Загрузка документа…
ТѲЛѲЙКѲН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-апрели № 23-4
Тѳлѳйкѳн айыл ѳкмѳтγнγн 2016-жылга каралган бюджеттин бекитγγ жѳнγндѳ
Тѳлѳйкѳн айыл ѳкмѳтγнγн 2016-жылга каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бѳлγктѳрγн бекитγγ маселесин айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып корутундусунун негизинде жана Тѳлѳйкѳн айыл ѳкмѳтγнγн финансы-экономикалык бѳлγмγнγн башчысы Г.Бердиеванын билдирγγсγн угуп, талкулап Тѳлѳйкѳн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга карата Тѳлѳйкѳн айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 18557,2 миң.сомго бекитилсин.
2. 2016-жылга Тѳлѳйкѳн айыл ѳкмѳтγнγн атайын каражатынын кирешелер жана чыгашалары 936,0 миң сомго бекитилсин.
Атайын эсеп каражаттарында кѳрсѳтγлгѳн чыгымдар ѳз статиялары жана бѳлγмдѳрγ боюнча бѳлγштγрγлсγн жана коргологн статияларды биринчилерден болуп каржылоо жагы каралсын ( эмгек акы, соц.фонд. комуналдык кызмат жана тамак ащ жана башкалары).
3. Айыл ѳкмѳткѳ 2016-жылдын бюджетине берилγγчγ толуктоо грант 5355,0 миң сом ѳлчѳмγндѳ бекитилсин.
2015-жылга бюджеттин чыгаша бѳлγгγ башкаруу аппараттын каржылоосуна 6561,9 миң сомго, айыл чарбасына 250,0 миң сом, турак жайга 7738,7 миң сом, библиотекага 293,0 миң сом, маданиятка 600,0 миң сом, бала бакчага 682,2 миң сом, билим берγγгѳ 2065,9 миң сом, соц.жардамга 365,5 миң сом ѳлчѳмγндѳ бекитилгени менен суралсын.
6. Тѳлѳйкѳн айыл ѳкмѳтγнγн атайын каражаты 936,0 миң сом бала бакчага жумшалсын.
7. К.Р. Ѳкмѳтγнγн 2013-жылдын 8-июлунун № 403 токтомуна ылайык аппарат кызматкерлердин 33 штат бирдиктери каралсын, анын ичинен 4 айыл башчысы жана 4 тейлѳѳ кызматкерлери бекитилсин.
8. Жыл ичинде айыл ѳкмѳтγнγн бащчысы жана ФЭБ башчысына айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинин чыгаша бѳлγктѳрγнѳ айрым ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγгѳ “ Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктук негизги принциптери жѳнγндѳ” мыйзамынын 15-беренесине ылайык айылдык кеңештин депутаттарынын макулдугу менен уруксат берилсин.
9. 2015-жылдан Тѳлѳйкѳн айыл ѳкмѳтγнγн эсебинде калган 2075,0 миң сом акча каражаты:
126,7 миң сом “ Жергиликтγγ инфраструктура ѳнγктγрγγ γчγн чегерγγлѳр”дѳн тγшкѳн акча каражатынын 80 пайызы республикалык бюджетке кайтарууга; 27,8 миң сом башкаруу аппаратына; 1358,1 миң сом турак жай бѳлγмγнѳ; 262,4 миң сом билим берγγгѳ; 300,0 миң сом социалдык камсыздоого белгиленсин.
10. К.Р. “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктук негизги принциптери жѳнγндѳ” мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл ѳкмѳтγн резервдик фонду 185,6 миң сом ѳлчѳмγндѳ белгиленсин.
11. Жогорудагы аныкталган жергиликтγγ бюджеттин аткарылышы жана киреше, чыгаша бѳлγмдѳрγ боюнча Тѳлѳйкѳн айылдык кеңештин тѳрагасы жана айылдык кеңешинин финансы жана бюджет кимитетине 6-9 айлык жыйынтыгы боюнча, билдирγγ берип туруу жагы ФЭБ башчысы Г.Бердиевага милдеттендирилсин.
12. Тѳлѳйкѳн айыл ѳкмѳтγнγн 2016-2017-жылдарга карата тγзγлгѳн бюджеттинин киреше жана чыгаша бѳлγгγнγн божомолу бекитилсин.( тиркеме тикγркелет)
13. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жγктѳлсγн.
Төрага | И. Ажиматов |