Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-февралы № 319
Ош шаарында бюджеттик мекемелер жана ѳнѳр-жай ишканалары γчγн ичγγчγ сууга жана саркынды сууну агызууга тѳлѳнγγчγ тѳлѳмдѳрдγн ѳлчѳмγн бекитγγ жѳнγндѳ
(Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 11-декабрында келген № 482/08-6- жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу монополияга каршы жѳнгѳ салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бѳлγмγнγн 2015-жылдын 26-ноябрындагы № 451-«Ичγγчγ сууга жана саркынды сууну агызуудан алынуучу тѳлѳмдѳрдγн тарифтерин ѳзгѳртγγ жѳнγндѳ» катын карап, «Ош шаарсууканал» муниципалдык ишканасынын директору Д. Кокочоровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин ѳнѳр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2015-жылдын 3-декабрындагы № 14-токтомун, ошондой эле сессияда сγйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 160 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2007-жылдын 15-майындагы № 226 – «Ичγγчγ сууга жана саркынды сууларды агызуудан алынуучу тѳлѳмдѳрдγн тарифтерин ѳзгѳртγγ жѳнγндѳ» токтомунун №1-тиркемесинин 10- жана 11 - пунктары кγчγн жоготту деп эсептелсин.
3. Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 233- «Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 95-«Ичγγчγ сууга жана саркынды сууларды агызуудан алынуучу тѳлѳмдѳрдγн тарифтерин ѳзгѳртγγ жѳнγндѳ» токтомуна ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду киргизγγ жѳнγндѳ» токтомунун 1-пунктунун 2-пунктчасы кγчγн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М. Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р. Эргешов).
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык кеңешинин ѳнѳр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А. Сыдыков) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасынын милдетин аткаруучу | А. Аланов |