Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 01-05/ 229
Шаар мэриянын алдындагы “Жер аянттарына укук берүү” комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы, Кочкор-Ата шаардык муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысынын шаар мэриянын алдындагы “Жер аянттарына укук берүү” комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү Жобого ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысынын сунушу эске алынсын.
2. Шаар мэриянын алдындагы “Жер аянттарына укук берүү” комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизилсин.
3. “Жер аянттарына укук берүү” комиссиясы 11 (он бир) мүчөдөн турган төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:
1) Немат уулу Жайнак-шаардын вице-мэри;
2) Осмонова Гүлбарчын Искандаровна – муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы;
3) Осоров Чолпонбай Абдирахманович - ММБДнын жер маселелерин тейлөө боюнча жетектөөчү адиси;
4) Жолдошов Мирлан Ибрагимжанович- шаар мэриясынын жер ,турак-жай , коммуналдык кызмат жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адиси;
5) Орозов Дурусбек Ысакович - Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо Башкармалыгынын адиси;
6) Тагаев Залым Кушбакович - Газ сатуу бөлүмүнүн жетекчиси;
7) Садыков Таирбек Бердибекович – Ноокен электр тармактар ишканасынын Кочкор-Ата бөлүмүнүн башчысы;
8) Маматов Асылбек – Суу чарба Башкармасынын башчысы;
9) Мусабекова Калдаркан Мусабековна - Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты;
10) Мадылова Ханикей Чуроковна - Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты;
11) Айдаров Акылбек Төрөжанович - Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын
Төраганын орун басары | А. Нусупбеков |