Редакцияот 09.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (бешинчи шайланган) XIX сессиясы

 

2015-жылдын 9-ноябры № 1

Кашкар-Кыштак айылындагы № 122 орто мектебинин спорт сарайынын капиталдык оңдоо иштерине айыл ѳкмѳтγнγн ѳздγк салымы жѳнγндѳ

Депутаттар айыл ѳкмѳтγнγн инвестиция тартуу боюнча адиси Х. Масадиковдун «Кашкар-Кыштак айылындагы №122 орто мектебинин спорт сарайынын капиталдык оңдоо иштерине Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн тγрткγ берγγчγ грантына долбоор даярдалып, айыл ѳкмѳтγнγн салымы 20% ѳлчѳмγндѳ болгондугу, бирок ал долбоор 2015-жылы каржыланбай калгандыгы, ошондуктан КРѲ 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтомунун негизинде кайрадан карап, тиешелγγ акча каражатын 2016-жылдын бюджетине киргизип берγγ жѳнγндѳгγ» кызматтык катын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз  Республикасынын «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жѳнγндѳгγ» мыйзамынын 15,17-беренелеринин талаптарына ылайык Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кашкар-Кыштак айылындагы № 122 мектебинин спорт сарайынын капиталдык оңдоо иштерине тγрткγ берγγчγ (стим.грант) грантка берилген проект боюнча айыл ѳкмѳтγнγн ѳздγк салымы γчγн жергиликтγγ бюджеттен 629,2 (Алты жγз жыйырма тогуз миң эки жγз) сом ѳлчѳмγндѳ акча каражатын ажыратууну 2016-жылдын жергиликтγγ бюджетине киргизγγ сунушталсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин менчик, бюджет, финансы жана экономикалык ѳнγгγγ боюнча комиссиясына жγктѳлсγн.

 

Төрага

Б. Жунусов