Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-марты № 1
Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXX чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Р. Дүйшөнкулованын маалыматын угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетинин көлөмү киреше, чыгашасы менен 5222,0 миң сом суммасында баланс менен бекитилсин.
Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн:
Теңдөөчү грант-1848,5 миң сом;
Иш берүү-р тараб. айлык акы-н кармалуучу киреше салыгы-1063,0 миң сом;
Чакан ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салык-10,0 миң сом;
Патенттик негизде алынуучу киреше салыгы-324,5 миң сом;
Кыймылсыз мүлктөн алынуучусалык -14,5 миң сом;
Транспорт ээлеринен алынуучу салык-300,0 миң сом;
Короо-жай жерсалыгы-232,2 миң сом;
Айыл чарба жер салыгы- 749,0 миң сом;
Айыл чарба багытындагы эме сжер салыгы -72,8 миң сом;
Сатуу даналынуучу салык-172,0 миң сом;
КБФ ижара аренда акысы-385,0 миң сом;
Юст.орг. тарабынан кармалуучу мамл. алым-40,0 миң сом;
Айыпакылар, санкциялар, конфискациялар-10,5 миң сом.
Чыгашалар бөлүгү 5222,0 миң сом өлчөмүндө төмөндөгү бөлүмдөр боюнча бекитилсин:
1.Башкаруу аппаратына- 2851,1 миң сом;
2.Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө -120,0 миң сом;
3.ЖКХ бөлүмүнө-580,0 миң сом;
4.Маданият бөлүмүнө-400,8 миң сом;
5.Билим берүү бөлүмүнө-1134,6 миң сом;
6.Социалдык коргоо бөлүмүнө -135,5 миң сом.
2. 2016-жылдын бюджетине белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жумшалсын (эмгек акы, соц.фонд ж.б.).
3. Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары бюджетте белгиленген суммадан ашык түшсө, ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жагы айылдык аймактык кеңештин сессиясына сунушталсын.
4.Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурда статьядан статьяга, кварталдан кварталга жылдыруулар айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде айыл өкмөтүнүн башчысынын токтому менен жүргүзүлсүн.
5.Бөлүмдөн бөлүмгө жылдыруу айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде, айылдык аймактын кеңештин сессиясынын токтомунун негизинде жүргүзүлүүсү сунушталсын.
6.2015-жылдын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан кирешенин эсебинен 2016-жылга 2,0 миң сом өлчөмүндө кассалык жүгүртмө каражаттык запас түзүлүп,жыл ичинде керектүү учурларда пайдаланып кайра орду толукталып,жылдын этегине чейин эсептик счетто сакталсын.
7. Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 16-январындагы № Б-2/V буйругуна ылайык, 2016-жылга белгиленген бюджеттин эсебинен 120,0 мин сом өзгөчө кырдаал үчүн кол тийбес резерв катары пландаштырылсын.
8.Ошондой эле «КРнын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын» 21-статьясынын негизинде 2016-жылдын бюджетинин чыгаша көлөмүнүн 1 %ынын эсебинен 50000 сом айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлүп,айыл өкмөт башчысынын тескөөсүнө берилсин.
9.2016-жылдын бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрүн Мыйзамдуулукта аткаруу, максатсыз жумшоолорго жол бербөө, казынадан сырткары чыгымдоолорго тыюу салуу милдеттери айыл өкмүтүнүн бөлүм башчысына (башкы бухгалтер С.Токторалиевага) тапшырылсын.
10.Бюджеттин киреше булактары болгон салык жана салык эмес төлөмдөрдү жыйноодо, өткөн жылдардан калган суммаларды (недоимкаларды) толук өндүрүүдө айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине катуу талап коюлсун, ошондой эле алардын ишине ар тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн.
11.Салык Кодексинин 197-статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү өлчөмдөгү салыктар алынсын.
Айыл чарба багытында эмес жер салыгын чегерүүнүн коэффициенти К 1=1,0 болуп белгиленсин.
12.Ал эми мектептердин жыл ичиндеги (текущий) ремонтуна каражаттар республикалык бюджеттен камсыз болуп жаткандыгы эске алынсын.
13.КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 токтомунун 1-пунктунда көрсөтүлгөндөй билим берүү уюмдарынын окуу жана тарбия иштерине байланыштуу чыгымдары билим берүү Министрлиги аркылуу каржыланары белгиленсин.
14.Жергиликтүү бюджетти колдоо ирээтинде республика тарабынан бөлүнгөн теңдештирүү гранттары коргоодогу статьялары (айлык акы,соц.фондго чегерүү ж.б.) жана коммуналдык чыгымдарды жабууга гана жумшалсын.
15.Жергиликтүү бюджеттин 2017-2018-жылдарга болжолу төмөндөгүдөй суммада белгиленсин:
а) 2016-жылга,бюджеттин көлөмү (киреше,чыгашасыменен) -5304,1 миң сом;
анын ичинен: жергиликтүү салыктардын чегерүүсү-3522,2 миң сом;
тендөөчү грант-1781,9 миң сом;
б) 2017-жылга, бюджеттин көлөмү (киреше,чыгашасы менен)-5480,7 миң сом;
анын ичинен: жергиликтүү салыктардын чегерүүсү-3732,2 миң сом;
тендөөчү грант-1748,5 миң сом.
16.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | А .Алымкулова |