Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 2
Кашка-Суу айыл аймагынын көчөлөрүнө, социалдык-маданий жана башка чакан обьектилерине даректерди ыйгаруу жана өзгөртүү жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А. Калетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айыл аймагынын көчөлөрүнө, социалдык маданий жана башка чакан обьектилерине даректерди ыйгаруу жана өзгөртүү жөнүндөгү жобо бекитилсин
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду КРнын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик РЭЭСтрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Давлетов |
Тиркеме № 1
Кашка-Суу айылдык кеңешинин
______________ 20-январындагы
№____ токтому менен бекитилген
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.1.Ушул, мектеп, оорукана, ФАП, маданият үйлөрү, клубдар, көчөлөр жана башка чакан обьектилерге даректерди ыйгаруу жана өзгөртүу жөнүндө жобо (мындан ары жобо) мектеп, ооруукана, ФАП, маданият үйлөрү, клубдар, көчөлөр жана башка чакан обьектилерге даректерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибин аныктайт.
1.2. Бул жобонун күчү Кашка-Суу айыл аймагына жайылтылат.
1.3. Мектеп, ооруукана, ФАП, маданият үйлөрү, клубдар, көчөлөр жана башка чакан обьектилерге даректерди ыйгаруу жана өзгөртүү төмөнкү жол-жоболордун тутумун камтыйт:
- наамды ыйгаруунун шарттары
- талапкерлерге коюлуучу талаптар:
- талапкерлерди сунуштоо тартиби:
II Мектеп, оорукана, ФАП, маданият үйлөрү, клубдар, көчөлөр жана башка чакан обьектилерге даректерди ыйгаруу жана өзгөртүүнүн шарттары
1.1. Кашка-Суу айыл аймагынын ар бир элдик пункттарында жашаган жергиликтүү жамааттардын чогулуштарынын сунушу менен, Кашка-Суу айылдык кеңешинин сессиясынын чечиминин негизинде берилет.
1.2. Наамга сунуштоо демилгечилер тобу тарабынан жүргүзүлөт жана Кашка-Суу айыл аймагынын ар бир айылындагы жергиликтүү башкаруунун жамааттарынын колдоосуна ылайык наам ыйгаруу каралат.
1.3. Бир элдүү пунктун аймагында кыймылсыз мүлк обьектилеринин бирдей даректерин жана бир көчөгө эки аталыш берүүгө жол берилбейт.
III Даректерди ыйгарууда коюлуучу талаптар
1.1. Кашка-Суу айыл аймагында 15 жылдан кем эмес жашап жана иштеген айыл аймагы үчүн өзгөчө эмгек сиңирген, аты аталган тармакта же болбосо партиялык, советтик, кызматта, эл чарбасынын тармактарында үзгүлтүксүз эмгектенген, аты коюла турган обьекти үчүн көрүнүнүктүү жардам көрсөткөн, эмгеги сиңген кадыр-барктуу, айылдык кеңешке кеминде бир жолу депутат болгон, өкмөттүк бир орден же медаль же грамота менен сыйланган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мүчөсү алышы мүмкүн.
- Кашка-Суу айыл аймагынын экономикалык-маданий жана коомдук-социалдык турмушуна өзгөчө салымы тиешелүү материалдар менен тастыкталат.
1.2. Даректерди ыйгаруу бир гана айылдын эмес, бүтүндөй аймактын экономикалык-маданий жана коомдук-социалдык турмушуна өзгөчө салым кошкон (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мүчөсүнө) атуулга ыйгарылат:
- бир жолудан кем эмес айылдык, райондук Кеңештин депутаттыгына шайланган:
- өзүнүн иштеген милдеттерин жана эл тарабынан жүктөлгөн милдеттерин аткарууда жогорку жоопкерчилик менен мамиле жасаган:
- өсүп келе жаткан муундарды окутууда жана тарбиялоодо өзгөчө натыйжаларга жетишкен:
- калктын саламаттыгын сактоо тармагында өзгөчө натыйжаларды камсыз кылган:
- коомдук тартипти чыңдоодо өзүнүн жеке катышуусу менен өзгөчө салымын кошкон:
- шаардын коомдук-маданий жана элдик чыгармачылыкты өнүктүрүүгө өзгөчө жеке өзүнүн салымын кошкон:
- айыл аймагынын чарбалык-экономикалык өнүгүшүнө өзгөчө салымын кошкон:
- жогоруда саналган көрсөткүчтөр менен катар жергиликтүү коомдоштуктун Уставынын талаптарын так аткарууда коомдук пайдалуу эмгекте активдүү катышууда жана кайрымдуулук иштеринде өзүн көрсөткөн, жеке жана үй-бүлөдө, үйдү жана чарбачылыкты өзүнүн үлгү болорлук жүрүш-турушу менен таанылган, коомго зарыл болгон өзгөчө тейлөөдө кызматтарын көрсөткөн:
- сот жообуна тартылбаган атуулдар
3.3. Айылдык кеңештин чечими менен жашына жана стажына карабастан, эмгектеги коомдук турмуштагы каармандык иштери үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун коомдоштук мүчөлөрүнө, ошондой эле райондун экономикасын, маданиятын, социалдык турмушун өнүктүрүүдө жана жаштарды тарбиялоодо өзгөчө эмгек сиңирип, элдин жыргалчылыгы үчүн иштеп татыктуу эс алууга чыккан ардагерлерге жана пенсионерлерге берилиши мүмкүн.
3.4. Кашка-Суу айыл аймагында төрөлүп, Кыргызстандын атуулу болгон, бирок жүйөлүү себептер менен аймагынан сырткары жерде жашап жана иштеп жүрсө дагы шаардын экономикалык-социалдык, маданий жактан өнүгүшүнө өзүнүн жеке өзгөчө жана көрүнүктүү салымын кошкон инсандарга берүүгө болот.
3.5. Ал эми биринчи пунктка кирбеген документтер, архивдик материалдар кошумча материал катары кабыл алынып эсептелет.
3.6. Советтер союзунун, Социалдык Эмгектин баатырлары, Даңк ордендеринин үч жолку ээси, эгерде ал бул титулдардын бирине гана ээ болсо, 1-2 пунктка туура келбеген учурда да сунуш кылынат.
IV. Жобону аткаруу үчүн кошумча сунуштар
1. Ат коюу жана өзгөртүү жөнүндөгү маселелер айылдык Кеңеш аркылуу чечилет. Ат коюу боюнча айрым депутаттар,атуулдар айылдык Кеңешке кайрылган учурда, айылдык кеңеш аты коюла турган инсандарды Жобого ылайык деп табышканда талапкерди айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясы менен карап көрүп, татыктуу деп эсептелген кандидатураны элдик жыйындын кароосуна сунуш кылат. Элдик жыйындын чогулушуна айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын мүчөсү, айылдык кеңештин жооптуу кызматкери сөзсүз катышууга тийиш. Ансыз чогулуштун токтому негизсиз деп табылат жана айылдык кеңештин сессиясына сунуш кылынбайт.
2. Чогулуш ат коюла турган элдүү конушка же обьектилерге гана тиешелүү 18 жаштан жогорку атуулдарынын (эгер 500-1500гө чейин болсо) өкүлдөрү, же болбосо үчтөн экисинен кем эмесинин катышуусунда ачык добуш берүү менен колго салынып токтом кабыл алынат.
3. Бул маселеде тууганчылык, уруу бөлүштүрүү же кандайдыр бир топтун жеке кызыкчылыгын көздөгөн максатта үгүт жүргүзүүгө, кол чогултууга же башка Мыйзамсыз документтерди жыйноого тыюу салынат. Мындай аракеттер кылмыш катары эсептелиши мүмкүн же болбосо ат коюла турган инсан жөнүндөгү чечимдер жокко чыгарылып, анын кандидатурасы алынып салынат.
4. Көчөлөргө, ФАП, клуб, китепкана, көпүрө жана башка кичи обьектилерге ат коюу жөнүндөгү чечимдер жогорудагы критерийлердин негизинде айылдык кеңештердин сессияларында бекитилгенден кийин күчүнө кирет.
5. Муниципалдык менчикке таандык эмес обьектилерге даректерди ыйгаруу айылдык кеңештин токтомун бекитип берүү үчүн Аксы районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын кошмо жыйынынын кароосуна жиберилет.
6. Дыйкан чарбалардын, мектептердин, оорууканалардын жамааттарынын чечимдери ат коюуга кошумча иш кагаз катары кабыл алынат.
Кашка-Суу айылдык кеңешинин катчысы | А. Субанов |