Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2018-жылдын 26-декабры № 150
«Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасынын директору Д.Кокочоровдун таза сууга жана саркынды сууларды кабыл алып тазалоого болгон тарифтерди өзгөртүү жөнүндө маалыматын угуп, Ош шаардык мэриясынын 2018-жылдын 13-августундагы №750/08-13 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаары жана Ош областы боюнча бөлүмүнүн 2018-жылдын 9-августундагы №15/61 таза сууга жана саркынды сууларды кабыл алып тазалоого болгон тарифтерди өзгөртүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2018-жылдын 3-декабрындагы № 15-токтомун, ошондой эле сессияда сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарында бюджеттик мекемелер, өнөр-жай ишканалар жана коммерциялык уюмдар үчүн таза сууга жана саркынды сууларды кабыл алып тазалоого төлөнүүчү тарифтер төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- бюджеттик мекемелерге таза суу үчүн 1м3 – 9,65 сом, саркынды суулар үчүн 1м3 – 6,89 сом;
- өнөр-жай ишканаларга таза суу үчүн 1м3 – 16,69 сом, саркынды суулар үчүн 1м3 – 11,31 сом;
- коммерциялык уюмдарга таза суу үчүн 1м3 – 29,28 сом, саркынды суулар үчүн 1м3 – 19,77 сом;
2. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 95 токтомунун 1-пунктунун 4,5 подпункттарын жана 2016-жылдын 10-февралындагы № 319 «Ош шаарында бюджеттик мекемелер жана өнөр-жай ишканалары үчүн ичүүчү сууга жана саркынды сууну агызууга төлөнүүчү төлөмдөрдүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Шоноев) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |