мэриясы эсептелет.
4.2 “Түзүүчүнүн” компетенциясына төмөндөгүлөр кирет;
Каракол шаардык депутаттар Кеңешине Уставдын бекитүүсүн көрсөтөт;
«Жашылдандыруу чарбасы»Муниципалдык ишканасынын түзүүлүшүн бекитет;
«Жашылдандыруу чарбасы»Муниципалдык ишканасынын иш кагаздарына өзгөртүү киргизет;
КР мыйзамына каршы болбогон «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканага тиешелүү токтомдорду, тескемелерди кабыл алат;
4.3 «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасын жетекчиси “Түзүүчү” тарабынан кызмат ордуна бекитилет жана кызмат ордунан бошотулат;
4.4 «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасынын жетекчиси ишкананын Уставда көрсөтүлгөн милдеттерин аткаруусуна жана иш алып баруусуна жоопкерчиликтүү болот;
«Жашылдандыруу чарбасы»Муниципалдык ишканасынын иш чараларынын ишке ашырылышын жетектейт;
Келишим түзөт, банктарда эсеп счетторду ачат, ишеним каттарды берет;
«Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасынын атынан өзүбүздүн өлкөдөгү жана чет өлкөлөрдөгү фирмаларда кызыкчылыкты колдой алат;
«Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасынын ичиндеги иш чараларды өз алдынча чече алат;
КР мыйзамына ылайык «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасына бекитилип берилген мүлкүн жана каражаттарын башкара алат.
5.1 «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасынын финансылык жана чарба иштерин Каракол шаарынын мэриясынын макулдугу менен чарбалык эсептеги (хозрасчеттук) негизде ишке ашырат. Ишке ашыруу бюджеттик жана чарбалык эсептеги уюмдардын келишими жана жеке ишкерлердин келишими аркылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралгандай жүргүзүлөт;
5.2 Иш планын заказдардын, келишимдердин негизинде базар баасынын коньюктурасын эске алуу менен ишке ашырат;
5.3 «Жашылдандыруу чарбасы»Муниципалдык ишканасында иш алып баруу контрактык негизде иштеген жумушчулар, эмгек келишимдин негизинде иштеген жумушчулар, утурумдук иштеген жумушчулар, адистик тайпалар тарабынан аткарылат.
5.4 «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасы штаттык расписаниесинин, сметанын негизинде өздөрүнүн кызматкерлеринин жалпы санын алардын профессионалдык, квалификациялык деңгээлин аныктайт.
5.5 «Жашылдандыруу чарбасы»Муниципалдык ишканасы «Түзүүчү” менен бирдикте фонддун негизги жүгүртүүсүнүн көлөмүн, инвентарды ж.б. аныктайт.
5.6 «Жашылдандыруу чарбасы»Муниципалдык ишканасынын финансылык базасын иш чаранын натыйжасынан, келишимдин негизиндеги иштеген иштер, ресурстар түзөт.
6.1 «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасынын акча каражаттары негизги жана жүгүртмө каражаттарынан (арендная плата, бартерна сделка) уюштурулат. «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасына финансылык каражат төмөндөгу иш чаралардан түшөт:
өндүрүштүк ишмердүүлүктөн (производственная деятельность)
тейлөө кызматынан;
«Түзүүчүнүн” байкоосу менен банктардан кредит жана ссудаларды алуудан;
эл аралык уюмдардын жардамдары жана кайрымдуулук төлөмдөрдөн;
Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамында тыюу салынбаган булактардан (арендная плата, бартердик жана коммерциялык сделкалар).
«Жашылдандыруу чарбасы»Муниципалдык ишканасынында бюджетке төлөнгөн налогдордон жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн кийин калган каражат «Жашылдандыруу чарбасы” Муниципалдык ишканасынын мындан аркы өнүгүшүнө жумшалат.
6.2 «Жашылдандыруу чарбасы»Муниципалдык ишканасы «Түзүүчү» менен бирдикте ишкананын өнүгүүсүнө керектүү фонддорду (өнүгүү, керектөөчү, резервный, топтоочу) түзөт.
7.1 «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасы өз ишин оперативдик жана бугалтердик эсептөөнүн жыйынтыгын, статистикалык эсеп кысапты белгиленген форма менен алып барат;
7.2 «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасынын иш жыйынтыгы боюнча ар бир квартал сайын жана жыл аягында баланс түзөт;
7.3 «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасынын балансынан негизги каражаттардан жоготууларга учуроолору “Түзүүчүнүн» макулдугу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлөт;
7.4 «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасынын кассасына түшкөн кирешелер ишкананын эсеп счетуна түшөт;
8.1 «Жашылдандыруу чарбасы»Муниципалдык ишканасы өзүнүн милдеттемелери боюнча балансындагы мүлктөргө жооп берет;
8.2 «Жашылдандыруу чарбасы»Муниципалдык ишканасы өздөрүнүн клиенттери менен түзүлгөн контракттар, келишимдер боюнча жана өзүнүн жумушчуларынын алдында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жооптуу болот;
8.3 «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасынын мүлкүнө зыян келтирген кызматкерлер келишимдин негизинде аталган Уставдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жоопкерчиликтүү жана келтирилген зыянды толугу менен өз кирешесинен төлөп берүүгө милдеттүү;
9.1 «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасы төмөндөгү негиздер менен өзүнүн ишин токтотот:
соттун чечиминин негизинде;
КР мыйзамдарында каралган негиздер боюнча;
9.2 «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасынын кайрадан түзүүдө ишин улантуучуга мурунку ишкананын укуктары жана милдеттери толук өткөрүлөт;
9.3 «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасынын ишинин токтотулушу кайрадан уюштуруу жолу менен (слияние, присоединение, разделение, преобразование) же жоюу жолу менен жүргүзүлөт.
9.4 «Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасы Мамлекеттик Реестрге каттоого түшкөн күндөн баштап өзүнүн ишин токтоткон, деп эсептелет;
9.5 «Жашылдандыруу чарбасы»Муниципалдык ишканасын жоюу жүргүзүү учурундагы топтолгон документтери Кыргыз Республикасынын «Улуттук архив фондунун” мыйзамынын негизинде сакталат.
«Жашылдандыруу чарбасы» Муниципалдык ишканасынын
Жетекчиси__________________________________________
Дареги: Каракол ш. А. Масалиев көчөсү № 47.
Р/с______________________
МФО____________________
ИНН_____________________
Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси | Р. Кыштобаев |