Загрузка документа…
ЧОӉ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-марты № 3
Дароот-Коргон айылы Коомдук алдын алуу борборунун типтүү жобосун бекитүү жөнүндө
Чоӊ-Алай айыл ө кмө түнүн башчысы Абдылдаев Касымбек Дыкановичтин жана коомдук алдын алуу борборунун тө рагасы П. Асаналиевдин коомдук алдын алуу борборунун типтүү жобосун бекиттирүү жөнүндө сунуштарын депутаттар карап чыгып талкуулап Чоӊ-Алай айылдык кеӊешинин 5-чакырылышынын депутаттары кезектеги 1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоӊ-Алай айыл өкмөтүндө гү коомдук алдын алуу борборунун типтүү жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Коомдук алдын алуу борборунун ишин жандандырып, толук кандуу иш алып бару жагы Чоӊ-Алай айыл өкмө түнүн башчысынын орун басары, коомдук алдын алуу борборунун төрагасы П. Асаналиевке милдеттендирилсин. (Тиркеме тиркелет коомдук кабыл алуу борборунун типтүү жобосу)
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Д. Молдоболотов |
Тиркеме
Чоӊ-Алай айылдык аймактык
кеӊешинин 2016-жылдын 10-мартындагы
№ 3-токтому менен бекитилди
Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставы
Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставы
1 Жалпы жоболор
1. Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары-КААБ) – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары-ЖӨБО) тарабынан көрсөтүлгөн административдик аймактык бирдиктердин жана алардын курамына кирген айрым участоктордун, калктуу конуштардын тиешелүү аймактарында укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргүзүүгө ЖӨБО жарандардын биргеликте катышуусу максатында тиешелүү административдик аймакта түзүлүүчү коммерциялык эмес уюм.
2. Коммерциялык эмес уюмдун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде «Чон-алай айыл өкмөтүнүн» коомдук алдын алуу борбору «коомдук бирикмеси»;
-расмий тилде: «Обшественное обьединение» «Обшественно-профилактический центр» Чон-Алайского айыл өкмөтү
-Коммерциялык эмес уюмдун кыскартылган аталышы:
-мамлекеттик тилде «КААБ» КБ»
-расмий тилде: «ОО «ОПЦ»
3. КАБ өз ишин «Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын
алуу
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Уставга ылайык ишке ашырат.
4. КААБдын иши мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, инсанды урматтоо мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк менен өз ара аракеттенүү принциптеринде уюштурулат.
5. КААБ өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик тилде расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү жана штампы бар.
6. Коммерциялык эмес уюмдун юридикалык дареги Ош облусу, Чон-Алай району, Чон-Алай айыл аймагы, Дароот-Коргон айылы.
7. КААБдын туруктуу иш алып баруучу органынын Кеӊешинин юридикалык дареги Ош облусу, Чон-Алай району, Чон-Алай айыл аймагы, Дароот-Коргон айылы
2. КААБдын максаттары жана милдеттери
8. КААБдын максаты ЖӨБОнун, жергиликтүү коомдоштуктун, жарандык коомдун, шаардын, айылдын тиешелүү аймагында жайгашкан менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана мекемелердин күч аракеттерин мыйзам бузуулардын алдын алууга, аныктоого, бөгөт коюуга, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү жагдайларды жоюу, жарандардын тартибин жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө бириктирүү.
9. КААБдын ишинин артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр кирет
- жалпы алдын алууну камсыз кылуу (социалдык,экономикалык, саясий, укуктук жана башка кылмыштуулукка каршы факторлорду акитивдүү пайдаланууда мыйзам бузууларга жол бербөө):
- жекече алдын алуу (мыйзам бузууларга бара турган адамдарды аныктоо жана коомго каршы көз караштарды жана көрсөтмөлөрдү жеӊүү):
- түздөн түз алдын алуу (конкреттүү адамдын мыйзамга каршы мамилесинин фактыларына жол бербөө) :
- эрте алдын алуу (балдар жана өспүрүмдөр тарабынан мыйзамга каршы аракеттердин жасалышына жол бербөө):
10.КААБдын милдеттери өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- мыйзам бузууларды жана коомго каршы аракеттерди алдын алуу, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу жолу менен жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамга каршы аракеттерден коргонууну камсыз кылуу:
- мыйзамга каршы жүрүм-турумдагы адамдарга карата жекече алдын алуу аракеттерин көрүү:
-мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган алдын алуучу чараларды көрүү:
-мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштуруу:
- укуктук билимдерди пропагандалоо:
- жашы жете электердин көзөмөлсүз калуусун алдын алуу боюнча иш-чараларга катышуу:
- тиешелүү шаардын, айылдык аймактын жана тиешелүү шаардын, айыл аймагынын курамдарына кирүүчү айрым участоктордун, калктуу конуштардын аймактарында мыйзам бузуулардын абалына жана динамикасына мониторинг жүргүзүү:
- мыйзам бузуулардын алдын алууга тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоого, тийиштүү сунуштарды даярдоого катышуу:
- мыйзам бузуулардын алдын алуу системасын өнүктүрүү боюнча сунуштарды, сунуштамаларды даярдоо, аларга жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн катышуусун активдештирүү:
- өз жыйындарында коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү, мыйзам бузуулардын себептерин жана шарттарын жоюу (нейтралдаштыруу) , жарандардын мыйзамга баш ийүүсүнө дем берүү маселелерин кароо жана бул багыттар боюнча мамлекеттик органдар үчүн конкреттүү сунуштамаларды иштеп чыгуу.
11. КААБдын ишин тейлеген аймагында кылмыштуулуктун жана мыйзам бузуулардын абалын талдоонун негизинде иштелип чыккан алдын алуу иш-чараларынын планына ылайык ишке ашырылат.
3. КААБдын укуктары жана милдеттери
12. КААБ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн иши жөнүндө маалыматтарды эркин жайылтууга:
-мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана коомдук бирикмелерде өз укугун, КААБдын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жана билдирүүгө:
- өзүнүн уставдык максаттарын ишке ашырууга тиешеси бар маселелер боюнча демилге менен чыгууга, мамлекеттик бийлик органдарына жана ЖӨБОлорго сунуштарды киргизүүгө:
- мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден жана кызмат адамдарынан зарыл болгон маалыматты жана материалдарды белгиленген тартипте суроого:
- өз жыйындарына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын жана мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдарын коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн чакырууга:
- зарыл болгон учурда өз өкүлдөрүн мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн жыйындарга, конференцияларга, семинарларга КААБдын компетенциясына кирген маселелер боюнча катышууга жиберүүгө:
- тейлеген аймагында жайгашкан ишканалардын , мекемелердин, коммерциялык түзүмдөрдүн жетекчилери менен укуктук тартипти чыӊдоо маселелери боюнча кызматташууга:
-мамлекеттик жапа чеккен уюмдар, жеке жактар менен келишимдин мамилелерди түзүүгө, КААБдын ишинин максаттарына шайкеш келген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-аракеттерди жасоого :
-жалпы максаттарга жжетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында ассосацияларды жана бирикмелерди түзүүгө, ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга, гранттарды жана башка трансферттерди, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдардан жана мекемелерден алуу максатында укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча программалардын ар түрдүү долбоорлорун иштеп чыгууга.
13. КААБ төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, өз ишинин чөйрөсүнө тиешеси бар эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле уставда жана башка уюмдаштыруучу документтерде каралган ченемдерди сактоого;
-дайыма, жылына бирден кем эмес жолу жергиликтүү коомдоштуктун, жергиликтүү кеӊештин жана тиешелүү деӊгээлдеги укук коргоо органдарынын координациялык кеӊешмесинин алдында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча өз иши жөнүндө отчет берүүгө;
-мыйзам бузу фактылары жөнүндө ички иштер органдарына (мындан ары-ИИО) маалымдоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүүгө:
- коомдук бирикмелерди каттаган органдын суроо талабы боюнча КАБдын жетектөөчү органдарынын жана кызмат адамдарынын чечимдери менен документтерди берүүгө;
- тиешелүү мамлекеттик органдарга ченемдик укуктук актыларда белгиленген мөөнөттө жана тартипте тийиштүү маалыматтарды жана отчетторду өз убагында берүүгө;
- жалпыга маалымат каражаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын сайты аркылуу коомчулукка КАБдын иши жөнүндө мезгил мезгили менен маалымдап турууга;
-КАБдын кадыр-баркы имиджи жөнүндө кам көрүүгө, анын идеяларын пропогандалоого.
4. КААБдын мүчөлөрүнүнү укуктары жана милдеттери
14. КААБга мүчөлүк ыктыярдуу негизде, жеке жана (же) жамааттык тартипте, жеке жана же жамааттык кайрылуунун негизинде ишке ашырылат.
15. Ошол шаарда, айылдык аймакта туруктуу жашаган же иштеген 18 жашка толгон, иш-аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары ИИОнун кызматкерлери, ИИОнун жана эмгектин ардагерлери, аксакалдар сотторунун, аялдар жана жаштар кеӊешинин, комерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилери, айылдык, шаардык кеӊештердин депутаттары, кварталдык, турак жай комитеттеринин, кондоминиумдардын төрагалары жана өзүнүн моралдык-иштиктүү сапаттары боюнча коомдук тартипти коргоо милдеттерин ийгиликтүү аткарууга жөндөмдүү жарандар КААБдын мүчөлөрү боло алышат.
16. КААБдын мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болушат. Алардын кол тийбестиги, ар намысы жана кадыр-баркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте корголот.
17. КААБдын мүчөлөрү бирдей укукка ээ болушат жана бирдей милдеттерди аткарышат.
18.КААБдын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- жалпы чогулуштарга катышууга;
- КААБдын жетектөөчү жана контролдоочу-ревизиялык органдарына шайлоого жана шайланууга;
- КААБга анын иши менен байланышкан маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
-КААБдын пландалган иш-чаралары жөнүндө маалымат алууга
- КААБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга катышууга
19. КААБдын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү
-КААБдын Уставын сактоого;
- КААБдын ишине катышууга
- КААБдын жетектөөчү органдарынын чечимдерин аткарууга;
-КААБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга, жалпы чогулуштарга катышууга.
20. КААБга мүчөлүк төмөнкү учурларда токтотулат
-жеке арызынын негизинде
-КААБдын жетектөөчү органынын чечиминин негизинде КАБдын мүчөлүгүнөн чыгаруу;
-КААБдын мүчөсү каза болгондо;
-КААБдын мүчөсү ден-соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин аткарууга жөндөмсүз болгондо;
-КААБдын мүчөсү ишке жөндөмсүз деп таанылган учурда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
21. КААБдан чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт.
-ушул Уставдын талаптарын бузганда;
-жарандардын ар-намысына жана кадыр баркына шек келтирүүчү жосундарды жасаганда;
-КААБдын ишине үч жолудан ашык катышуудан баш тартканда.
5. КААБдын жетектөөчү органдары жана алар тарабынан каралуучу маселелер
22. КААБдын жогорку органы болуп жалпы чогулуш эсептелинет;
23. Жалпы чогулушка эгерде, чечим кабыл алууга анын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмеси, ал эми коомдук бирикмесинин 100 дөн ашуун болгон учурда -25 мүчөсүнөн кем эмеси катышса кворумга ээ болот.
24. Жалпы чогулуштун өзгөчө компетенциясын төмөнкү маселелр түзөт;
-Уставка өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
-КААБдын ишин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, анын мүлкүн пайдалануу тартиби;
-коомдук бирикмесинин мүчөлөрүн кабыл алуу же андан чыгаруу (эгерде уставда башкача белгиленбесе)
-башкаруу органдарын түзүү тартиби;
-иши жөнүндө жылдык отчету жана жылдык балансты бекитүү;
-башка юридикалык жактардын ишине катышу;
-кайра уюштуруу жана жоюу;
-башка маселелер
25. КААБдын жалпы чогулуштун жыйындарын өткөрүү жана мүчөлөрдү кат жүзүндө сурамжылоо менен чечим чыгарышы мүмкүн
26. КААБдын жалпы чогулушу зарылдыкка жараша, бирок жылына бирден кем эмес чогулат.
27. КААБдын туруктуу иш алып баруучу органы болуп КААБдын Кеӊеши (мындан ары-Кеӊеш) саналат, ал КААБдын жалпы чогулушуна жана ЖӨБОго отчет берип турат.
28. Кеӊештин курамы ЖӨБдун аткаруучу органынын сунушу боюнча жергиликтүү кеӊештин чечими менен 2 жылдык мөөнөткө бекитилет;
29. Кеӊештин курамына уюмдардын, мекемелердин, окуу жайларынын жетекчилери, жергиликтүү кеӊештердин депутаттары, ЖӨБдүн аткаруучу органынын жооптуу кызматкери, кондоминиумдардын, балдар иштери боюнча комиссиялардын өкүлдөрү, ИИОнун жана башка укук коргоо органдарынын, коомдук бирикмелердин, жергиликтүү коомдоштуктун, КААБдын мүчөлөрү болуп саналган жарандык коомдун өкүлдөрү кире алышат;
30. Кеӊештин чечими Кеӊештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат;
31. Кеӊештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет;
-төраганы,анын орун басарын жана жооптуу катчыны шайлоо;
- мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштердин программаларын бекитүү жана ишке ашыруу;
-Кеӊештин пландарын жана иш-чараларын бекитүү;
-ЖӨБОнун жана КААБдын жалпы чогулуштун чечими менен аныкталган милдеттерди ишке ашыруу;
-КАБдын мүчөлүгүнө кабыл алуу жана КААБдын мүчөлүгүнөн чыгаруу;
-мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелерин жана башка социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө активдүү катышкан жарандарды, коомчулукту сыйлоо жөнүндө өтүнүч каттарын киргизүү;
-Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ЖӨБОнун локалдык актылары киргизилген, ушул Уставка каршы келбеген башка маселелер.
32. Кеӊеш коомдук башталышта иш алып барат.Кеӊешке Кеӊештин төрагасы, ал эми ал жок учурда Кеӊештин төрагасынын орун басары жетекчилик кылат;
33. КААБдын Кеӊештин төрагасынын компетенциясына төмөнкү маселелер кирет;
-КААБдын жалпы чогулушунун чечимдеринин аткарылышынын контролдоону уюштуруу;
-бардык мамлекеттик, жеке коомдук уюмдарда жана бирикмелерде КААБдын атынан ишеним катсыз чыгуу;
-келишимдерди, макулдашууларды түзүү жана аларды бузу;
-банктарда эсептерди ачуу жана КААБдын каражаттарын тескөө
- КААБдын жалпы чогулушунун, Кеӊештин өзгөчө компетенциясына кирбеген башка ыйгарым укуктар.
34. Кеӊештин ишин уюштуруучулук камсыздоону Кеӊештин жооптуу катчысы ишке ашырат.
35. Кеӊештин чечими менен анын ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча Кеӊештин жыйындарына материалдарды жана сунуштарды даярдоо, башка маселелерди чечүү үчүн туруктуу жана убактылуу жумушчу топтор жана секциялар түзүлүшү мүмкүн, алардын иштерине Кеӊештин мүчөлөрү жетекчилик кылышат:
36. Кеӊештин жыйыны кварталда бирден кем эмес жолу өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда Кеӊештин кезексиз жыйындары өткөрүлүшү мүмкүн.
37. Кеӊештин жыйынын Кеӊештин Кеӊештин төрагасы, ал эми ал жок учурда Кеӊештин төрагасынын орун басары алып барат.
38. Кеӊештин жыйыны эгерде, ага Кеӊештин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса укуктуу деп саналат.
39. Кеӊештин чечими жыйынга катышкан Кеӊештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Кеӊештин төрагасы же болбосо жыйынга төрагалык кылган адам көл коет.
40. Кеӊештин чечими сунуштама мүнөзүнө ээ.Кеӊештин кабыл алынган чечимдери, сунуштары, сунуштамалары жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттары, коммунатиктивдүү байланыш аркылуу бийлик органдарына, коомчулука жеткирилет.
6. КААБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
41. КААБды кайра уюштуруу жана жоюу,ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү КАБдын жалпы чогулушунун чечими же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жана тартипте соттун чечими менен ишке ашырылат.
42. КААБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим жалпы чогулушка катышкан КААБдын мүчөлөрүнүн 2-3 төн кем эмес добушу менен кабыл алынат.
43. КААБдын Уставындагы бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого тийиш жана ошол катталган учурдан тартып юридикалык күчкө ээ болот.
44. Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуулар киргизилген учурдан тартып КААБ өз ишин токтотту деп саналат.
7. Мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик.
45. Мыйзамдарды бузган учурда КААБ жана анын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
8. Ревизиялык контролдоочу органы
46. КААБдын финансылык жана чарбалык ишин КАБдын жалпы чогулушу менен 2 жылдын мөөнөткө шайлануучу Ревизиялык комиссия (Ревизор) контролдойт.
47. КААБдын жетектөөчү жана аткаруучу органдарында кандайдыр бир кызмат ордун ээлеген адамдар Ревизиялык комиссиянын (Ревизор) мүчөсү боло алышпайт.
48. Ревизиялык комиссия (Ревизор) жалпы чогулушка отчет берет;
49. КААБдын бардык кызмат адамдары Ревизиялык комиссиянын (Ревизор) өз функцияларын аткаруусуна көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
9. КААБдын финансылык, чарбалык иши жана мүлкү
50. КААБдын иши төмөнкү булактардан каржыланат;
-жергиликтүү башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү бюджеттен;
-юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн
-гранттар жана башка бекер жана кайтарымсыз жардамдардан;
-кандай формада болбосун кайтарылуучу төлөнүүчү карыз алууларды тартуудан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан.
51. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук тартипти коргоого, анын ичинде мыйзам бузууларды алдын алууга көмөк көрсөтүүнүн айрым маселелерин аткарууну, ошол эле учурда бериллүүчү ыйгарым укуктарды финансылык камсыздоо каражаттарын же булактарын аныктоо жана өткөрүп берүү менен КААБга өткөрүп берүүгө укуктуу.
52. Мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү, аларды финансылык камсыздоону аныктоо жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеӊеш менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан кабыл алынат.
53. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде КААБды материалдык жана моралдык колдоо чараларын көрө алышат.
54. КААБга берилген материалдык жана моралдык эмес активдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте КААБдын ыкчам башкаруусуна өткөрүлүп бериллүүгө тийиш.