Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-марты № 22-5
“Альфа Телеком” жабык акционердик коомуна базалык байланыш тγйγнγн курууга жер ажыратуу жөнγндө
“Альфа Телеком” жабык акционердик коомуна базалык байланыш тγйγнγ курууга жер ажыратуу макулдук сурап С. Айыл өкмөтγнө жазган арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 01.07.2013-жылдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтγнγн 23.09.2011-жылдагы № 571-токтомун жетекчиликке алып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтγнγн Көк тонли ата участкасындагы 25 м2 жер аянты базалык байланыш тγйγнγ куруп мөөнөттγγ пайдалануу γчγн “Альфа Телеком” жабык акционердик коомуна ижарага берγγгө макулдук берилсин.
2. “Альфа Телеком” жабык акционердик коомуна базалык байланыш тγйγнγ курууга жер ажыратуу маселеси С. Юсупова айыл Өкмөтγнγн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берγγнγн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча тγзγлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтγ тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда пайдаланууга берγγ жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жана айыл Өкмөтγнө жγктөлсγн.
Төрага | Б. Маннанов |