Загрузка документа…
КАРА-КУЖУР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-июну №4
Кара-Кужур айыл аймагынын жергиликтүү жамааттынын Уставын айылдык кеңешинин регламентинин, айыл Өкмөтүнүн жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө
Нарын районунун Кара-Кужур айыл аймагынын жергиликтүү жамааттынын элдик курултайында каралган жергиликтүү жамааттын Уставы боюнча депутаттардын сунуштарын эске алып Кара-Кужур айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кужур айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставы бекитилсин;
2. Кара-Кужур айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставы облустук жана (же) райондук массалык маалымат каражаттарына (веб-сайтына) жарыялансын жана жарыяланган күндөн баштап иш жүзүнө ашырылсын;
3. Кара-Кужур айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү жөнүндөгү токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №184 Токтому менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарын чечимдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү Жобосуна ылайык Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жиберилсин;
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Аалиев Курманбекке жүктөлсүн.
Кара-Кужур айылдык кеңештин төрагасы
|
У. Маматов |
| Нарын районунун Кара-Кужур айылдык кеңештин сессиясынын 2012-жылдын 15-июну №4 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Кара-Кужур айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын УСТАВЫ
l. Жалпы жоболор
ll. Жамааттын өз алдынча башкаруусу уюштуруунун негизги шарты ж-а максаттары
lll. Жамааттын өз алдынча башкаруунун принциптери
lV. Жамааттын өз алдынча башкаруу органдары
V .Жамааттын мүчөлүгү
Vl. Жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары
Vll. Жамааттын мүчөлөрүнүн милдеттери
Vlll. Жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары
lX. Жамааттын функцияларынын экономикалык негиздери
X. Жамааттын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонулуучу сыйлык чаралары
Xl. Жамааттын мүчөлөрүнө ж-а өз алдынча башкаруу органдарынын курамына көрүлүүчү жаза чаралары
Xll. Жамааттын өзгөчө укуктары
Xlll. Уставын кабыл алуу ж-а өзгөртүү, толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
XlV. Жыйынтык тилек
Биз, Кара-Кужур айыл аймагында жашаган жарандар, арабызда бузулгуз биримдикти, ынтымакты, коомдук тартипти ж-а биримдикти орнотуу, айыл жергесинде турмуш тиричилик шартын жакшыртуу, ар бир үй-бүлөөнү ж-а тургундун бакубат жашоосун камсыздоону көздөп, ушу өз алдынча башкаруу коомдоштурунун (айыл жамаатын) түзүү м-н анын коомдук жашоосунун ыйык эрежелери аныкталган ушул Уставды айыл турмушунун негизги мыйзамы катары кабыл алабыз.
Алдыга койгон ыйык милдеттерди турмушка ашыруу максатында биз эң оболу жалпы адамзатка тиешелуу ыймандуулуктун талаптарын, айлыбызда жашаган баардык улуттардын өкүлдөрүнүн каада-салттарын, асыл-нарктарын өзүнө камтыган Манас бабабыздын төмөндөгү жети осуятын ыйык тутуп, аларды бакубат турмушубузду курууда негизги курал ж-а каражатыбыз катары колдонобуз.
1.Эл журттун ажырагыз бүтүмдүгү ж-а бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган биримдиги;
2.Улуттар аралык ынтымак, достук ж-а кызматташтык;
3.Улуттук ар-рамыс ж-а атуулдук ариет;
4. Арыбаз мээнет, алдынкы өнөр м-н билим аркылуу бакыбат дөөлөт;
5.Гуманизм, айкөлдүк, кечиримдүүлүк;
6.Табият м-н таттуу мамиледе болуу;
7.Кыргыз мамлекетин чыңдоо ж-а аны колдонуп, аны көздүн карегиндей сактоо.
1.1 Жергиликтүү жамааттын негизги мыйзамы болгон жергиликтүү жамааттын уставы төмөндөгүлөрдү аныктайт ж-а камтыйт;
-жамаатын негизги шарты ж-а максаттары;
-жамааттын өзүн-өзү башкаруунун принциптери;
-жамааттын мүчөлөрү;
-жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары ж-а милдеттери;
-жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары;
-жамааттын финансылык –экономикалык негиздери;
-жамааттын мүчөлөрүнө ж-а өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонулуучу сыйлык чаралары;
-жамааттын мүчөлөрүнө ж-а өз алдынча башкаруу органдарынын курамына көрүлүүчү жаза чаралары;
-жамааттын өзгөчө укуктары;
-уставды кабыл алуунун, өзгөртүү ж-а толуктоолорду киргизүүнүн тартиби;
-жамааттын турмушундагы мамлекеттик мыйзамдарына карама- каршы келбеген башка маселелери.
ll.Жамааттын өз алдынча башкаруусун уюштуруунун негизги шарты ж-а максаттары
2.1 Жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун ж-а жүргүзүүнүн негизги шарты-бул жамааттын жергиликтүү маанидеги баардык коомдук-пайдалуу маселелерди өз жоопкерчилигине алып, алардын мыйзам чегинде өз алдынча чечүүгө ж-а башкарууга жөндөмдүүлүгү.
2.2 Өз алдынча башкарууга өтүү м-н жамаат төмөндөгү максаттарды көздөйт;
- мыйзам чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди көз карандысыз, өз алдынча ж-а өз убагында чечип туруу максатында айылдык Кеңештин аймагындагы каражаттарын;
- социалдык объектилерди ж-а башка материалдык байлыктарды мамлекеттик менчиктен ажыратып алууну, ошондой эле башка мүлк ээлеринин ыктыярдуу түрдө берген мүлк-байлыктарын өткөрүп алуунун негизинде жамааттык ортолук менчик ж-а финансылык эканомикалык базасын түзүүнү;
- айылдык Кенештин бюджетин өз алдынча түзүүгө, толуктоого ж-а аны калктын мүдөөсүн аткарууга жумшоого;
- жамааттын мүчөлөрүн өз алдынча башкаруу ж-а тарбиялоо ишине тартуу м-н демократияны өнүктүрүп, мыйзамдын так сакталышына аң-сезими ж-а активдүүлүгүн жогорулатууга;
3.1 Жамаатты өз алдынча башкаруусу төмөндөгү принциптерде жүргүзүлөт;
- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жамааттын өз алдынчалыгы, өзүн-өзү камсыз кылуу, өзүн өзү тарбиялоосу ж-а жөнгө салуусу;
-өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигинин жамааттын мүчөлөрүнүн тарабынан көзөмөлдөнүшү ж-а алардын эл алдындагы жоопкерчилиги;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк, аткаруучу ж-а аймактык коомдун өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары м-н милдеттеринин так чектелиши;
- социалдык-акыйкаттуулуктун сакталышы;
- жамааттын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктары м-н кызыкчылыктарынын корголушу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги маалымдуулукту, аныктыкты, коомдук бирикмелер, уюмдар ж-а калктын кеңири катмары м-н тыгыз байланышы;
- жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында, элдик жыйндарында айылдык Кеңеш м-н айыл өкмөтүнүн жыйналыштарында жергиликтүү маанидеги маселелерди өздөрүнө ыйгарылган укуктарынын чегинде өз алдынча чече алуусу, кабыл алган чечимдеринин негиздүүлүгү ж-а мыйзамдуулугу боюнча жамааттын ж-а мамлекеттин алдындагы жоопкерчилиги.
4.1 Жамааттын өз алдынча башкаруусу анын төмөндөгү органдары аркылуу жүзөгө ашырылат;
- жамааттын мүчөлөрү тарабынан шайланган өкүлчүлүктүү органы айылдык Кеңеши;
- айылдык Кеңештин аткаруучу орган - айылдык өкмөтү;
- аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары (айылдардын өз алдынча башкаруу коомдук кеңештери, турак - жай, көчө ж-а кварталдык комитеттер ж.б.);
- аксакалдар соттору, коомдук тартипти кароого кошумдары;
- жамааттын материалдык - финансылык байлыктарын пайдалануу боюнча элдик көзөмөл тобу.
4.2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү ж-а тикелей катышуу формаларында жүзөгө ашырылат.
Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга өкүлчүлүктүү катышуусу жергиликтуу кеңештер аркылуу ишке ашырылат. Айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү катышуусу ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчысы аркылуу жүзөгө ашырылат.
4.3. Жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга тикелей катышуусу төмөнкү формада жүзөгө ашырылат.
1) Коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилүү маселелерин жана жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында (жыйындарында) талкулоо;
2) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо;
3) ченем чыгаруу демилгесин көтөрүүгө жана (же) жергиликтүү маанидеги өзгөчө маанилүү маселелер боюнча тикелей добуш берүүгө катышуу.
5.1. Жамааттын мүчөлүгүнө кабыл алуу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Ар бир айыл башчысы ошол айылдагы 16 жаштан жогорку атуулдарды жамаатка кабыл алуу жөнүндөгү тизме түзөт. Тизмеге мүчөлүккө кирүүчү атуул өзү кол коет.
5.2. 16 жаш курагына жеткен, айылдын аймагында туруктуу жашаган, арыз менен кайрылган ушул уставын ниети менен кабылдаган жана анын талаптарын сактаган анда көрсөтүлгөн өз укуктарын жана милдеттерин турмушка ашырган ар бир тургун жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эсептелет.
5.3. Туруктуу жашоо учун башка жерден көчүп келген Кыргыз Республикасынын жарандары жеке арыздарынын негизинде айылдык кеңешинин чечими менен жамааттын мүчөлүгүнө кабыл алынат. Жамаатка мүчө болуп кирүү жөнүндө жарандардын арызы айылдык өкмөтү тарабынан 1 айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен каралууга жатат.
5.4. Кеңештин аймагында туруктуу жашабаган бирок ошол аймакта өзүнө менчик катары тиешелуу кыймылсыз мүлк же өндүрүштүк каражаты бар, жергиликтүү бюджетте дайыма салыкты жана жыйындарды төлөп турган ушул уставты кабылдаган жана анын талаптарын аткарууга милдеттенген Кыргыз Республикасынын өз жамаатынын мүчөсү боло алат. Бирок айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер үлүшүнө талапкер боло албайт.
6.1 Жамааттын мүчөсү ушул уставка ылайык төмөндөгү укуктарга ээ болот.
Жамааттын мүчөсү расасына, улутуна, динине, тилине, жынысына, ата-тегине, уруусуна, дүйнө–мүлктүк ж-а башка абалына карабастан төмөндөгүлөргө укуктуу;
- жамааттын өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого ж-а шайланууга;
- жамааттын ишин башкарууга байланыштуу масалелерди талкулоого ж-а аларды турмушка ашыруу боюнча иш-аракеттерге катышууга;
- иш тажрыйбасына, билимине ж-а жөндөмүнө жараша өз алдынча башкаруу органдарына кызмат өтөөгө;
- жамааттын мүчөлөрү үчүн бекитилген жеңилдиктерден пайдаланууга;
- жамаатка тешелүү баардык маселелер боюнча өз алдынча башкаруу органдарына сунуш киргизүүгө ж-а коюлган суроолоруна ынамдуу жооп алууга, алардын иши боюнча пикирин айтууга ж-а баа берүүгө;
- жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен аракеттери м-н түзүлгөн байлыктардан ж-а каражаттардан, ошондой эле жамаатташтыктан ортолук менчигиндеги уюм, мекеме, ишканалардын кызматтарынан белгиленген чегинде пайдаланууга;
- айыл курултайларына, айылдык жыйындарга, айылдык Кеңеш м-н айыл өкмөтүнүн ачык жыйналыштарына катышууга өз ойун эркин айтып, талкууланып жаткан маселе боюнча өзүнүн сунуштарын киргизүүгө;
- жамааттын Уставында чагылдырылган укуктар өз алдынча башкаруу органдары же алдын кызматкерлери тарабынан бузулса, аларды коргоо максатында аксакалдар сотуна же башка тиешелүү органдарга кайрулууга;
- аксакалдар соту ушул Уставда көрсөтүлгөн чектерден чыккан чечимдерди кабыл алынган учурда мамлекеттик укук коргоо ж-а сот органдарына кайрулууга;
Аксакалдар соту ушул Уставда көрсөтүлгөн чектерден чыккан чечимдерди кабыл алынган учурда мамлекеттик укук коргоо ж-а сот органдарына кайрулууга;
- мыйзамдын чегинде өндүрүштүк, тейлөөчүлүк (сервистик), соода ж-а калкка башка кызмат көрсөтүү багытындагы ишканаларды уюштурууга;
- адал мээнет, ак эмгек өз байлыгын арттырууга ж-а аны жалпы жамааттык, ошондой эле өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишенимдүү корголушуна;
- жамааттын мүчөлүгүнөн өз ыктыяры м-н чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка да укуктардан пайдаланууга;
- 6.2 Аталган укуктардан ж-а ушул уставда көрсөтүлгөн артыкчылыктардан ж-а жеңилдиктерден жамааттын мүчөлөрү гана пайдалана алышат.
7.1 Жамааттын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү;
- Айыл мызамынын эрежелерин бекем сактоого;
- жамааттын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзам чегинде белгиленген салыктардын ж-а жыйымдардын баардык түрлөрүн кечиктирбей өз убагында төлөөгө;
- жамааттын турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга багытталган баардык коомдук-пайдалуу жумуштарга (социалдык багыттагы обьектилерди, жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоого, арыктарды, көчөлөрдү санитардык тазалоого, көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга ж.б. максаттарда уюштурган ашарларга) катышууга, аларды ишке ашыруу боюнча бекитилген шарттарды ж-а чектерди (нормаларды) милдеттүү түрдө аткарууга;
- Жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзам чегинде ж-а ушул Айыл мыйзамынын негизинде кабыл алынган баардык чечимдерин аткарууга;
- жамааттын ортолук менчигин түзүүгө ж-а өнүктүрүүгө өз салымын кошууга, алардын сарамжалдуу пайдаланууга ж-а сактоого;
- өз үйүн, короо жайын таза кармоого ж-а өз убагында оңдоп турууга, көрктөндүрүүгө ж-а жашылдандырууга, өз чарбасынан жогорку түшүмдү камсыз кылууга;
- мыйзамдуулукту бузууну баардык көрүнүштөрүнө, коомчулуктун материалдык байлыктарына ж-а адептүүлүккө көнүл коштук м-н мамиледе кылгандарга келишпестик м-н мамиле жасоого;
- курчап турган табиятка (айлана чөйрөгө) камкордук жана сарамжалдуулук менен мамиле кылууга, токой, дарак, башка өсүмдүктөргө жана жан-жаныбарларга кыянаттык кылгандар менен күрөшүүгө, тарыхый, маданий жана табигый эстеликтерди сактоого;
- турак жай имараттарды куруу эрежелерин так сактоого, турак үйлөрдү, ага жакын аймактарды пайдаланууда өрт коопсуздугунун, санитардык жана ветеринардык эрежелеринин туура сакталышына көмөктөшүүгө;
- жамааттын мучөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы жерди, сууну жана башка жаратылыш байлыктарын, ортолук менчиктеги мүлктөрүн сарамжалдуу пайдаланууга.
7.2 Өзгөчө милдеттер жана парыздар;
-балага кам көрүү, аны туура тарбиялоо-ар бир ата эненин милдети;
- ата энелерине камкордук көрүү- эмгекке жарамдуу жашы жетилген ар бир баланын милдети;
- жамааттын ар бир мучөсүнө гумандуулук жана боорукерлик менен мамиле жасоо, жетимдерди жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарды, ошондой эле багар-көрөрү жок кары-картаңдарды, майыптарды, эмгекке жараксыздарды камкордукка алуу жана багуу-жалпы жамааттын ыйык парзы.
- улууга урмат, кичүүгө ызаат, аялдарга сый көрсөтүү, аракечтикке, уурулукка, бангиликке, сойкулукка, бузукучулукка, бекерпоздукка, жалкоолукка барбоо, жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндигин ызаттоо, коомдук тартипти сактоого катышуу – жамааттын ар бир мүчөсүнүн милдети;
- өз үй бүлөсүндө ынтымактуу бейпил турмушту камсыз кылуу, кошуна колоңдор менен тынчтыкта жашоо, үй-бүлө мүчөлөрүн , айрыкча жаш муундарды Ата-Мекенин, өз жерин сүйүүгө, патриоттукка, интернационализимге, достукка – тарбиялоо – ар бир үй-бүлөө башчысынын милдети;
- ар бир улуттун намысын жана каада салттарын урматтоо, улуттар аралык ынтымакты, тынчтыкты, биримдикти чыңдоо – айылдык (поселкалык) кеңештин аймагында жашаган ар бир улуттун өкүлүнүн милдети;
Эскертүү: той-тамаша жана шаан-шөкөт өткөрүүнүн, маркумдарды узатуунун коомдук тартиби айыл өкмөтү (же айыл башчылары) менен макулдашуу аркылуу аныкталат.
8.1. Жамааттын өз алдынча башкаруу органдары аткарууга тиешелүү болгон жергиликтүү маанидеги негизги маселелер төмөндөгүлөр:
- жергиликтуу менчикти түзүү жана аны башкаруу;
- аймакты социалдык-экономикалык жактан ар тараптан өнүктүрүү;
- жамааттын жер байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу;
- турак-жай – коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү иштери;
- соода жана турмуш тиричилик жактан тейлөөнү уюштуруу;
- жергиликтуу калктын саламаттыгын сактоого көмөк көрсөтүү;
- мектепке чейинки, мектепте жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү;
- калктын өзгөчө асыл жана нарктуу тарыхый, маданий, рухий салттарын сактоо жана өркүндөтүү;
- жамааттын мүчөлөрүн мээнеткеч, үнөмчүл жана жаратман багытында тарбиялоо;
- дене тарбияны, спортту жана туризмди өнүктүрүү;
- коомдук тартипти сактоо;
- калкка даректүү социалдык колдоону жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү, атуулдарды социалдык жактан коргоону уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген башка маселелерди чечүү.
9.1. Жамааттын өз алдынча башкаруусунун экономикалык жана финансылык негиздерин, ортолук менчик каражаттарын төмөндөгүлөр түзөт;
- жамааттын карамагына мамлекет, мекеме, уюм, ишкана ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан коомдук уюмдар, кыймылдар, демөөрчүлөр, жеке адамдар тарабынан ыктярдуу өткөрүлүп берилген кыймылдуу жана кыймылсыз дүнүйө-мүлктөр, социалдык, маданий, турмуш тиричилик жана чарбалык маанидеги обьектилер;
- жамаатка өткөрүлүп берилген жерлер, жайыттар, ошондой эле жергиликтүү маанидеги токой, суу,
Жол чарба обьектилеринин чарбалык ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешелер;
- жергиликтүү бюджетке түшкөн салыктар, жыйымдар жана башка каражаттар;
- кредит ресурстары, дотациялар, субвенциялар жана инвестициялар;
- жаратылыш байлыктарын пайдалангандардан алунуучу акылар ;
- ар турдүү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акылар;
- сатылган азык-түлүктөн түшкөн акылар;
- өз калоосу менен берилген ыктярдуу төлөмдөр, кошумчалардын эсебинен төлөнгөн бюджеттен тышкаркы фонддор;
- тышкы экономикалык ишкердүүлүктөн, гранттардан түшкөн чегерүүлөрдүн эсебинен жыйналган финансылык ресуртар.
9.2. Жамааттын финансылык-экономикалык негиздерин түзгөн байлыктардын айыл өкмөтү тарабынан пайдалануу жана сарптоо айылдык кеңеш тарабынан аныкталат.
9.3. Жамааттын материалдык финансылык байлыктарынын сарамжалдуу жана туура пайдаланылышына коомдук көзөмөлдөө айылдык кеңеш тарабынан түзүлүүчү 5-9 адамдан турган элдик көзөмөл тобу тарабынан жүргүзүлөт. Элдик көзөмөл тобуна талапкерлер айылдык жыйындар жана коомдук уюумдар тарабынан сунуш кылынат. Бул топтун текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары айылдык кеңештин, аксакалдар сотунун же өзгөчө учурларда тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна берилет.
10.1 Жамааттын уставынын талаптарын үлгүлүү аткарган, коомдук пайдалуу эмгекке активдүү катышкан, кайрымдуулук акцияларына, демөөрчүлүккө такай көмөктөшкөн, жамаатташтыкка өтө пайдалуу ар кандай кызматын көрсөткөн, өзүнүн жана бүтүндөй үй-бүлөөсүнүн жүрүм туруму боюнча эң жогорку үлгү көрсөткөн жамааттын мүчөлөрүнө өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине жана башка атуулдарга моралдык жана материалдык жактан сыйлык катары төмөндөгүлөр колдонулушу мүмкүн;
- алкыш жарыялоо, баалуу белек, башка материалдык жана акчалай сыйлыктары менен сыйлоо;
- мактоо баракчасын тапшыруу;
- ыймандуу үй- бүлөө, Үлгүлүү үй (көчө квартал) деген наамдарды ыйгаруу;
- жамааттын Ардак Тактасына жазуу;
- жамааттын Ардак Китебине жазуу;
- айылдын ардактуу атуулу – деген ардак наам ыйгаруу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына көрсөтүү.
10.2 Жамааттын мүчөлөрүн сыйлыкка көрсөтүү төмөндөгү тартипте жүргүзүлөт;
а) жамааттын мүчөлөрүн сыйлыкка көрсөтүү демилгеси айылдын, кварталдык жашоочуларынын жалпы жыйындарына, аксакалдар сотуна, коомдук уюмдарга, айыл башчыларына, айыл өкмөтүнүн мүчөлөрүнө, айылдык кеңештин депутаттарына таандык;
б) алкыш жарыялоо, баалуу белек, башка матералдык жана акчалай сыйлык менен сыйлоо, мактоо баракчаларын тапшыруу, -Ыймандуу үй-бүлө, Үлгүлүү үй , көчө (квартал) деген наам ыйгаруу тууралуу чечим айыл өкмөтү тарабынан кабыл алынат;
в) жамааттын Ардак Тактасына жана Ардак Китебине жазуу, Айылдын ардактуу атуулу –деген ардак наам ыйгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына көрсөтүү жөнүндөгү чечимдер айыл өкмөтүнүн сунушу боюнча айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынат.
11.1. Жамааттын уставынын эрежелерин сактабаган жамааттын мүчөлөрүнө төмөндөгү жаза чаралары колдонулат;
- оозеки же жазуу жүзүндөгү эскертүү.
- жашаган жерлеринде өткөрүлгөн чогулуштарда жана айылдык жыйындарда коомдук таасирин көрсөтүү;
- өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген жеңилдиктерден жана берилген ардак наамдардан ажыратуу;
- белгиленген тартипте айып жазаларын колдонуу;
- жамааттын мүчөлүгүнөн чыгырып салуу.
11.2. Жогорудагы көрсөтүлгөн жоопкерчилик чараларын жамааттын мүчөлөрүнүн, айыл башчысынын, өз алдынча башкаруу органынын кызматкерлеринин сунуштары боюнча айылдык кеңеш, айыл өкмөтү, айыл өкмөтүнүн башчысы, аксакалдар соту тарабынан колдонулат.
11.3. Айыл мыйзамынын эрежелерин өдөнө түрдө бузган же өз милдеттерин аткара албаган жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын курамдарына төмөндөгүдөй жоопкерчилик чаралары колдонулат;
а) Айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан айыл башчыларына жана жооптуу кызматкерлерине;
- жазуу жүзүндөгү эскертүү;
- төмөнкү кызматка которуу;
- кызматтан алып салуу;
б) Айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинин чечими менен;
- айыл башчысына эскертүү берүү;
- айыл өкмөтүнүн башчысына, айыл өкмөтүнүн жалпы жааматына ишеним көрсөтпөө;
- аксакалдар сотунун жалпы курамына же анын айрым мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөө;
- элдик көзөмөл тобунун жалпы курамына же анын айрым мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөө.
в) Айылдык кеңештин курамына же жеке депутатка мыйзамга ылайык жааматтын шайлоочулары тарабынан ишеним көрсөтпөө.
11.4. Айыл башчысына, айыл өкмөтүнүн, жана айылдык кеңештин жалпы курамына ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечимдер райондук кеңештин төрагасы жана райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы тарабынан жеринде биргелешип текшерилип, тууралыгы аныкталгандан кийин гана Кыргыз Республикасынын мыймдарына ылайык толугу менен чечилет.
12.1. Жааматташтыкка өтө маанилүү болгон айрым социалдык экономикалык, чарбалык жана маданий маселелерди башка өз алдынча башкаруу жааматтары менен биргелешип чечүү максатында, мыйзам ченеминде белгиленген тартипте ар кандай денгээлдер түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча бирикмелерге жана ассоциацияларга мүчө болуп кирүүгө укуктуу.
12.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгиленген тартипте жамааттык чет өлкөлүк жана эл аралык өз алдынча башкаруу жааматтары менен алака түзүүгө акылуу.
12.3. Жааматтын жана анын органдарынын ишмердигиндеги маалымдуулукту, ачыктыкты камсыз кылуу максатында, жаамат өзүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен массалык маалымат каражаттарын (гезит, баракчалар, жергиликтүү радио түйүндөр ж.б.) мыйзам чегинде түзүүгө жана пайдаланууга укуктуу.
13.1. Жамааттын уставы тиешелүү жергиликтүү жамааттын чогулуштарында (жыйындарында) же курултайларында талкуунун натыйжалары боюнча тиешелүү жергилуктүү кеңеш тарабынан кабыл алынат. Уставды бекитүү жөнүндө чечим тиешелүү жергилуктүү кеңештин депутаттарынын жалпы санын көпчүлүк добушу менен кабыл алынууга тийиш.
13.2. Жамааттын уставы менен жергилуктүү кеңештин жана аткаруу органынын өз ара мамилелеринин тартиби жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамында жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселерди аныкталат;
13.3. Мурда кабыл алынган уставдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн кем эмес сандагы тиешелүү жергилуктүү кеңештин чогулуштарынын (жыйындарынын), жарандардын топторунун, курултайларынын же депутаттарынын тобунун сунушу боюнча каралат жана тиешелүү жергиликтуу кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес добуштарынын көпчүлүгү менен жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынат.
13.4. Эгерде уставдар менен жөнгө салуу чөйрөсүнө таандык кылган маселелер устав менен жөнгө салынбаса, анда алар ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.
13.5. Жамааттын уставы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органында жергилуктүү кеңештин ченемдик укуктук актыларын каттоо үчүн белгиленген тартипте милдеттүү катталууга жатат. Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актысы (уставдын текстин тиркөө менен) ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин аймактык бөлүмүнө жиберилет.
Урматтуу жамааттын мүчөлөрү!
- Ырыс алды ынтымак–деп ушул өзүбүз кабыл алган Айыл мыйзамын бир добуштан колдоп жана кыйшаюусуз аткаралы, сабырдын түбү сары алтын–деп чекилик иштерге барбай нысап кылып, ыйманыбызды калыбына келтирүүгө, талбай аракеттенели, жалкоолукту жана бирөөгө жүк артканды таштап, мамлекет берген укуктан толук пайдаланып, өз тагдырыбызды өз колубузга алалы да өзүбүзгө тиешелүү иштерди жана милдеттерди билгичтик жана жоопкерчилик менен ишке ашыралы!
Ошондо гана бөксөбүз толуп, ачкабыз тоюп, кем багалыбыз байып, өнөрүбүз өсүп, мээнеткечибиз дөөлөткө жетип, элибизден ыйман, насип кетпей, жергебиз гүлдөгөн жайга айланып, калайык калкыбыз бакыбат турмушка жетишет. Жараткан бизге ушул алдыга койгон ыйык милдетибизди аткарганга күч - кубат берсин;