Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-апрели № 16
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү Муниципалдык кызматтардын базалык реестрди бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 6 токтомуна таянып айыл өкмөт кызматкерлери реестирдин негизинде кызмат көрсөтүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 6 токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын базалык реестри бекитилсин.
2. Муниципалдык кызматкерлер базалык реестрдин негизинде кызмат көрсөтүүсүнө көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчы С. Убаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Камиловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Каламбеков |