Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-майы № ХХVI / I
Сары-Ой айыл аймагынында мал кармоо боюнча эрежени бекитγγ жөнγндө
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сары-Ой айыл аймагында мал кармоо боюнча комиссиянын сунуш кылган эрежеси бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | М. Нааматбеков |
Тиркеме
«Бекитемин» Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин YI чакырылышынын кезексиз 27.05.2016-жылдагы ХХYIсессиясынын ХХYI/I токтомуна тиркеме |
Учурдагы кабыл алынып жаткан эреже КРнын «Ветеринария жөнγндө». КРнын «Жергиликтγγ өз алдынча башкаруу жөнγндө» жана «жайыттар жөнγндө» мыйзамдарына ылайык кабыл алынып, Сары-Ой айыл аймагында ветеринардык-санитардык коопсуздукту, жарандардын дени сак болуусу менен γй жаныбарларынан жугуштуу оорулардан сактоону жана жайыт пайдалануу планындагы талаптарды аткарууну көздөйт.
Ит жана мышык жаныбарын багууда:
Жарандар жана башка юридикалык жактар менчигинин тγрγнө карабастан ит жана мышык жаныбарын багууда,Сары-Ой айыл өкмөтγ тарабынан өтγп жаткан жылдын 1-июнуна чейин катоодон өткөрγγгө жана жана иттерге паспорт алууга милдеттγγ.
Каттоодон өткөрγγдө вет адис катталган итке атайын каттоо барагын (паспорт) берγγ менен, ит жаныбарынын өңγ башын, жашын жана ээсинин фамилия аты жөнγн каттап алууга милдеттγγ;
Ит жаныбарынын ээси төмөндөгγлөргө милдеттγγ;
- багып жаткан ит жаныбарын байлап алууга;
- багып жаткан жерди таза кармап , дезифекциялап турууга ;
- жылдын ичинде ветеринардык адистин талаптарына жана эрежелерине ылайык бир жолу чума жана кутурма ооруларына жана 4 жолу эхинококкоз, альвекокоз ооруларына текшерγγгө жана ооруга каршы вакцинацияларды жγргγзγγгө;
- багып жаткан ит жана мышык жаныбары өлγп калганда же ит жаныбарынын ээси багуудан баш тартканда Сары-Ой айыл өкмөтγнγн ветадисине тапшыруу менен жок кылууга жана «Беккари» чуңкуруна көмγγгө.
4. Ит жаныбарын багуучулар Сары-Ой айыл өкмөтγнөн каттоо жγргγзγγдө, паспорт алууда жана кышкы мезгилде бош кароосуз жγргөн иттерди жок кылуу чыгымдарды толтуруу γчγн бир жылда,бир жолу 100 сом өлчөмγндө акча каражатын , Сары-Ой айыл өкмөтγнγн эсептик счетуна төлөйт.
Каттоодон өтпөгөн жана дарыланбаган иттер жок кылынат
5. Багылып жаткан ит тарабынан адамдарга жана малдарга зыян келтирилген учурларда иттин ээси тарабынан келтирилген зыян толтурулууга милдеттγγ.
Уй, кой жаныбарларын багууда;
1. Жарандар жана башка юридикалык жактар менчигинин тγрγнө карабастан кой эчки, топоз, жылкы, төө жана уй жаныбарын багууда өтγп жаткан жылдын 1- мартына чейин Сары-Ой айыл өкмөтγнөн катоодон өтγγ менен чарба китепке катталууга милдетγγ;
2 .Каттоодон өткөрγγдө вет адис тарабынан тγзγлгөн актынан негизинде, Сары-Ой айыл өкмөтγнγн чарба китебине катталууга милдеттγγ;
3.Уй жана кой малын багуучу төмөндөгγлөргө милдеттγγ;
- мал багып жаткан жерди таза кармап,дезифекциялап турууга ;
- уй малын бош көчөөгө кое берип, бак дарак жана айыл тургундарынын огороддоруна зыян келтирбөөгө;
- жылдын ичинде ветеринардык адистин талаптарына ылайык жугуштуу ооруларга каршы вакцинацияларды жγргγзγγгө;
- багып жаткан малдан өлсө Сары-Ой айыл өкмөтγнγн вет адисине билдирγγ менен «беккари» чуңкуруна көмγγгө.
- Уй жана кой жаныбарларын вакцинациялоо боюнча чыгымдарды төлөөгө.
4. Кароосуз бош жγргөн малдар, Сары-Ой айыл аймагындагы конторанын,клубдун, айланасындагы жайгашкан парктагы бак даракка жана айыл тургундарына тиешелγγ бак даракка, огороддогу тγшγмдөргө зыян келтирсе Сары-Ой айыл өкмөтγ тарабынан камакка алынышы керек, жана КРнын «администрациялык жоопкерчилик жөнγндө» Кодексинин талаптарына ылайык жоопкерчиликке тартуу боюнча чаралар көрγлγγсγ керек.
5. Мал кармаган жарандар ар бир жылдын 1- майынан 1-октябрына чейинки мөөнөттө алыскы жайыттарда жайыттар планына ылайык көчγп конууга милдеттγγ.
Жоопкерчилик;
Учурдагы γй жаныбарларын багуу тууралуу эрежени бузуп, малды эмдөө иштерин аткарбай малын бош кароосуз кое берген жана жайыт планын бузган жарандар жана башка юридикалык жактар, менчигинин тγрγнө карабастан КРнын «администрациялык жоопкерчилик жөнγндө» Кодексинин талаптарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
Төрага | М. Нааматбеков |