Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-июну № 25/3
Сары-Ой айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
Нарын районунун Жылан-Арык айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы боюнча Нарын облусунун Юстиция башкармалыгынын катын жана депутаттардын сунуштарын эске алып
Депутаттардын Сары-Ой айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Ой айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин
2. Сары-Ой айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндөгү токтому Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 184 Токтому менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү Жобосуна ылайык Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүгүнө жиберилсин.
3. Сары-Ой айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы областык жана (же) райондук массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана жарыяланган күндөн баштап иш жүзүнө ашырылсын.
4. Сары-Ой айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарына жүктөлсүн.
Депутаттардын Сары-Ой айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жээналиев
|
| Нарын районунун депутаттардын Сары-Ой айылдык кеңешинин XXV сессиясынын 2012-жылдын 30- июну № 25/3 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун нарын районунун Сары-Ой айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын УСТАВЫ
I. Жалпы жоболор
II. Жамааттын өз алдынча башкаруусун уюштуруунун негизги шарты жана максаттары
III. Жамааттын өз алдынча башкаруунун принциптери
IV. Жамааттын өз алдынча башкаруу органдары
V. Жамааттын мүчөлүгү
VI. Жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары
VII. Жамааттын мүчөлөрүнүн милдеттери
VIII. Жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары
IX. Жамааттын финансылык-экономикалык негиздери
X. Жамааттын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонулуучу сыйлык чаралары
XI. Жамааттын мүчөлөрүнө жана өз алдынча башкаруу органдарынын курамына көрүлүүчү жаза чаралары
XII. Жамааттын өзгөчө укуктары
XIII. Уставын кабыл алуу жана өзгөртүү, толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
XIV. Жыйынтык тилек.
Биз Сары-Ой айылдык аймагында жашаган жарандар, арабызда бузулгус биримдикти, ынтымакты, коомдук тартипти жана бейпилдикти орнотуу, айыл жергесинде турмуш-тиричилик шартын жакшыртуу, ар бир үй-бүлөнүн жана тургундун бакубат жашоосун камсыздоону көздөп, ушул өз алдынча башкаруу коомдоштугунун (айыл жамаатын) түзүү менен анын коомдук жашоосунун ыйык эрежелери аныкталган ушул Уставды айыл турмушунун негизги мыйзамы катары кабыл алабыз.
Алдыга койгон милдеттерди турмушка ашыруу максатында биз эң оболу жалпы адамзатка тиешелүү ыймандуулуктун талаптарын, айылыбызда жашаган баардык улуттардын өкүлдөрүн каада-салттарын, асыл-нарктарын өзүнө камтыган Манас бабабыздын төмөндөгү жети осуятын ыйык тутуп, аларды бакубат турмушубузду курууда негизги курал жана каражатыбыз катары колдонобуз.
1. Эл журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган биримдиги;
2. Улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтык;
3. Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет;
4. Арыбас мээнет, алдыңкы өнөр менен билим аркылуу бакубат дөөлөт;
5. Гуманизм, айкөлдүк, кечиримдүүлүк;
6. Табият менен таттуу мамиледе болуу;
7. Кыргыз мамлекетин чыңдоо жана аны колдонуп, аны көздүн карегиндей сактоо.
1.1. .Жергиликтүү жамааттын негизги мыйзамы болгон жергиликтүү жамааттын уставы төмөндөгүлөрдү аныктайт жана камтыйт:
- жамааттын негизги шарты жана максаттары;
- жамааттын өзүн - өзү башкаруунун принциптери;
- жамааттын мүчөлөрү;
- жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;
- жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары;
- жамааттын финансылык-экономикалык негиздери;
- жамааттын мүчөлөрүнө жана өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонулуучу сыйлык чаралары;
- жамааттын өзгөчө укуктары;
- уставды кабыл алуунун, өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби;
- жамааттын турмушундагы мамлекеттик мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка маселелери.
2.1. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун жана жүргүзүүнүн негизги шарты-бул жамааттын жергиликтүү маанидеги баардык коомдук-пайдалуу маселелерди өз жоопкерчилигине алып, алардын мыйзам чегинде өз алдынча чечүүгө жана башкарууга жөндөмдүүлүгү.
2.2. Өз алдынча башкарууга өтүү менен жамаат төмөндөгү максаттарды көздөйт:
- мыйзам чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди көз карандысыз, өз алдынча жана өз убагында чечип туруу максатында айылдык Кеңештин аймагындагы каражаттарын;
- социалдык обьектилерди жана башка материалдык байлыктарды мамлекеттик менчиктен ажыратып алууну, ошондой эле башка мүлк ээлеринин ыктыярдуу түрдө берген мүлк-байлыктарын өткөрүп алуунун негизинде жамааттын ортолук менчик жана финансылык экономикалык базасын түзүүнү;
- айылдык Кеңештин бюджетин өз алдынча түзүүгө, толуктоого жана анын калктын мүдөөсүн аткарууга жумшоого;
- жамааттын мүчөлөрүн өз алдынча башкаруу жана тарбиялоо ишине тартуу менен демократияны өнүктүрүп, мыйзамдын так сакталышына аң сезими жана активдүүлүгүн жогорулатууга; III. Жамааттын өз алдынча башкаруунун принциптери
3.1. Жамааттын өз алдынча башкаруусу төмөндөгү принциптеринде жүргүзүлөт:
- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жамааттын өз алдынчалылыгы, өзүн өзү камсыз кылуу, өзүн өзү тарбиялоосу жана жөнгө салуусу;
- өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигинин жамааттын мүчөлөрү тарабынан көзөмөлдөнүшү жана аларды эл алдындагы жоопкерчилиги;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк, аткаруучу жана аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары менен милдеттеринин так чектелиши;
- социалдык-акыйкаттуулуктун сакталышы;
- жамааттын мүчөлөрүн мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарынын корголушу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги маалымдуулукту, аныктыкты, коомдук бирикмелер, уюмдар жана калктын кеңири катмары менен тыгыз байланышы;
- жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарда, элдик жыйындарда айылдык Кеңеш менен айыл өкмөтүнүн жыйналыштарында жергиликтүү маанидеги маселелерди көтөрүү жана пикир айтуу эркиндиги;
- өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди өздөрүнө ыйгарылган укуктарынын чегинде өз алдынча чече алуусу, кабыл алган чечимдеринин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу боюнча жамааттын жана мамлекеттин алдындагы жоопкерчилиги.
4.1. Жамааттын өз алдынча башкаруусу анын төмөндөгү органдары аркылуу жүзөгө ашырылат:
- жамааттын мүчөлөрү тарабынан шайланган өкүлчүлүктүү органы-айылдык Кеңеши;
- айылдык Кеңешитин аткаруучу органы- айылдык Өкмөтү;
- аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары (айылдардын өз алдынча башкаруу коомдук кеңештери, турак-жай, көчө жана кварталдык комитеттер ж.б.);
- аксакалдар соттору, коомдук тартипти коргоо кошундары;
- жамааттын материалдык-финансылык байлыктарын пайдалануу боюнча элдик көзөмөл тобу;
4.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү жана тикелей катышу формаларында жүзөгө ашырылат. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга өкүлчүлүктүү катышуусу жергиликтүү кеңештер аркылуу ишке ашырылат. Айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү катышуусу ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчысы аркылуу жүзөгө ашырылат;
4.3. Жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга тикелей катышуусу төмөнкү формада жүзөгө ашырылат:
1) коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилүү маселелерин жана жергилилктүү маанидеги маселелерди жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында (жыйындарында) талкулоо;
2) жергилилктүү кеңештердин депутаттарын шайлоо;
3) ченем чыгаруу демилгесин көтөрүүгө жана (же) жергиликтүү маанидеги өзгөчө маанилүү маселелр боюнча тикелей добуш берүүгө катышуу.
5.1. Жамааттын мүчөлүгүнө кабыл алуу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Ар бир айыл башчысы ошол айылдагы 16 жаштан жогорку атуулдарды жамаатка кабыл алуу жөнүндөгү тизме түзөт. Тизмеге мүчөлүккө кирүүчү атуулдун өзү кол коет.
5.2. 16 жаш курагына жеткен, айылдын аймагында туруктуу жашаган, арыз менен кайрылган ушул уставын ниети менен кабылдаган жана анын талаптарын сактаган, анда көрсөтүлгөн өз укуктарын жана милдеттерин турмушка ашырган ар бир тургун жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эсептелет.
5.3. Туруктуу жашоо үчүн башка жерден көчүп келген Кыргыз Республикасынын жарандары жеке арыздарынын негизинде айылдык Кеңешинин чечими менен жамааттын мүчөлүгүнө кабыл алынат. Жамаатка мүчө болуп кирүү жөнүндө жарандардын арызы айылдык өкмөтү тарабынан 1 айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен каралууга жатат.
5.4. Кеңештин аймагында туруктуу жашабаган, бирок ошол аймакта өзүнө жеке менчик катары тиешелүү кыймылсыз мүлк же өндүрүрштүк каражаты бар, жергиликтүү бюджете дайыма салыктарды жана жыйымдарды төлөп турган, ушул уставды кабылдаган жана анын талаптарын аткарууга милдеттенген Кыргыз Республикасынын жарандары өз жамаатынын мүчөсү боло алат. Бирок айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер үлүшүнө талапкер боло албайт.
6.1. Жамааттын мүчөсү ушул уставгва ылайык төмөндөгү укуктарга ээ болот.
Жамааттын мүчөсү рассасына, улутуна, динине, тилине, жынысына, ата-тегине, уруусуна, дүйнө-мүлктү жана башка абалына карабастан төмөндөгүлөргө укуктуу:
- Жамааттын өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга;
- жамааттын ишин башкарууга байланыштуу маселелрди талкулоого жана аларды турмушка ашыруу боюнча иш аракеттерге катышууга;
- иш тажрыйбасына, билимине жана жөндөмүнө жараша өз алдынча башкаруу органдарына кызмат өтөөгө;
- жамааттын мүчөлөрү үчүн бекитилген жеңилдиктерден пайдаланууга;
- жамаатка тиешелүү баардык маселелер боюнча өз алдынча башкаруу органдарына сунуш киргизүүгө жана коюлган суроолоруна ынамдуу жооп алууга, алардын иши боюнча пикирин айтууга жана баа берүүгө;
- жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен аракеттери менен түзүлгөн байлыктардан жана каражаттардан, ошондой эле жамаатташтыктан ортолук менчигиндеги уюм, мекеме, ишканалардын кызматтарынан белгиленген чегинде пайдаланууга;
- айыл курултайларына, айылдык жыйындарга, айылдык Кеңеш менен айыл өкмөтүнүн ачык жыйналыштарына катышууга, өз оюн эркин айтып, талкууланып жаткан маселе боюнча өзүнүн сунуштарын киргизүүгө;
- жамааттын Уставында чагылдырылган укуктар өз алдынча башкаруу органдары же алардын кызматкерлери тарабынан бузулса, аларды коргоо максатында аксакалдар сотуна же башка тиешелүү органдарга кайрылууга;
- жамааттын Уставынын эрежелерин жамааттын башка мүчөлөрү бузган учурда, өз алдынча башкаруу органдарына жана аксакалдар сотуна кайрылууга;
- аксакалдар соту ушул Уставда көрсөтүлгөн чектерден чыккан чечимдерди кабыл алынган учурда мамлекеттик укук коргоо жана сот органдарына кайрылууга;
- мыйзамдын чегинде өндүрүштүк, тейлөө чүлүк (сервистик), соода жана калкка башка кызмат көрсөтүү багытындагы ишканаларды уюштурууга;
- адал мээнет, ак эмгек менен өз байлыгын арттырууга жана аны жалпы жамааттык ошондой эле өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишенимдүү корголушуна;
- жамааттын мүчөлүгүнөн өз ыктыяры менен чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка да укуктардан пайдаланууга.
6.2. Аталаган укуктардан жана ушул уставда көрсөтүлгөн артыкчылыктардан жана жеңилдиктерден жамааттын мүчөлөрү гана пайдалана алышат.
7.1. Жамааттын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- айыл мыйзамынын эрежелерин бекем сактоого;
-жамааттын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзам чегинде белгиленген салыктардын жана жыйымдардын баардык түрлөрүн кечиктирбей өз убагында төлөөгө;
- жамааттын турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга багытталган баардык коомдук-пайдалуу жумуштарга (социалдык багыттагы обьектилерди, жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоого, арыктарды, көчөлөрдү санитардык тазалоого, көрктөндүрүгө, жашылдандырууга ж.б. максаттарда уюштурулган ашарларга) катышууга, аларды ишке ашыруу боюнча бекитилген шарттарды жана чектерди (нормаларды) милдеттүү түрдө аткарууга;
- жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзам чегинде жана ушул Айыл мыйзамынын негизинде кабыл алынган бардык чечимдерин аткарууга;
- жамааттын ортолук менчигин түзүүгө жана өнүктүрүүгө өз салымын кошууга, аларды сарамжалдуу пайдаланууга жана сактоого;
- өз үйүн, короо жайын таза кармоого жана өз убагында оңдоп турууга, көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, өз чарбагынан жогорку түшүмдү камсыз кылууга;
- мыйзамдуулукту бузуунун баардык көрүнштөрүнө, коомчулуктун материалдык байлыктарына жана адептүүлүккө көңүл коштук менен мамиле кылгандарга келишпөөчүлүк менен мамиле жасоого;
-курчап турган табигатка (айлана-чөйрөгө) камкордук жана сарамжалдуулук менен мамиле кылууга, токой, дарак, башка өсүмдүктөргө жана жан-жаныбарларга кыянаттык кылгандар менен күрөшүүгө, тарыхый, маданий жана табигый эстеликтерди сактоого;
- турак жай имраттарын куруу эрежелерин так сактоого, турак үйлөрдү ага жакын аймактарды пайдаланууда өрт коопсуздугунун, санитардык жана ветеринардык эрежелеринин туура сакталышына көмөктөшүүгө;
- жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы жерди, сууну жана башка жаратылыш байлыктарын, ортолук менчиктеги мүлктөрүн сарамжалдуу пайдаланууга.
7.2. Өзгөчө милеттер жана парздар:
- балага кам көрүү, аны туура тарбиялоо- ар бир ата-эненин милдети;
- ата-энелерине камкордук көрүү-эмгекке жарамдуу жашы жетилген ар бир баланын милдети;
- жамааттын ар бир мүчөсүнө гумандуулук жана боорукердик менен мамиле жасоо, жетимдерди жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарды, ошондой эле багар-көрөрү жок кары-картаңдарды, майыптарды, эмгекке жараксыздарды камкордукка алуу жана багуу-жалпы жамааттын ыйык парзы;
- улууга урмат, кичүүгө ызат, аялдарга сый көрсөтүү, аракечтикке, уурулукка, бащгиликке, сойкулукка, бузукчулукка, бекрпостукка, жалкоолука барбоо, жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндигин ызаттоо, коомдук тартипти сактоого катышуу-жамааттын ар бир мүчөсүнүн милдети;
- өз үй бүлөөсүндө ынтымактуу бейпил турмушту камсыз кылуу, кошунаколоңдор менен тынчтыкта жашоо, үй-бүлөө мүчөлөрүн, айрыкча жаш муундарды Ата-Мекенин, өз жерин сүйүүгө, патриоттукка, интернационализмге, достукка тарбиялоо- ар бир үй-бүлөө башчысынын милдети;
- ар бир улуттун намысын жана каада-салттарын урматтоо, улуттар аралык ынтымакты, тынчтыкты, биримдикти чыңдоо-айылдык (поселкалык) кеңештин аймагында жашаган ар бир улуттун өкүлүнүн милдети;
Эскертүү: той-тамаша жана шаан-шөкөт өткөрүүнүн, маркумдарды узатуунун коомдук тартиби айыл өкмөтү (же айыл башчылары) менен макулдашуу аркылуу аныкталат.
8.1. Жамааттын өз алдынча башкаруу органдары аткарууга тиешелүү болгон жергиликтүү маанидеги негизги маселелер төмөндөгүлөр:
- жергиликтүү менчикти түзүү жана аны башкаруу;
- аймакты социалдык-экономикалык жактан ар тараптан өнүктүрүү;
- жамааттын жер байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу;
- турак-жай-коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү иштери;
- соода жана турмуш тиричилик жактан тейлөөнү уюштуруу;
- жергиликтүү калктын саламаттыгын сактоого көмөк көрсөтү;
- мектепке чейинки, мектепте жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү;
- калктын өзгөчө асыл нарктуу тарыхый, маданий, рухий салттарын сактоо жана өркүндөтүү;
- жамааттын мүчөлөрүн мээнеткеч, үнөмчүл жана жаратман багытында тарбиялоо;
- дене тарбияны, спортту жана туризмди өнүктүрүү;
- коомдук тартипти сактоо;
- калкка даректүү социалдык колдоону жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү, атуулдарды социалдык жактан коргоону уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген башка маселелерди чечүү.
9.1. Жамааттын өз алдынча башкаруусунун экономикалык жана финансылык негиздерин, ортолук менчик каражаттарын төмөндөгүлөр түзөт:
- жамааттын карамагына мамлекет, мекеме, уюм, ишкана ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан коомдук уюмдар, кыймылдар, демөөрчүлөр, жеке адамдар тарабынан ыктыярдуу өткөрүлүп берилген кыймылдуу жана кыймылсыз дүнүйө-мүлктөр, социалдык, маданий,
турмуш-тиричилик жана чарбалык маанидеги обьектилер;
- жамаатка өткөрүлүп берилген жерлер, жайыттар, ошондой эле жергиликтүү маанидеги токой, суу, жол чарба обьектилеринин чарбалык ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешелер;
- жергиликтүү бюджетке түшкөн салыктар, жыйымдар жана башка каражаттар;
- кредит ресурстары, дотациялар, субвенциялар жана инвестициялар;
- жаратылыш байлыктарын пайдалангандардан алынуучу акылар;
- ар түрдүү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акылар;
- сатылган азык-түлүктөрдөн түшкөн акылар;
- өз каалоосу менен берилген ыктыярдуу төлөмдөр, кошумчалардын эсебинен түзүлгөн бюджеттен тышкары фонддор;
- тышкы экономикалык ишкердүүлүктөн, гранттардан түшкөн чегерүүлөрдүн эсебинен жыйналган финансылык ресурстар.
9.2. Жамааттын финансылык-экономикалык негиздерин түзгөн байлыктардын айыл өкмөтү тарабынан пайдалануу жана сарптоо тартиби айылдык кеңеш тарабынан аныкталат.
9.3. Жамааттын материалдык-финансылык байлыктарынын сарамжалдуу жана туура пайдаланылышына комдук көзөмөлдөө айылдык кеңеш тарабынан түзүлүүчү 5-9 адамдан турган элдик көзөмөл тобу тарабынан жүргүзүлөт. Элдик көзөмөл тобуна талапкерлер айылдык жыйындар жана коомдук уюмдар тарабынан сунуш кылынат. Бул топтун текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары айылдык кеңештин, аксакалдар сотунун же өзгөчө учурларда тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна берилет.
10.1. Жамааттын уставынын талаптарын үлгүлүү аткарган, коомдук пайдалуу эмгекке активдүү катышкан, кайрымдуулук акцияларына, демөөрчүлүккө такай көмөктөшкөн, жамааташтыкта өтө пайдалуу ар кандай кызматын көрсөткөн, өзүнүн жана бүтүндөй үй-бүлөсүнүн жүрүм туруму боюнча эң жогорку үлгү көрсөткөн жамааттын мүчөлөрүнө, өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине жана башка атуулдарга моралдык жана материалдык жактан сыйлык катары төмөндөгүлөр колдонулушу мүмкүн:
- алкыш жарыялоо, баалуу белек, башка материалдык жана акчалай сыйлыктары менен сыйлоо;
- мактоо баракчасын тапшыруу;
- «Ыймандуу үй-бүлөө», «Үлгүлүү үй (көчө, квартал)» деген наамдарды ыйгаруу;
- жамааттын Ардак Тактасына жазуу;
- жамааттын Ардак Китебине жазуу;
- «айылдын ардактуу атуулу»- деген ардак наам ыйгаруу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына көрсөтүү;
10.2. жамааттын мүчөлөрүн сыйлыкка көрсөтүү төмөндөгү тартипте жүргүзүлөт:
а) жамааттын мүчөлөрүн сыйлыкка көрсөтүү демилгеси айылдын, кварталдын башчыларына, айыл өкмөтүнүн мүчөлөрүнө, айылдык кеңештин депутаттарына таандык;
б) алкыш жарыялоо, баалуу белек, башка материалдык жана акчалай сыйлык менен сыйлоо, мактоо баракчаларын тапшыруу, -«Ыймандуу үй-бүлөө», «Үлгүлүү үй, көчө, (квартал)» деген наам ыйгаруу тууралуу чечим айыл өкмөтү тарабынан кабыл алынат;
в) жамааттын Ардак Тактасына жана Ардак Китебине жазуу, «Айылдын ардактуу атуулу» -деген ардак наам ыйгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына көрсөтүү жөнүндөгү чечимдер айыл өкмөтүнүн сунушу боюнча айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынат.
11.1. Жамааттын уставынын эрежелерин сактабаган жамааттын мүчөлөрүнө төмөндөгү жаза чаралары колдонулат:
- оозеки же жазуу жүзүндөгү эскертүү;
- жашаган жерлеринде өткөрүлгөн чогулуштарда жана айылдык жыйындарда коомдук таасир көрсөтүү;
- өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген жеңилдиктерден жана берилген ардак наамдардан ажыратуу;
- белиленген тартипте айып жазаларын колдонуу;
- жамааттын мүчөлүгүнөн чыгарып салуу.
11.2. Жогорудагы көрсөтүлгөн жоопкерчилик чаралары жамааттын мүчөлөрүнүн, айыл башчысынын, өз алдынча башкаруу органынын кызматкерлеринин сунуштары боюнча айылдык кеңеш, айыл өкмөтү, айыл өкмөтүнүн башчысы, аксакалдар соту тарабынан колдонулат.
11.3. Айыл мыйзамынын эрежелерин одоно түрдө бузган же өз милдеттерин аткара албаган жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын курамдарына төмөндөгүдөй жоопкерчилик чаралары колдонулат:
а) Айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан айыл башчыларына жана жооптуу кызматкерлерине:
- жазуу жүзүндөгү эскертүү;
- төмөнкү кызматка которуу;
- кызматтан алып салуу;
б) айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинин чечими менен:
- айыл башчысына эскертүү берүү;
- айыл өкмөтүнүн башчысына, айыл өкмөтүнө жалпы ишеним көрсөтпөө;
- аксакалдар сотунун жалпы курамына же анын айрым мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөө;
- элдик көзөмөл тобунун жалпы курамына же анын айрым мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөө;
в) айылдык кеңештин курамына же жеке депутатка мыйзамга ылайык жамааттын шайлоочулары тарабынан ишеним көрсөтпөө.
11.4. Айыл башчысына, айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин жалпы курамына ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечимдер райондук кеңештин төрагасы жана райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы тарабынан жеринде биргелешип текшерилип, тууралыгы аныкталгандан кийин гана Кыргыз Республикасыын мыйзамдарына ылайык толугу менен чечилет.
Жамаатташтыкка өтө маанилүү болгон айрым социалдык-экономикалык, чарбалык жана маданий маселелерди башка өз алдынча башкаруу жамаатары менен биргелешип чечүү максатында мыйзам ченеминде белгиленген тартипте ар кандай деңгээлде түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча бирикмелерге жана ассоциацияларга мүчө болуп кирүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте жамааттык чет өлкөлүк жана эл аралык өз алдынча башкаруу жамааттары менен алака түзүүгө акылуу.
Жамааттын жана анын органдарынын ишмердигиндеги маалымдуулукту, ачыктыкты камсыз кылуу максатында, жамаат өзүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен массалык маалымат каражаттарын (гезит, баракчалар, жергиликтүү радио түйүндөр ж.б.) мыйзам чегинде түзүүгө жана пайдаланууга укуктуу.
13.1. Жамааттын уставы тиешелүү жергиликтүү жамааттын чогулуштарында (жыйындарында) же курултайларында талкуунун натыйжалары боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынат. Уставды бекитүү жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынууга тийиш.
13.2. Жамааттын уставы менен жергиликтүү кеңештин жана аткаруу органынын өз ара мамилелеринин тартиби жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамында жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелери аныкталат.
13.3. Мурда кабыл алынган уставдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн кем эмес сандагы тиешелүү жергиликтүү кеңештин чогулуштарынын (жыйндарынын), жарандардын топторунун, курултайларынын же депутататрынын тобунун сунушу боюнча каралат жана тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн кем эмес добуштарынын көпчүлүгү менен жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынат
13.4. Эгерде уставдар менен жөнгө салуу чөйрөсүнө таандык кылынган маселелер устав менен жөнгө салынбаса, анда алар ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.
13.5. Жамааттын уставы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органында жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актыларын каттоо үчүн белгиленген тартипте милдеттүү катталууга жатат.
Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актысы (уставдын текстин тиркөө менен) ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестринде киргизүү үчүн Кырыгз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жиберилет.
Урматтуу жамааттын мүчөлөрү!
«Ырыс алды ынтымак»- деп ушул өзүбүз кабыл алган Айыл мыйзамын бир добуштан колдоп жана кыйшаюусуз аткаралы, «сабырдын түбү сары алтын»-деп чекилик иштерге барбай нысап кылып, ыйманыбызды калыбына келтирүүгө талбай аракеттенели, жалкоолукту жана бирөөгө жүк артканды таштап, мамлекет берген укуктан толук пайдаланып, өз тагдырыбызды өз колубузга алалы да өзүбүзгө тиешелүү иштерди жана милдеттерди билгичтик жана жоопкерчлик менен ишке ашыралы!
Ошондо гана бөксөбүз толуп, ачкабыз тоюп, кембагалыбыз байып, өнөрлүүбүз өсүп, мээнеткечибиз дөөлөткө жетип, элибизден ыйман, нысап кетпей, жергебиз гүлдөгөн жайга айланып, калайык калкыбыз бакубат турмушка жетишет. Жараткан бизге ушул алдыга койгон ыйык милдетибизди аткарганга күч-кубат берсин!