Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-январы № 4
Гавриловка жана Фрунзе айылдардын аталыштарына тарыхый аталыштардагы аттарын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19 –августундагы № 467 “Кыргыз Республикасынын администрациялык- аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык коммиссиянын ишмердиги жөнүндө” Жобого ылайык күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап айылдык кеңештин XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл аймагындагы Гавриловка жана Фрунзе айылдарына тарыхый аттары берилип мындан кийин Гавриловка айылы Орто-Сай айылы деп, ал эми Фрунзе айылы Жыгач-Коргон айылы деп аталсын.
2. Токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Токтосунов |