Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮНКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-февралы №1
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2016-жылга бюджетин жана 2017-2018-жылдардагы болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Үнкүр айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н. Осоровдун докладын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы канаттандыраалык деп табылсын.
2. Кызыл-Үнкүр айылдык өкмөтүнүн бюджетинин 2016 -жылга көлөмү 5125,2 мин сом суммасында бекитилсин.(бюджет-4985,2 мин сом,атайын каражат 140,0 мин сом).
3. Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы болжолдуу бюджети 5002,0 мин сом, 2018-жылга болжолдуу бюджети 5002,0 мин сомго бекитилсин.
4. Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн 2016 жылга түзүлгөн бюджети жана штат бирдиги КР Өкмөтүнүн 08.07.2013 жылдын № 403 токтомунун негизинде бекитилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсунүн прогнозунун өзгөрүшүнө жараша салыктын түрлүрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү, жергиликтүү бюджетке тиешеси бар ар бир салыктын көлөмүнүн өзгөрүшү менен Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан берилген билдирмелердин негизинде чектөө планына өзгөртүү киргизүү ФЭБ башчысы Н.Осоровко милдеттендирилсин.
6. 2016-жылга Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү тендөөчү грант ошондой эле жергиликтүү бюджет биринчи кезекте корголгон беренелерге жана коммуналдык чыгымдарга сарпталсын.
7. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше булагы менен камсыздоо биринчи кезекте салык жана башка төлөмдөрдү белгиленген планын ар бир түрү боюнча аткарууну камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн башчысы Арапбай уулу Азимшахка милдеттендирилсин.
8. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндүгү» Мыйзамдын 17-беренсине ылайык пландан ашыкча жыйналган кирешелердин көлөмү жылдын жыйынтыгы менен гана аныкталуусу эскертилип, ар айдын, кварталдын пландуу чыгымдарына каржылоо ФЭБ башчысы Н.Осоровко жүктөлсүн.
9. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги прнциптери жөнүндө 11.06.1998-жылдагы мыйзамдын 21-беренесине ылайык 50,0 мин сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фонду болуп бекитилсин.
10. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги прнциптери жөнундө 11.06.1998-жылдагы №78 мыйзамдын 23-беренесине ылайык Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн 01.01.2016-жылга жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү 30,0 (отуз мин) сом болуп бекитилсин.
11. 2008-жылдагы Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесине ылайык ушул сессиянын чечими менен бекитилген сумманын чегинде өзгөртүүлөрдүү киргизип туруу жагы ФЭБ башчысы Н.Осоровко милдеттендирилсин.
12. Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн КР Өкмөтүтүнүн № 403 токтомунун негизинде 4,0 айыл башчы жана 2,0 аскерге чакыруу жана паспортстол штаттык бирдиги киргизилсин.
13. Кызыл- Үнкүр айыл өкмөтүнүн табият кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча 2016-жылга кечиктирилгис чараларды көрүү максатында кол тийгис 150,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
14. № 4 « Наристе» атындагы балдар бакчасынын ремонту үчүн өздүк салым катары 270,0 мин сом акча каражаты ажыратылсын.
15. АРИС тарабынан берилүүчү техниканы сатып алуу үчүн өздүк салым катары 75,0 мин сом акча каражаты каралсын.
16. Курулуш жана ремонт иштерин көзөмөлдөө үчүн техникалык көзөмөл органына кызмат акысы үчүн керектүү акча каражаты ажыратылсын.
17. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊешинин экономика жана бюджет, мыйзамдуулукту сактоо жана укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Осоровко милдеттендирилсин.
Төрага | А.А. Жамгырчиев |