Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2014-жылдын 29-ноябры № 13/3
«Лейлек райондук Таза Суу» муниципалдык ишканасына Лейлек районунун Ак Суу айыл өкмөтүн уюштуруучу катары кирүүсүнө жана ушул ишканага өкүл көрсөтүүгө макулдук берүү жөнүндө
“Лейлек райондук Таза Суу “ муниципалдык ишканасына Лейлек районундагы Ак-Суу айыл өкмөтүн уюштуруучу катары кирүүсүнө жана ушул ишканага өкүл көрсөтүү жөнүндө Ак-Суу айыл окмотунун башчысы А. Халмуратовдун билдирүүсүн угуп айылдык кеңештин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт
Лейлек райондук мамлекеттик админстрациясынын катынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-сетябрындагы Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүүнүн 2014-2024-жылдарга карата мамлекеттик программасы жөнүндөгү № 548 токтомуна ылайык райондо таза суу боюнча “Лейлек райондук таза суу” муниципалдык ишканасын 2014-жылдын 1-декабрына чейин уюштуруу зарылчыгы бар.
Эл аралык донор уюмдардын колдоосу менен материалдык техникалык базасын чындоо үчүн тиешелүү документерди тез арада жиберүү керек.
Эгерде тиешелүү документтер өз мезгилинде барып түшсө жаныдан уюшулуп жаткан муниципалдык ишканага экскватор, авто машина, ширетүүчү апарат, автоген желим трубаларды кошуучу аппарат жана оргтехника алып берүү маселеси чечилет.
Райондо таза суу багытында иш жүргүзүү үчүн “Лейлек райондук Таза Суу “ муниципалдык ишканасына айыл өкмөтү уюштуруучу катары жана бир өкүлдү анын курамына көрсөтүүбүз зарыл.
Мен айыл өкмөт башчысы катары Ак-Суу айыл өкмөтүн уюштуруучу ошондой эле
“Ак Суу-Суу “ ишканасынын жетекчиси Абижалил Гафировту жогорудагы ишканага өкүл катары сунуштаар элем.
Жогорудагы сунушка депутаттар А. Туйчиев, А. Алиев,А. Абдазимовтор кошулушту
Жогорудагыларды белгилеп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы “Лейлек райондук Таза Суу” колдоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Лейлек районундагы Ак Суу айыл өкмөтүн “Лейлек райондук Таза Суу “ муниципалдык ишканасынын уюштуруучусу катары кирүүсүнө жана “ Ак Суу-Суу“ ишканасынын жетекчиси А. Гафировту “ Лейлек аймактык Таза Суу“ мниципалдык ишканасына АкСуу айыл өкмөтүнөн өкүл катары кирүүсүнө макулдугун берет
2.”Ак Суу айыл өкмөтү” жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын каттоо датасы 1997-жылдын 6-февралында № 66 ИУЖК коду 03502423 , ИСН 01005199610030, юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Лейлек району Ак-Суу айылы, “Лейлек райондук Таза Суу “ муниципалдык ишканасына Ак Суу айыл аймагынан Гафиров Абдижалил көрсөтүлсүн
Төрага | С. Асланкулов |